WeChat      Избранное

6-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 28 жаӊы учуру катталды – жалпы 871

06/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

6-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 28 жаӊы учуру катталды – жалпы 871

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 6-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 28 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 871 адамга жетти. Алардын ичинен 614 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Нурболот Үсөнбаев: “Бүгүн коронавирус менен тастыкталган 28 жаңы учур катталды. Алар  Бишкек шаарында - 16, Чүй облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 6, Баткен облусунда – 4 адам. 

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Азыркы тапта, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 221 учур катталды, алардын ичинен 154ү стационарлардан айыгып чыккан. 

Тилекке каршы, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 67 жаштагы бир аял дарылоо аракеттерине карабастан түндө каза болду. Ал февраль айында фтизиатрия борборунда дарыланып келген экен. Апрель айынын аягында Жайыл районундагы ооруканада дарыланып, ошол учурда коронавирус жуктурган бейтап менен байланышта болгондугу белгилүү болду. Ооруну жугузуп алгандан кийин эски оорулары күчөп, Республикалык  жугуштуу оорулар ооруканасына которулган. Ал жактан да абалы жакшырбай, кайтыш болуп калды. Кыргызстанда коронавирус жалпы 12 адамдын өмүрүн алып кетти.  

Кыргызстанда бул дарттан 245 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 7 адамдын абалы оор, төртөө реанимацияда жатат. 60 бейтаптын абалы орточо оордукта болсо, 178 бейтаптын абалы канааттандырарлык” – деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, министрдин орун басары ушундай темп менен оорунун кайра күч алуу, массалык түрдө жайылуу тобокелдиги артса, ооруну кимден жуктуруп алганы белгисиз болгон учурлар көбөйсө Саламаттык сактоо министрлиги республикалык штабга кескин түрдөгү чектөө чараларды киргизүү сунушун берээрин баса белгиледи. 

Нурболот Үсөнбаев: “Бүгүн, мурдагы күндөрү чыгып жаткандардын көбүнчөсү биз көзөмөлгө алып, үй карантининде болгондордун арасынан чыгып жатат. Бардык учурдун 228и үй шартында жугузуп алгандар. Ал жалпы сандын 25-30%ын түзүүдө. Иш үстүндө же башка жагдайда байланышта болуп калгандар бар. Алардан да көп учурлар чыгып жатат. Ооруну кимден жуктуруп алганы белгисиз болгон бир-эки учур бар. 

Мен дагы бир жолу биздин шаар тургундарын, мекендештеримди карантин режиминин талаптарын так жана туура сактоого чакырмакчымын. Ушундай жол аркылуу гана үй-бүлө мүчөлөрүнүн аманчылыгын сактай алабыз”, - деди. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)