WeChat      Избранное

18-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 78 жаӊы учуру катталды – жалпы 1216

18/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

18-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 78 жаӊы учуру катталды – жалпы 1216

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 18-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 78 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 216 бейтап болду. Анын ичинен 827 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы учурлардын ичинен Бишкек шаарында - 3, Чүй облусунда - 3, Нарын облусунда - 14, Ош шаарында - 5, Ош облусунда - 6 жана Жалал-Абад облусунда - 1 учур бар. Андан тышкары, Санк-Петербург шаарынан келген мекендештер учурда обсервацияда турушкан, алардын арасынан да коронавирус жуккан 3 учур катталды. Ошондой эле Соль-Илецк шаарынан келгендер арасынан да 43 жаңы учур аныкталды. 

Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан – 20, Жалал-Абад облусунан – 3 адам.

Бир сутка ичинде коронавирусту 4 медкызматкер жуктуруп алды, 8и сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 255 учур катталган, алардын ичинен 212 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 375 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын 161и Бишкекте жайгаштырылса, Ош шаарында– 11, Ош облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 32, Нарын облусунда – 82, Чүй облусунда – 54, Ысык-Көл облусунда – 3 жана Баткен облусунда 10 адам ооруканада дарыланып жатат”, - деп маалымат берди. 

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6050 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2236 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)