Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 144 жаран кармалды
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 6-майына карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 144 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 144 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 6 унаа киргизилди.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 122, Ош шаары -6, Жалал-Абад шаары-9, Ат-Башы району-7.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4559 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын 4036 эркектер, 523 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
Алардан арасынан 3481 жаранга эскертүү берилип, 1078 жаранга протокол түзүлүп, айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 356 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
Рекомендация
- 1Режим ЧП в Бишкеке, Оше и Джалал-Абаде продлили до 10 мая
- 2Быйыл Кыргызстанда мектептер жана ЖОЖдор окуу жылын дистанттык түрдө аяктайт
- 3Баткенская и Ферганская области помогают друг другу в борьбе с коронавирусом
- 429-апрелге карата республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 73 жаран кармалды
- 5КПП «Иркештам» будет временно закрыт в связи с празднованием Дня труда в Китае