28-апрелге карата республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 72 жаран кармалды
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 28-апрелине карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 72 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
2020-жылдын 28-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде, тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 72 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 57, Ош шаары -3, Жалал-Абад шаары-1, Сузак району-4, Нарын шаары-2, Ат-Башы району-5.
Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3654 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.
Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 320 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
● 28-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 13 жаӊы учуру катталды - жалпы 708
● 28-апрелге карата республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 72 жаран кармалды
● Врач из Польши назвал три причины заражения медиков коронавирусом не только в Кыргызстане
● Саламат Мурзабаева: Опасность COVID-19 в том, что болезнь протекает у детей бессимптомно
Рекомендация
- 1Китайские врачи положительно оценили действия своих кыргызских коллег в борьбе с коронавирусом
- 227-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 13 жаӊы учуру катталды - жалпы 695
- 3В Кыргызстане коронавирус выявлен еще у 22 человек
- 4Помощь Китая дошла и до Баткена
- 594 млн 900 миң сом ӨКМга COVID-19га каршы күрөшүү үчүн которулган