WeChat      Избранное

Нурислам Абдырасулов: “Ушундай кырдаалда өз өлкөбүзгө колдон келген жардамды берүү атуулдук парзыбыз”

18/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Нурислам Абдырасулов: “Ушундай кырдаалда өз өлкөбүзгө колдон келген жардамды берүү атуулдук парзыбыз”

Сүрөттөр интернеттен алынды

Коронавирус илдети бүтүндөй дүйнөнү сестентип, ойго салып турган кези. Кыргызстан дагы алардын катарында. Мына, ушундай кырдаалда өз өлкөсүнө колдоо көрсөтүп, жардамын берип жаткан жарандарыбыз аз эмес. Алардын арасында Нурислам Абдырасулов дагы бар. 

COVID-19 вирусу тарап, жайыла баштаган кезде Нурислам Кытайдын бет кап өндүрүүчү заводуна жумушка орношкон. Кесиптештери менен биргеликте жардамга муктаж өлкөлөргө колдоо көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Нурислам Tarzannia.com компаниясы жана чогуу иштеген Павел, Бен, Нургазы, Фей жана Субин аттуу кесиптештери менен биргеликте КУУнун кызматкерлерине, студенттерине, о.э. милиция кызматкерлери менен дарыгерлерге 300 таңгак (комплект) бет кап жөнөтүшкөн. Муну менен катар эле, бул жардам Нарын жана Жалал-Абаддын ооруканаларына дагы өткөрүлүп берилген.

-Нурислам, алгач өзүңдү кыскача тааныштыра кетсең? 

-Саламатсызбы, алгач сиздерге интервью үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Өзүм жөнүндө кыскача айта кетсем, Нарын шаарынан болом. Ал жакта биринчи жолу мектеп босогосун аттагам, кийин Бишкекке көчүп келип, ушул жерден орто мектепти аяктадым. Үй- бүлөдө үч бир туугандын улуусу болом. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-кытай факультетинде билим алгам. Азыркы тапта, Кытайдын Гуанчжоу шаарында магистратура даражасында окуп жатам. 

-Гуанчжоуга кандайча барып калдың, канча убакыттан бери ал жакта окуп жатасың?

-Гуанчжоуго эң алгачкы жолу атамдын сунушу менен тогузунчу классты аяктаганда кытай тил курсуна келип, окуп кеткем. Андан соң, жогоруда айткандай КУУда билим алдым. Студенттик жашоом абдан кызыктуу өттү. Университетте ар кандай сынактар, иш-чаралар байма-бай болуп тураар эле. Аларга активдүү катышканга аракет кылчубуз. Ошол кезде өнүгүүгө көптөгөн жолдор, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыла баштады. Жакшы досторду күттүм, мугалимдер да ар дайым колдоп, жол көрсөтүп турушаар эле. Мына,  ошонун арты менен, окутуучуларымдын талыкпай берген билими, жакындарымдын колдоосу аркылуу Кытай жергесинде билимимди улантууга жакшы шарт түзүлдү. Гуанчжоу шаарында бакалаврды дагы окуп, аны 2019-жылы аяктадым. Азыркы учурда ушул эле шаарда магистратура даражасын алуу жолундамын. 

Азыр ойлосом жашоомдун төрттөн бир бөлүгү Кытайда өтүп жатыптыр, кудайга шүгүр бул жакта билим алуу учун бардык шарттар түзүлгөн. Ар улуттан досторум бар, алар аркылуу дагы жашоого койгон максаттарым, баалуулуктарым, көз карашым өзгөрүп, өркүндөп турат.

“Билим алуу ийне менен кудук казгандай” деп кыргызда бекер айтылбаса керек. Ошондуктан, ар күн сайын жаңы нерселерди үйрөнүп, окуганга аракет кылам. Алдыда, өз элимдин кадыр-баркын эл аралык аренада татыктуу таанытып, аброюн көтөрсөм деп тилек кылам. Жашоомду маңыздуу жана пайдалуу өткөрсөм деп үмүттөнөм.

-Кытай Эл Республикасы коронавирус пандемиясы менен биринчилерден болуп күрөшүүгө мажбур болду, ошол кездеги Кытайдын вирусту жайылтпоого каршы жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсең, кандай иш-чараларды өткөрүштү, элдер карантинди кандай кабыл алышты?

-Кытайда коронавирус илдетинин жайылып жаткандыгын биз январь айынын аяктарында билип калдык. Ал кезде Кытай эли жаңы жыл майрамын өткөрүүгө даярданып, үйүнөн алыс, чоң шаарларда иштеген, окуган адамдар кичи мекенине кайтып жатышкан убакыт болчу. 

Алгач, биз деле бир жумадай көп маани бербей жүрдүк. Бирок, бул жакта жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды көрүп, жаңылыктарды окуп жатып ишенгибиз келбесе да ишенип, кээ бир студенттер үйлөрүнө кетип жатышты. 

Чындыгында, Кытай бул таажы илдетин жайылтпоо, алдын-алуу жаатында жакшы иштерди аткарышты. Бийлик тарабынан кандай гана чечим кабыл алынбасын, эл түшүнүү менен кабыл алып, айтылган эржелерди так жана туура аткарышты. 

Бардык жайлар күн сайын дезинфекцияланып жатты. Ар бир дүкөндө, мекемеде, метродо адамдын дене табы өлчөнүп, каттоодон өткөрүлүп турду. Университетке болсо, күн сайын ал-акыбалыбыз тууралуу маалымат берип турдук.  Сабактар аралыктан өткөрүлө баштады.  Кыргызстандын элчилиги дагы акыбалыбызды сурап-билип турушту.

-Апрелдин аягында, Кыргызстанга дагы өз күчүң менен бет каптарды жөнөтүп, колдоо көрсөткөн экенсиң, ушул боюнча айтып берсең? 

-Бул идея Арбит компаниясынын жалпы жамаатына таандык, бул компанияга алгач практикант катары келгем. Себеби ар кандай өлкөлөрдөн чогулган жаш адистерден турган жамаат менен иштешүүнү кааладым.

Коронавирус илдети башталганда, колубуздан келишинче жардам көрсөтөлү деген ой пайда болуп, дүйнөнүн бардык жеринде бет капка муктаж болгон адамдарга бекер жеткизип берели деген демилге менен чыктык. Башында Россия жана Украинага жардам бере баштадык. Андан соң Европа өлкөлөрүнөн дагы каалоочулар пайда боло баштады. 

Ал эми, илдет Кыргызстанга жеткенде бул жаатта дагы иштерди уюштура баштадык. Чындыгында, ушундай кырдаалда өз өлкөбүзгө колдон келген жардамды берүү атуулдук парзыбыз. Кыргызстандагы жарандык активист жаштардын жардамы менен бул демилгебиз ишке ашып, азыркы тапта дагы да буйурса, уланууда. Учурдан пайдаланып биздин команданын атынан, бизге колдоо көрсөткөн активист байке-эжекелерге ыраазычылык билдирип кетмекчимин. 

Нурислам Абдырасулов: “Ушундай кырдаалда өз өлкөбүзгө колдон келген жардамды берүү атуулдук парзыбыз”

-Пандемиядан кийин Кытай жергесинде жашоо кандай өтүүдө, өз байкооң менен бөлүшсөң?

-Азыркы маалда акыбал жакшы болуп калды, көчөдө коомдук жайлар да ачылды, эми окуу жайлардын ачылышын күтүп жатабыз. Коронавирустан кийинки жашоо дагы өзгөрүлгөндүгүн байкоодобуз. Азыр дагы деле кайсы жакка барбайлы дене табыбыз өлчөнүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталууда. Коомдо “дени сак номери” деген номер бар. Кайсы жакка барба ошол код менен регистрация болуп киресиң. Кокустан бирөөдөн вирус чыкса, аны менен байланышта болгон жарандардын тизмеси бат эле чыгып калат. 

Эл көп болгон жерде бет капсыз жүрүүгө болбойт. Муну эл өзү дагы түшүнүп турат. Кыскасы, “адамдан айла качып кутулбайт” дегендей, коомдун жашоосун токтотпогонго абдан чоң аракеттер жумшалып жатат. 

-Кыргызстандыктарга учурдагы кырдаалда кандай кеңеш берет элең, көчөлөрдө бет кап кийбей, вируска анчалык деңгээлде маани бербей жүргөн мекендештерибиз дагы арабызда аз эмес?

-Бардыгыбыз башкалардан айырмаланып, башкасы билбеген нерсени билгибиз келет, бул адамдык сапат. Азыркы учурда вирус жок нерсе, же бул жөн эле саясат деп жаткан инсандар дагы бар.

Негизи эле адам баласы өзүнүн башына келбесе, ар нерсенин баркын билбей жүрө берет экен. Бирок азыркы мезгизде биз өзүбүз үчүн гана эмес, жалпы коом, эл үчүн жооптуубуз.  Өмүр бул баа жеткис байлык. Ошондуктан, жөн гана куру ишенбөөчүлүк, “баарын билемдик” аркылуу жакындарыбыздан ажырап калбоо башкы максат. 

Ооба баарыбыз азыр эркин мамлекетте жашайбыз, каалаганыбызды кылгыбыз келет, бирок бүгүн ойлонбостон кылып коюп, эртең өкүнүп калбашыбыз абзел. Сөзсүз түрдө, көчөдө бет кап тагынуу керек. Топтолуп жүрбөө зарыл. Бардыгыбыз санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так аткарып, тартипти бекем сакташыбыз керек. Ата-энебиздин, туугандарыбыздын, кичинекей балдардын саламаттыгы өзүбүздүн мойнубузда. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)