WeChat      Избранное

13-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 7 жаӊы учуру катталды – жалпы 1044

13/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

13-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 7 жаӊы учуру катталды – жалпы 1044

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 13-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 7 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 44 адамга жетти. Анын ичинен 726 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Нурболот Үсөнбаев: “Бир сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 421 лабораториялык анализ жүргүзүлүп, анын ичинен 7 адамдан коронавирус аныкталды. Ош облусунда - 1, Нарын облусунда - 1 жана Чүй облусунда - 5 учур бар. 

Кыргызстанда дагы 17 бейтап коронавирустан айыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарынан 10, Баткен облусунан 4, Нарын облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Өлкөдө коронавирус жуктурган 306 адам бейтапканаларда дарыланууда. Анын ичинен 6 адамдын абалы оор, төртөө реанимацияда жатат. 70 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 230 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, бүгүн, 13-майга карата медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталбагандыгы айтылды. 3 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылгандыгы белгилүү болду. 

Учурда, Кыргызстанда жалпы 241 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Анын ичинен 189 кызматкер айыгып, чыгарылган. 

Бүгүнкү күнү, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 613 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1555 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)