Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 18-апрелине карата республика боюнча коменданттык саатты 93 жаран бузду. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 93 жаран жеткирилип, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча – 74, Жалал-Абад шаары боюнча – 5, Ош шаары боюнча-6, Ат-Башы району боюнча -5, Кара-Суу району боюнча -3. Ал эми, Нарын шаары, Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2798 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
● Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү иш-чаралары улантылууда
● ВОЗ отправит положительные образцы в Англию для анализа коронавирусов, циркулирующих в Кыргызстане
● 2020-жылдын 18-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды - жалпы 506
Рекомендация
- 1Кризисной экономике Кыргызстана необходим антикризисный план на длительный срок
- 22020-жылдын 14-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 11 жаӊы учуру катталды-жалпы 430
- 3В МИД КР дали пояснения по поводу смерти кыргызстанца в России
- 4Представители горной промышленности назвали положительным моментом открытие границы с Китаем
- 5Вместе дадим отпор эпидемии: Как города-побратимы помогали нам