WeChat      Избранное

Коронавирус жуктуруп алган борбор калаадагы гипермаркеттин бир кызматкери 48 адам менен байланышта болгон

16/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Коронавирус жуктуруп алган борбор калаадагы гипермаркеттин бир кызматкери 48 адам менен байланышта болгон

Сүрөт интернеттен алынды

“Коронавирус жуктуруп алган борбор калаадагы гипермаркеттин бир кызматкери 48 адам менен байланышта болгон. Ошондуктан шаар тургундарын көп адам чогулган жайларга барбоого жана өтө зарыл болгон учурда гана үйдөн чыгууга чакырам”, - деп республикалык штабдын пресс-борборунда Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди. 

Анын айтымында, борбор калаада бүгүнкү күнгө карата ооруну жуктуруп алгандардын саны – 305 адам жана алар менен байланышта болгон жарандардын саны – 648. 

Татьяна Кузнецова: “16-майга карата 400 короо изилденип, 916 адам коронавируска экспресс-тестирлөөдөн өттү, баарында жыйынтыктар терс болуп чыкты. 113 дарек боюнча тургундар анализ тапшыруудан баш тарткан, ал эми 99 батирде жана турак үйдө эч ким эшигин ачпай, жабык болгон.

Учурда, үй карантининен 5504 адам чыкты, медициналык көзөмөлдө 765 адам калууда. Шаар боюнча 20 мобилдик бригада иштеп жатат, алар 10 миӊ чыгууну ишке ашырып, 7 700 ПЧР анализин алышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыктары, санитардык-экологиялык инспекция, "Бишкек жашылдандыруу", "Тазалык", "Бишкексууканал" ишканалары тарабынан жолдорду, обсервациялардын аймактарын, имараттарды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Дезинфекциялоо иштери түнкү маал жасалууда: 22:00дөн 03:00гө чейин. Мындан улам шаар тургандарын жана конокторун бул убакта зарылчылык болбосо сыртка чыкпоого чакырабыз. 

Бишкек шаарындагы бардык поликлиникалар кадимки тартипте иштеп жатат. Кабыл алуу санитардык-карантиндик эрежелерге ылайык жүргүзүлүүдө. Шаардын стационарлары шашылыш түрдө кайрылгандарды кабыл алууда. 8-майдан тарта №6 шаардык клиникалык оорукана карантиндик тартипте иштеп жатат. Оорукана курч пневмониясы, өпкөсүнүн өнөкөт оорулары бар бейтаптарды кабыл алууда”, - деп маалымат берди. 

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)