WeChat      Избранное

Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү иш-чаралары улантылууда

18/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү иш-чаралары улантылууда

Сүрөт интернеттен алынды

Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү иш-чаралары улантылууда. Бул тууралуу КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 16-17-апрель күндөрү КР ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын Ат-Башы жана Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган райондордун аймагында зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүп, маалымат баракчалары таркатылды.

Ошондой эле, өздүк гигиенаны сактоо, коронавирус илдетинен сактануу эрежелери боюнча үн чоңойтуучу аппараттар менен калкка кабарлоо иштери аткарылды.

Дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен азык түлүк сатуучу дүкөндөр, банктар, базарлар жана даарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда. Бардыгы болуп жалпы 12 куткаруучу кызматкер тартылып, 4 000 м2 аймак дезинфекцияланган.

Эске сала кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылып, бул аймактардын катарына Нарын шаары жана Ат-Башы району да киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

2020-жылдын 18-апрелине карата республика боюнча коронавирус менен жалпы 17 учур тастыкталса, алардын 11и Ат-Башы районунан катталды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)