WeChat      Избранное

​ Кытай Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 дартын ыкчам аныктоо үчүн 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерди берди

03/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

​ Кытай Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 дартын ыкчам аныктоо үчүн 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерди берди

Сүрөт интернеттен алынды

Кытай Эл Республикасынын элчилигинин жардамы менен Кытай Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 дартын ыкчам аныктоо үчүн 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерди берди. Бул тууралуу Республикалык штабдын пресс-борборунда Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди.

Экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктап, республика боюнча кеселдин жайылуусунун алдын алууга мүмкүндүк берет.

Дартты аныктоодо серологиялык реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт.

Экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттердеги жаңы коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.

2020-жылдын 3-апрелине карата республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.

Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон. 

Бүгүнкү күнү Кыргызстан жалпы Кыргызстан боюнча тастыкталган учурлар – 130, айыккандар – 5, каза  болгондор – 1. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)