WeChat      Избранное

Республиканын айрым аймактарына карантин режими киргизилет

10/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Республиканын айрым аймактарына карантин режими киргизилет

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек, Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин режими киргизилет.  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

«Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00до аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. 

Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет. 

Коронавирус пандемиясынын дүйнөгө жайылышына байланыштуу түзүлгөн абал ар бир жарандан өзүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө өзгөчө жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо  боюнча эрежелерди так аткаруунун негизинде гана бул инфекциясын жеңебиз», - деди Премьер-министр. 

Министрлер кабинетинин башчысы жакында «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. 

Мыйзамга ылайык, эпидемияга каршы атайын комиссиялардын сунушу менен карантинди киргизүү же алып таштоо боюнча чечимди Өкмөт, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик райондук администрациялардын башчылары, мэрлер, жеке менчик түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кабыл алууга укуктуу болуп саналышат. Бул багытта Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына жогорудагы атайын комиссиялардын ишин активдештирүүнү тапшырды. 

Мындан тышкары Өкмөттүн токтому менен карантиндик чараларды киргизүү жана аны ишке ашыруу тартиби бекитилди. Документке ылайык, эпидемиялык очок толук курчоого алынып, посттор орнотулат жана кайгуул кызматтары иштейт. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)