WeChat      Избранное

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков: «Жакын арада Кытай бул ооруну толугу менен жеңип чыгып, өзүнүн экономикалык өнүгүп-өсүү жолун жаңы дем менен улантарына терең

04/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков: «Жакын арада Кытай бул ооруну толугу менен жеңип чыгып, өзүнүн экономикалык өнүгүп-өсүү жолун жаңы дем менен улантарына терең

Сүрөт интернетттен алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз кайрылуусунда: «2020-жылдын 4-апрелинде Кытайда COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатынын өткөрүлүшүнө байланыштуу Сизге жана жалпы Кытай элине чын дилимден көңүл айтууга жана ооругандардын тезинен айыгып чыгышына каалоо айтууга уруксат этиңиз.

Кыргыз тарап жеке Сиздин жана Кытай Өкмөтүнүн пандемиянын жайылышын алдын алуу үчүн көргөн аракеттериңиздерди жана ошондой эле кытай элинин көрсөткөн кайратмандыгын жогору баалайт.

Жакын арада Кытай бул ооруну толугу менен жеңип чыгып, өзүнүн экономикалык өнүгүп-өсүү жолун жаңы дем менен улантарына терең ишенем.

Биздин өлкөлөр ортосунда достук, ынтымак жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү толук өз ара түшүнүшүү бар экенине дагы бир жолу ишендирип кетким келет», — деп билдирди.

Муну менен катар эле, Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге жана кытай элине учурдагы кыйын күндөрдө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын айтып өттү.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)