2020-жылдын 14-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 11 жаӊы учуру катталды-жалпы 430
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 14-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 11 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 11 бейтаптын ичинен Бишкек шаарынан-8, Чүй облусунан-1, Жалал-Абад облусунан-2 адам.
Жаӊы учурлардын ичинен 6 аял, 5 эркек.
2020-жылдын 14-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 430 учур болду. Алардын ичинен:Жалал-Абад облусунда – 93, Ош облусунда – 128, Ош ш. – 59, Чүй облусунда – 28, Бишкек ш. – 77, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 34, Ысык-Көл облусунда – 6.
Катталган учурлардын ичинен 230 аял, 200 эркек. Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды. Жалпы өлкө боюнча бул дарттан 71 бейтап айыгып чыкты”, - деп маалымат берди.
Муну менен катар, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 27 013. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 26 147, сутка ичинде болгон изилдөөлөр – 1 019 экендиги белгилүү болду.
“Өлкөдө COVID-19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур. Алардын ичинен 24 дарыгер, 32 орто медперсонал – медайымдар, лаборанттар, дарыгерлердин жардамчылары, калгандары кенже медперсонал – санитаркалар, ашпозчулар жана башкалар”, - деп саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
последние
● Ислам Тойтонов: Зараженных коронавирусом, но не желающих лечиться полно
● 2020-жылдын 14-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 11 жаӊы учуру катталды-жалпы 430
● В Кыргызстане выявлено 11 новых случаев заражения коронавирусом
● Высокие технологии Китая помогают зарубежным странам в предотвращении эпидемии
Рекомендация
- 1Неутешительные данные поступили сейчас от министра здравоохранения
- 2При поддержке Германия открыто новое отделение неотложной помощи в Джалал-Абаде
- 3В Бишкеке расширена карантинная зона
- 4Ислам Тойтонов: Зараженных коронавирусом, но не желающих лечиться полно
- 5Профессор Сооронбаев: Каждый заболевший получает самое лучшее, что у нас есть на сегодняшний день