WeChat      Избранное

2020-жылдын 13-апрелине карата республика боюнча 88 жаран коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузган

13/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 13-апрелине карата республика боюнча 88 жаран коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузган

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 13-апрелине карата Кыргыз Республикасы боюнча өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузгандыгы үчүн 88 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилген. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 88 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 56, Ош шаары боюнча - 16, Жалал-Абад шаары боюнча - 10, Сузак району боюнча – 5, Кара-Суу району боюнча -1. Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2472 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарып, жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)