WeChat      Избранное

Кыргызстанда 21-август күнүнө карата коронавирус жуккан жаңы 196 учур (пневмонияны эске алганда) катталды

21/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстанда 21-август күнүнө карата коронавирус жуккан жаңы 196 учур (пневмонияны эске алганда) катталды

ФотоWWW

Кыргызстанда 21-август күнүнө карата коронавирус жуккан жаңы 196 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 83 адамда коронавирус аныкталса, 113 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, учурда жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 42 миң 703 адамга жетти.

Ал эми, 345 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Алар Бишкек шаарында 96, Ош шаарында – 43, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 35, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 59, Баткен облусунда 34 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкек шаарында бир, Ош шаарында 3, Ош облусунда бир, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 5, Нарын облусунда бир медик ооруп калды.

Азыркы тапта, Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 35 миң 831ге жетти.

Ал эми, учурда ооруканаларда 1 миң 230 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Үй шартында болсо 4 миң 474 адам дарыланып жатат.

Тилекке каршы, акыркы суткада Бишкек шаарында бир жаран коронавирустан каза болду. Бул дарттан жалпы 1 миң 55 адам каза болду.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)