WeChat      Избранное

Ош шаарында балдарды аралыктан окутуу үчүн муктаж болгон үй-бүлөлөргө телевизорлор убактылуу пайдаланууга берилүүдө

22/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Ош шаарында балдарды аралыктан окутуу үчүн муктаж болгон үй-бүлөлөргө телевизорлор убактылуу пайдаланууга берилүүдө

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектептердеги телевизорлорду муктаж үй-бүлөлөргө убактылуу пайдалануу үчүн берди. Бул тууралуу КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аралыктан окутуу ишмердүүлүгү башталган кезде Ош шаарында 314 үй-бүлө телевизорго муктаж экени такталган. Ошондуктан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектептердеги телевизорлорду муктаж үй-бүлөлөргө убактылуу пайдалануу үчүн беришти. Муну менен катар үйүндө ашыкча телевизору бар мугалимдер да бул маселени чечүүгө көмөктөштү. Айрымдардын үйүндөгү бузук телевизорлору оңдолуп, пайдаланууга берилди.

«Азыркы учурда телевизор көйгөйү чечиле элек дагы 3 үй-бүлө калды. Алар алыскы айылдардагы үйлөрүндө турушкандыктан, учурда аларга телевизор жеткирип берүү же башка жолун табууга аракет кылып жатабыз. Ошентсе да, алар телефондон интернет аркылуу сабактарга катышуу мүмкүндүгү бар», - дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Бектурсун Көкөнов.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу аларга көмөк көрсөтүүдө.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 8-апрелинен тарта учурдагы кырдаалга байланыштуу билим берүү мекемелери окуучуларды аралыктан окутуу ишмердүүлүгүн башташкан. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)