28-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 13 жаӊы учуру катталды - жалпы 708
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 28-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 13 бейтаптын ичинен Бишкек шаарында - 3, Чүй облусунда - 6, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 2 учур. Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 708 адамга жетти.
Бүгүнкү күнү коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 3, Нарын облусу – 1, Жалал-Абад облусу - 9, Ош облусу – 1, Ош шаары – 2, Ысык-Көл облусу – 4, Баткен облусунда 1 бейтап. Учурда, коронавирустан айыккандардын саны 416 болду.
Ал эми, медкызматкерлер тууралуу айта турган болсок, коронавирус менен жабыркаган жалпы 185 учур катталды. Алардын ичинен экөө жаңы тастыкталды. 2 учур тең Нарын облусунун Жумгал районунда катталган. Анын бирөө дарыгер, бирөө кичи медкызматкер.
Азыркы тапта, 284 адам бейтапканаларда жатып, дарыланууда. Алардын ичинен 217 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 55 бейтаптын абалы орточо оор. 12 адамдын абалы оор, анын алтоосу реанимацияда жатат. Алардын ичинен бешөө Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына, бирөө Ноокат райондук ооруканасына жайгаштырылган”, - деп маалымат берди.
Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 915 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1012 адам жатат.
последние
Рекомендация
- 1Минздрав отменил свой приказ по оплате труда медработникам во время простоя в период эпидемиологической ситуации с COVID-19
- 2Нынешняя эпидемия изменит экономическую пирамиду как внутри страны, так и во всем мире.
- 3Ош шаарында балдарды аралыктан окутуу үчүн муктаж болгон үй-бүлөлөргө телевизорлор убактылуу пайдаланууга берилүүдө
- 4Китайские врачи положительно оценили действия своих кыргызских коллег в борьбе с коронавирусом
- 5Специалисты из Польши совместно с врачами инфекционной больницы ведут наблюдение за больными с коронавирусной инфекцией