WeChat      Избранное

Экономика министрлиги учурдагы кырдаалда ишкерлерди колдоо үчүн кошумча жана узак мөөнөттүү чараларды иштеп чыкмакчы

04/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Экономика министрлиги учурдагы кырдаалда ишкерлерди колдоо үчүн кошумча жана узак мөөнөттүү чараларды иштеп чыкмакчы

Сүрөт интернеттен алынды

Салык мыйзамдары бөлүгүндөгү социалдык-экономикалык кырдаалды жөнгө салуу маселелери боюнча Мыйзамга түшүндүрмө берүү жөнүндө маалыматты КРдин Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Экономика министрлиги маалымдагандай, COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жана өзгөчө абалды жарыялоо шартында, КР жарандарын жана ишкердиктин субъекттерин колдоо максатында КР Мыйзамы кабыл алынды, ал төмөнкү ченемдерди карайт:

1) 2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр ал жеткис күч жагдайларынын натыйжасында салык төлөөчү зыян тарткан учурда салык төлөөчүдө карыздар пайда болсо жана жабылбаса, бир жылдан ашык эмес мөөнөткө банктын кепилдиги тууралуу документти бербестен эле бөлүп төлөө же кийинкиге жылдыруу жөнүндө арызын бере ала турганы;

2)      ишкердик субьекттери үчүн салыктык отчетторду берүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартуу;

3) 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактардын жана жеке ишкерлердин бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу;

4) 2020-жылдын 1-июлуна чейин салыктык милдеттенмелерди өз учурунда аткарбагадыгы үчүн салыктык санкцияларды жана туумдарды колдонбоо;   

5) акционердик коомдордун жалпы жыйындарын өткөрүүнү узартуу.

Азыркы учурда Экономика министрлиги республикадагы экономикалык кырдаалдын жакшырышына, экономиканы диверсификациялоого, ишкердик чөйрөсүндөгү иш активдүүлүгүн жакшыртууга багытталган чараларды иштеп чыгууга киришти. 

Ишкерлерди, анын ичинде ар кандай жагдайдардын натыйжасында зыян тарткан ишкерлерди колдоо боюнча кошумча жана узак мөөнөттүү чаралар иштелип чыгат.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)