WeChat      Избранное

Кытай компаниялары Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүдө

06/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай компаниялары Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүдө

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 6-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасына Кытай компаниялары тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү. 

Бул жардам “Юй Жэнь” ЖЧКсы жана “Хуабэй” фармацевтикалык корпорациясынын алдындагы Эл аралык соода компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылып, ооруканага медицина кызматкерлерин коронавирус илдетинен коргоочу костюмдар жана көз айнектер тартууланды. 

Гульмира Баитова, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын директору -– башкы врачы: “Кытай дарыгерлери менен көп жылдан бери тыгыз кызматташып келебиз”

-Чындыгында, биздин оорукана көп жылдан бери Кытай Эл Республикасынын дарыгерлери менен өтө тыгыз кызматташтык байланышта болуп келет. Өзгөчө былтыр “ШКУнун ооруканалар Альянсынын” экинчи форумун өткөргөндө бул багытта алакабызды дагы терең бекемдей алдык. Ысык-Көл жергесинде болуп өткөн иш-чарага 9 мамлекеттен келген биздин кесиптештер катышып, маңыздуу жыйынтыктарга ээ болгонбуз. 

Жогоруда айтып кеткендей, биздин клиникалык оорукана Кытай, Синьцзян университетинин клиникасы  менен дагы көп жылдан бери кызматташып келүүдө. Эки ортодо атайын телемедицина багыты дагы ачылган. Ал жактан ар түрдүү суроолор боюнча талкууларды жүргүзүп, кеп-кеңештерибиз, тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүп келебиз. 

Мына, жакында эле 20-апрелде Кыргызстанга  Кытай Эл Республикасынан  келген медициналык адистердин тобу дагы биздин ооруканада болуп, өздөрүнүн ала келген гуманитардык жардамын берип кайтышты. Кытайлык кесиптештер оорулууларды дарылоодогу эң мыкты ыкмалары жана топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүп, биздин дарыгерлерге коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жаатында дагы аралыктан окууларды өтүштү. 

Кытай компаниялары Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүдө

Чындыгында, азыркы тапта бизге мындай колдоолор, жардамдар абдан керек. Биз дагы Кыргызстандын башка ооруканаларына бул жардамдарды бөлүштүрүп берүүгө аракет кылуудабыз. 

Ал эми, бүгүнкү иш-чара тууралуу айта турган болсом, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип, өз салымын кошуп келе жаткан кытай компаниялары “Юй Жэнь” ЖЧКсы жана эл аралык “Хуабэй” фармацевтикалык корпорациясынын алдындагы Эл аралык соода компаниясы КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасына коронавирустан коргоочу өздүк каражаттарды тартуулашты. Ага костюм жана көз айнектер кирди. 

Кытай компаниялары Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүдө

Биз бүгүн берилген гуманитардык жардамдын бир бөлүгүн Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына өткөрүп бермекчибиз. Чындыгында, аталган ооруканага мындай жардам ашыктык кылбайт. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, оор абалдагы бейтаптарыбыз дал ушул жайда дарыланууда. 

Муну менен эле катар, жардамдын дагы бир бөлүгүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бригадаларына бермекчибиз. Себеби, бул дарыгерлерибиз үйлөргө чейин барып, оорулуу менен байланышта болгондорду текшерип келишүүдө. 

Учурдан пайдаланып, кытай компанияларынын директорлоруна терең ыраазычылык билдирмекчимин. “Юй Жэнь” ЖЧКсынын директору көп жылдан бери Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына бараандуу салымын кошуп келе жатат. Биздин мекендештерибиздин, кичинекей бөбөктөрүбүздүн ден соолугу үчүн атайын Кытайдан дарыгерлерди алып келүүгө дагы өз көмөгүн көрсөтүп жүргөнү белгилүү. Бул гуманитардык жардам дагы анын кылган аракетинин арты менен жүзөгө ашты десем жаңылышпайм. 

Биздин кытай кесиптештерибиз менен болгон кызматташуу алакаларыбыз дагы да болсо уланууда. Мисалы, 16-май күнү Кытайдын ооруканалар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жаткан телеконференция болуусу күтүлүүдө. Ал жакта дагы учурдагы кырдаал талкууланып, кеп-кеңештер айтылып, көйгөйлүү маселелер талкууланмакчы. 

Мен жалпы кыргызстандыктарга, элиме, бүтүндөй дүйнө жүзүнө коронавирус илдетин тезирээк жеңип, ден соолукта болуусун каалап кетмекчимин. Аны жеңүү үчүн жеке гана медицина кызматкери эмес, жалпы эле эл, бейтаптар дагы аракет кылуусу абзел. Күч бирдикте, бардыгыбыз биригип, ынтымак ичинде бул илдетти жеңе алабыз деп ишенем. 

Ван Цзюянь, “Хуабэй” фармацевтикалык корпорациясынын алдындагы Эл аралык соода компаниясынын төрагасы: “Учурдун урааны “биримдик” ” 

-Биздин компания 2006-жылдан бери Кыргызстан менен тыгыз кызматташууда. Кыргызстандык өнөктөштөрүбүз менен ар дайым жылуу, достук мамиледе болуп, ынтымак ичинде иштешип келе жатабыз. Мага бул жактын табиятынын кооздугу өзгөчө жагат. Эли дагы абдан меймандос келет. 

Учурдагы кырдаалда бардыгыбыз бирге болуубуз зарыл. Мындай кадам менен биз жеке гана Кыргызстан-Кытай достук алакасын тастыктабастан, биз дагы кыргыз эли менен бирге экенибизди, “биримдик” учурдун урааны экендигин көрсөтө алдык деп ойлойм. 

Биздин компаниянын ишмердүүлүгүнө дагы албетте, коронавирус илдети өзүнүн таасирин тийгизди. Бирок, ошого карабастан өзүбүздүн өнөктөштөрүбүз менен интернет, телефондор аркылуу байланышыбызды бекемдей алдык. Бул кырдаалдан кийин дагы алакабыз чыңдалып, ийгиликтүү кызматташуулар уланат деп ишенем. 

Биз дагы Кыргызстандын рыногуна сапаттуу дары-дармектерди алып келүүгө өз көмөгүбүздү көрсөтүп келебиз. Кытай менен Кыргызстан жеке гана коңшу мамлекеттерден болбосун, ар тараптуу стратегиялык өнөктөш мамилесин дагы бекемдеп келет. Кыргызстан “Бир алкак-бир жол” долбоорун колдогон алгачкы мамлекеттердин бири болгон. Учурда, дагы бул демилгени жүзөгө ашырууга өз салымын кошуп келүүдө. Чындыгында, “Бир алкак-бир жол” демилгеси аркылуу эки мамлекеттин ортосунда ар түрдүү тармактарда кызматташуу мамилелери өөрчүп, өнүккөнү шексиз. Саламаттыкты сактоо жааты дагы алардын катарында. Акыркы жылдары эки мамлекет ортосунда дары-дармектер тармагы дагы ийгиликтүү өнүгүүдө. 

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)