WeChat      Избранное

27-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 13 жаӊы учуру катталды - жалпы 695

27/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

27-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 13 жаӊы учуру катталды - жалпы 695

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 27-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары  Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 13 бейтаптын ичинен Бишкек шаарында - 6, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 1, Чүй облусунда - 2, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 2 учур бар. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ди түздү.

Коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 2, Нарын облусу – 16, Жалал-Абад облусу - 4, Ош облусу – 1, Ош шаары – 2 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 395ке жетти.

Кыргызстанда сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1 медкызматкер коронавирус илдетин жуктуруп алды. Алардын ичинен экөө дарыгер, бирөө медайым. Ошондо, республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 183 учур катталды.

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын жетөөсү реанимацияда жатат. 22 бейтаптын абалы орточо оор. Абалы канааттандырарлык жана оорунун белгилери байкалбаган бейтаптардын саны 258ди түзүүдө.

5-апрелден тарта бүгүнкү күнгө чейин изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 47 миң 319. Алардын ичинен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны - 46 миң 627 болду”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кытай Эл Республикасынан келген дарыгерлер тобунун иш сапары бүгүн жыйынтыкталгандыгын айтып өттү. Алар лекция, семинарларды аралыктан өтүп, биздин дарыгерлер менен жугуштуу илдетке чалдыккандарды дарылоо ыкмалары, алдын-алуу жана айыгып чыккан бейтаптар менен иштөө эрежелери жаатында тажрыйбалары менен бөлүшкөндөрү тууралуу дагы  маалымат берди.

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 753 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1044 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)