WeChat      Избранное

Быйыл Кыргызстанда мектептер жана ЖОЖдор окуу жылын дистанттык түрдө аяктайт

30/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Быйыл Кыргызстанда мектептер жана ЖОЖдор окуу жылын дистанттык түрдө аяктайт

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда быйыл мектеп жана жогорку окуу жайларда окуу жылы дистанттык түрдө аяктай турган болду . Бул тууралуу республикалык штабдын пресс-борборунда   Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, министрлик карантиндин узартылгандыгына байланыштуу жана окуу жылдын аяктап калгандыгынан улам мындай кадамдарга барып жатат.

Каныбек Исаков: “Ал эми, 9 жана 11-класстын бүтүрүү экзамендерин дистанттык түрдө өткөрүү боюнча түрдүү сценарийлерди түзүп жатабыз. ЖОЖ жана атайын окуу жайларында да окуу процесси дистанттык негизде улантылат. Жайкы мезгилдеги окуу да дистанттык түрдө өтөт. Бүтүрүүчү курстар боюнча ар бир университет өзүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша мамлекеттик экзамендерди өз убагында, онлайн түрүндө өткөрүүгө аракеттерди кылып жатат.

Биз учурда, 9-класстарга өз убагында күбөлүктөрдү берүү, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарын тапшыруу жана ЖОЖдун студенттерине өз убагында дипломду берүү боюнча атайын график түзүп, иштеп жатабыз. 

Муну менен эле катар, биз 4-майдан 15-майга чейин жалпы республикалык тестирлөөгө каттоону улантууну көздөп жатабыз. Каттоо негизинен бүтүп калган. Бирок кандайдыр бир себептер менен каттала албаган балдарга 15-майга чейин катталууга мүмкүнчүлүк берүү чечимин кабыл алдык. 

Мектепте бүтүрүүчү сынактар аяктагандан кийин 21-22-июнь күнү жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрөбүз. Тестирлөөнү реалдуу режимде тапшырыш керек болуп жатат. Ал мезгилге чейин абал жакшырат деп ойлойбуз. Жалпы республикалык тестирлөө өтө турган жерлерде дезинфекциялоо иштерин, беткаптарды, антисептик каражаттарын камдап жана окуучулар ортосундагы аралыктын сакталышын уюштуруу керек. Ал боюнча атайын нускамаларды түзүүдөбүз", - деди ал.

Анын айтымында, 13-июль күнү тестирлөөнүн жыйынтыктары чыгат.

“13-19-июлга чейин сертификаттар абитуриенттердин колуна тийет. Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталат. Ал эми экинчи тур 27-июлда, үчүнчү тур 3-августта башталат”, - деди министр.

Муну менен катар, министр бала бакчаларды ачуу боюнча дагы көп суроолор болуп жаткандыгын билдирди. 

Ал: “Биз бул боюнча ыкчам иштеп жатабыз. Өлкөдө киргизилген режимдер толук алынып, эпидемиологиялык абал жакшырганда бала бакчаларды ачуу мөөнөтүн карайбыз. Албетте, бул 1-июлдан кийин болот деп ойлойм. Эгерде буга чейин ачууга мүмкүнчүлүк болуп кала турган болсо, анда биз өтө зарыл болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан атайын группаларды түзүү боюнча мүмкүнчүлүтөрдү карап, республикадагы бардык шарттын, абалдын мүмкүнчүлүгүнө жараша бул маселе чечилет ”,- деп маалымат берди. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)