WeChat      Избранное

29-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 21 жаӊы учуру катталды - жалпы 729

29/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

29-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 21 жаӊы учуру катталды - жалпы 729

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 29-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 21 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 729 адамга жетти.

Айнура Акматова: "Жаңы катталган 21 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 13, Ош облусунда - 1, Нарын облусунда - 6 жана Баткен облусунда 1 учур бар. 

Коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 9, Нарын облусу – 5, Жалал-Абад облусу - 3, Ош облусу – 1, Ош шаарында - 3 бейтап. Учурда, бул дарттан айыккандардын саны 437ге жетти. Ооруканадан чыгарылгандардын бардыгынын анализдери терс болуп чыкты. 

Азыркы тапта, 284 адам бейтапканаларда дарыланууда. 10 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 52 бейтаптын абалы орточо оор. 222 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда 3 жана Ош облусунда 1 медкызматкер коронавирус жуктурган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 191 учур катталды”, - деп маалымат берди. 

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 009 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1000 адам жатат. 

5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 50 775. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жалпы саны – 50 775. Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 1 795.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)