Сүрөт интернеттен алынды
28-март күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Эл Республикасынын COVID -19 коронавирусуна каршы күрөшүү боюнча кошкон салымына, күч-аракетине жогору баа берип, оор учурда берген гуманитардык жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилей кетсек, COVID-19 -19 коронавирусунун жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда Өкмөт кыргыз тарапка тест-системасы жана реагенттер, тиешелүү медициналык жабдуулар, медицина кызматкерлери үчүн коргоочу каражаттар, ошондой эле санитардык-дезинфекциялоо багытында колдонуучу каражаттар жагынан гуманитардык жардам берүү жөнүндө Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө кайрылган.
Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн медицина эксперттерин жөнөтүү өтүнүчү билдирилди.
КЭР тараптан берилген гуманитардык жардамды 2020-жылдын 25-мартында “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алган.
Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырган.
Кытай Эл Республикасынан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келген.
Бүгүн, 28-мартта Саламаттык сактоо министрлиги КЭР берген гуманитардык жардамды Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктерине тапшырды.
последние
Рекомендация
- 1Айнура Акматова: “24-мартка карата Кыргызстанда жалпысынан 42 адам коронавирус жугузуп алгандыгы тастыкталды”
- 2Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү
- 3Опыт Китая в борьбе с коронавирусом COVID-19
- 4Президент Сооронбай Жээнбеков: Соблюдение дисциплины - это гражданская обязанность каждого из нас в эти непростые дни
- 5Уже 44 человека. В Кыргызстане выявили два новых случая коронавируса