Кыргызстанда 9 медицина кызматкери СOVID-19 вирусуна чалдыкты
Касымбек Мамбетов
Сүрөт интернеттен алынды
Кыргызстан боюнча 4-апрелге карата коронавирус боюнча 14 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдын пресс-борборунда Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Мамбетов Касымбек Бейшенбекович билдирди.
Ал: “2020-жылдын 4-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен: Бишкек – 1, Ош облусунда – 5, Ош ш. – 2, Джалал-Абад облусунда – 6.
Ал эми, республика боюнча учурда СOVID-19 вирусуна чалдыккан 144 бейтап болду. Бишкек – 15, Ош ш. – 12, Ош облусунда – 35, Баткен облусунда – 3, Джалал-Абад облусунда – 67, Чуй облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 4 киши” –деп, маалымат берди.
Муну менен катар эле, 3-4-апрель күндөрү 9 медицина кызматкеринен коронавирус табылгандыгын айтып өттү.
Касымбек Бейшенбекович: “Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ноокатта 59 жаштагы эркек – оор абалда, Ошто 45 жаштагы эркек – өтө оор абалда, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду, Ошто 63 жаштагы аял – оор абалда, Ошто 60 жаштагы аял – оор абалда, Жалал-Абадда 33 жаштагы эркек – оор абалдан чыкты, Нарында 60 жаштагы аял – оор абалда болууда”-деп билдирди.
Рекомендация
- 1Миллион из пенсии от Розы Отунбаевой
- 2Эркинбек Каюмов: Грузовые перевозки по железной дороге осуществляются в штатном режиме
- 3В Республиканском штабе ответили на часто задаваемые вопросы по работе Бишкекской комендатуры
- 4Скоро граница с Китаем откроется для грузоперевозок — Боронов
- 5Кыргызстан Кытайга ыраазычылыгын билдирди