1-майга карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 10 жаӊы учуру катталды - жалпы 756
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 1-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 10 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 756 адамга жетти.
Айнура Акматова: "Жаңы катталган 10 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 5, Ош облусунда - 3, Баткен облусунда - 1 жана Нарын облусунда 1 учур катталды.
Коронавирустан 42 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 8, Нарын облусу – 11, Жалал-Абад облусу -3, Ош облусу – 9, Ысык-Көл облусу -1, Ош шаарында - 10 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 504кө жетти.
Бүгүнкү күндө, коронавирус жуктурган 244 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул илдетти жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 41 бейтаптын абалы орточо оор. 192 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Кыргызстанда сутка ичинде 3 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда бир медкызматкер илдетке кабылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 198 учур катталды, алардын ичинен 114 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 53 миң 140ты түздү. Алардын ичинен 52 миң 748ине изилдөө жүргүзүлдү” – деп маалымат берди.
Учурда, Кыргызстанда 1-майга карата обсервацияда 874 адам жатат. Коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 3 миң 139 адамга жетти.
последние
Рекомендация
- 128-апрелге карата республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 72 жаран кармалды
- 2Нынешняя эпидемия изменит экономическую пирамиду как внутри страны, так и во всем мире.
- 3Кыргызстанда ӨА жана ӨК режимдери 10-майга чейин узартылды
- 4Изменится ли ЕАЭС после пандемии?
- 5Государственная регистрационная служба предлагает продлить сроки действия паспортов граждан КР и регистрации иностранных лиц и лиц без гражданства