WeChat      Избранное

Дагы 13 адам – жалпы 843 – Бишкекте бир бейтап кайтыш болду

05/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Дагы 13 адам – жалпы 843 – Бишкекте бир бейтап кайтыш болду

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 5-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 843 адамга жетти. Алардын ичинен 600 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Бүгүн коронавирус менен тастыкталган 13 жаңы учур Бишкек шаарынан 8, Нарын облусунан 5 адамдан аныкталды.

Учурда, Кыргызстанда бул илдеттен 25 бейтап айыкты. Алар Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 3 , Ош шаарында 18, Нарын облусунда 2 адам ооруканадан үйүнө чыгарылды. 

Өлкөдө сутка ичинде Нарын облусунан 1 медкызматкерде коронавирус аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 217 учур катталды, алардын ичинен 150 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Тилекке каршы, өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1 бейтап каза болду. Анда, пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу. 

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду. 

Учурда, коронавирус жуктурган 232 адам бейтапканаларда дарыланууда. 8 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 53 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 171 бейтаптын абалы канааттандырарлык” – деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, министрдин орун басары жарандарыбызды көчөгө зарыл жумушу жок чыгууну токтотууну өтүндү. Анын айтымында, учурда эч кандай максаты жок эле сыртта жүргөндөр көп болууда. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)