WeChat      Избранное

«Жаңы төрөгөн аялдын ар бир көз жашы алтынга тете»

19/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

«Жаңы төрөгөн аялдын ар бир көз жашы алтынга тете»

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн биз «Эки эл-эки маданият» рубрикабызда, аял затынын эң бактылуу, эң жоопкерчиликтүү учуру болгон бала күтүү жана төрөттөн кийинки мезгилдеги ырым-жырымдар, каада-салттар тууралуу айтып бермекчибиз. Кыргыз-кытай элинде дагы бул мезгилде аял затына абдан аяр мамиле жасалып, өзгөчө көңүл бурулган. Мына, ушул «эң таттуу» учур эки коңшу элде кандай бааланып, кандай ишенимдерге бай экендигине биздин макаладан аз да болсо маалымат ала аласыздар. 

Кытайда келиндин алгачкы төрөтүнө өз апасы сөзсүз түрдө катышуусу керек

-Кытай элинде үй-бүлө баалуулуктарына байыртадан бери өзгөчө көңүл бурулуп, аларды сактоо, коргоо жаатында мыкты иштер аткарылып келет. Ал эми, боюнда бар аялзатына болгон мамиле тууралуу айта турган болсок, ал дагы өзүнчө сөз кылууга татыктуу. 

Азыркы күндө дагы бала күтүп жаткан айымдар жөн гана эс алып, тынчтыкта болуусу абзел. Чындыгында, алар эч кандай жумуш кылбайт, жада калса тамак дагы жасап, өздөрүнө оорчулук келтирбейт. Кытай элинде  «Сен чарчаңкы көрүнүп жатасың, бала күтүп эс албайсыңбы?»,-деген сөз дагы алардын боюнда бар аялзатына өзгөчө кам көргөндүгүн тастыктай алат. 

Кош бойлуу кезинде кытай айымдарына кол өнөрчүлүк, саймачылык менен алектенүүгө дагы тыюу салынат. Эч кандай ийне, кайчыны колдонууга болбойт. Жер которуу, башка бир аймакка көчүү дагы жакшы жышаан болуп саналбайт. Ошондуктан, колуктусунун боюнда бар кезинде кытай мырзалары бир жерден-бир жерге көчүшпөйт. Жер которуу жин-шайтандардын көңүлүн өзүнө бурдурат деген дагы ишеним бар. 

Муну менен катар эле, келечектеги энелер клей же болбосо башка бир жабышкак буюмдарды дагы колдонбоого тийиш. Анткени, бала денесиндеги так менен төрөлүшү мүмкүн деп дагы эсептешет. Мындан сырткары, боюнда бар кезинде аялзаты тилине дагы сак болушу зарыл. Эгерде, бирөөнү сындап, же жек көрүп койсо баласы ошондой сапаттарга ээ болот деген ишеним бар. 

Ал эми, толгоо келгенде, төрөт учурунда кытай айымдары колдон келишинче өздөрүн тынч алып жүрүүгө, катуу үн чыгарбоого аракет кылышат. Себеби, аял киши канчалык кыйкырып, үн чыгарса жин-шайтандар угуп, анын үнүнө келишет деп ишенишет. Ошондуктан, төрөт учуру абдан тынч өтөт. Келиндин алгачкы төрөтүндө анын апасы сөзсүз түрдө катышуусу керек. Андан кийинкилеринде апасы төрөткө киргизилбейт. Күйөөсү эч качан төрөткө катышпайт. Бирок, ал баланы биринчи жолу киринтүү милдетин мойнуна алат. 

Төрөт учурунда аял киши ден соолугун жана энергиясын абдан көп коротоору белгилүү. Ошондуктан, төрөттөн кийинки бир айдан ашык мөөнөт аялзаты үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Бул мезгилде жаш апанын ден соолугунун абалына карабастан эч кандай жумуш кылууга болбойт. Эң жакшысы аял киши жөн гана жатып туруусу зарыл. Бул салт. Ошондуктан, эч ким аны жемелөөгө акысы жок. 

Муну менен катар эле, жаш апа эч ыйлабоосу зарыл.  Коңшу элде «Жаңы төрөгөн аялдын ар бир көз жашы алтынга тете» деген накыл кеп бар. Кимде-ким аны ыйлатса, чоң күнөөгө батат деп эсептешет. Анткени, салттуу кытай медицинасы боюнча бул учурда көздүн көрүүсү абдан начарлап кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан, көзгө күч келтирип, китеп окуу дагы зыян деп айтылат. Туура тамактанууга дагы абдан көңүл буруу керек. Тамакты өтө ысык же абдан муздак ичүүгө болбойт. Тамактар негизинен, аял кишинин ден соолугун төрөттөн кийин калыбына келтирүүгө арналып, организмге зарыл болгон даамдар менен даярдалат. 

Ал эми, ымыркай албетте, элдин көңүл чордонунда болот. Эгерде ал, бираз чабал болуп төрөлсө, анда ага жаңы кийим кийгизилбейт. Улуу туугандарынын кийимдерин кийгизишет. Бул ырым, ымыркай кийим аркылуу байке-эжелериндей болуп чың ден соолукта болсун дегенди түшүндүрөт. 

Ошондой эле, жин-шайтандарды адаштыруу үчүн балага үй жаныбарларынын аты менен дагы кайрылган учурлар кездешет. Ушундай эле максат менен эркек баланын кулагына сөйкө тагып коюу ырымы дагы бар. Алардын түшүнүгүндө кыздар жин-шайтандарды анчалык деңгээлде кызыктырбайт.  Мына, заман канчалык жаңыланбасын, ааламдашуу доору өз талаптарын койбосун коңшу элде бүгүнкү күнү дагы боюнда бар айымдарга өзгөчө аяр мамиле кылынат. Кайын эне келин алгандан баштап, анын ден соолугуна кам көрүп, витаминдүү тамактануусуна көңүл буруп, пайдалуу чөп дарыларды дагы күнүмдүк рационуна коштурат.  

Кыргызда жаңы төрөлгөн баланы сары май менен оозантып, бөбөккө жакшы келечек каалашат

Кыргыздарда телегейи тегиз үлгү боло турган үй-бүлө катары көп балалуулар эсептелген. Өзгөчө эркек балалуу болбой калган адамдар өзүн абдан бактысыз сезип, кыз баласы болсо да «артымда калган туягым жок, менин тукумумду уларым жок» деп зар какшап өткөн. Ушул идеологияны кармап келген айрым түшүнүктөр, балалуу болууга болгон аракеттер ар кандай ырым-жырым, үрп-адат менен коштолгон. 

Кыргызда дагы боюнда бар аялдарга өзгөчө камкор мамиле көрүлгөн. Алар оор жумуш жасабаган, карындагы баланын аман-эсен төрөлүшү үчүн ар түрдүү ырым-жырымдарды колдонушкан. Бүбү-бакшы, эмчи-домчуларга кайрылып, ар кандай жардамдарды алышкан. 

Кош бойлуу кезинде болочоктогу эне оор көтөрбөй, көбүрөөк эс алуусу абзел. Себеби бою кат аялдардын организми өтө назик болуп, өзгөрүүлөргө учурайт. Ымыркай күтүп жаткан болочок энелер биринчи кезекте өз мезгили менен, туура тамактануусу зарыл. Ошондуктан, сүт, эт, чөп-чар өсүмдүктөрүн жана мөмө-жемиштерин жеш керек. Туура тамактанса ден-соолугу да чың болуп, түйүлдүктүн да жакшы өсүшүнө көмөк болот. Муну менен катар эле, кыргызда кош бойлуу аял затына чач кырктырганга, түймө түйгөнгө, сайма сайганга, босогодо отурганга болбойт. Бала төрөлө электе дагы балага арнап эч нерсе алууга болбойт деген ишеним бар. 

Төрөт кырсыксыз өтүшү үчүн бүбү-бакшылардын, молдолордун бирин чакырышкан. Кур дегенде анын камчысы, бычагын алып келип коюшкан. Баланын жарык дүйнөгө келиши үй-бүлөнү зор кубанычка, бакытка бөлөгөн. Баланы эң биринчи колуна алып, киндигин кескен аял «киндик энеси» деп аталган. Бала төрөлгөндөн бир нече күндөн кийин ат коюу салтына өзгөчө маани берилген. Ат коюу — үй бүлөдө маанилүү окуяны билдирип, коюлган ат баланын келечегине таасирин тийгизиши керек болгон. Мал союлуп, эл чакырылып, ат коё турган аксакал кишиге өзгөчө сый көрсөтүлүп, колунда болгонун тартуу кылып, ат койдурушкан. 

Баласынын кыркын чыгарганга чейин аял колун муздак сууга салбай, таштан, темирден жасалган муздак буюмдарга колун тийгизген эмес. Бул жаңы төрөлгөн бала ташбоор, мээримсиз болуп калбасын деген ырым болчу. Баланын атын кыркы чыкканга чейин айтпай, ар кандай эркелеткен аты же жаныбарлардын балдарынын аты (күчүк, козу ж.б.) менен чакырган. Бала жарык дүйнөгө келер замат, кубаныч коштогон кабар менен ымыркайдын чоң ата, чоң энесине, таята, таенесине биринчи иретте сүйүнчүлөшкөн. 

Баланын тай жагы сүйүнчүлөгөн кудаларына «Болсун, сүйүнчүңө бир тай, болсун, сүйүнчүңө, козу» дешкен. Сүйүнүчүгө азыр негизинен акча беришет. Сүйүнчү сураганды кур кол кетирүүгө болбойт, жок дегенде, жанындагы бир буюмун убактылуу кармата туруп, кийин атаганын берген. Мурунку мезгилде, уул төрөлсө, «бөрү», кыз төрөлсө, «түлкү» деп сүйүнчүлөшкөн. Бул бир жагы, алардын мүнөздөрүнүн окшоштугунан (бөрүнүкү-уулга, түлкүнүкү-кызга) келип чыкса, экинчи жагы, бөбөктүн төрөлгөнүн жин-шайтандан жашыруу үчүн да айтылган. 

Кыздын төрөлгөнүн «кырк жылкы» деп сүйүнчүлөгөн учурлар бар, мунун себеби түшүнүктүү — себеби атасы кызын күйөөгө узатканда калың алат да. Бул салт XI кылымда жашап кеткен бабабыз Махмут Кашгаринин айтылуу сөздүгүнөн учурашы анын көөнө мезгилдерден бери жашап келе жаткандыгын тастыктайт.

Жаңы төрөлгөн баланы сары май менен оозантып, бөбөккө жакшы келечек каалашат. Адатта бул жөрөлгөнү байбичелер, ымыркайдын чоң энеси, таянеси жасайт. Бул ырым менен «баланын өмүрү майлуу-сүттүү болсун, жегени дайым май болсун, дайым май чайнасын, малдуу-жандуу болсун, кем болбосун, жокчулук, каатчылык тартпасын» деген тилектерин билдиришкен.

Энеси менен ээрчип келген кичине баланын оозуна кайсы эле үйдөн болбосун, үй ээси май салган, бул ырым чоңойгондо жалганчы болуп калбасын деген тилек менен жасалчу. Азыр үйүнө биринчи жолу келген кичине балага ырым кылып акча-тыйын же кийим кече берип коюшат. Мунун дагы бир мааниси наристеге көз тийбесин, акысын бердим дегенди билдирет.

Бөбөк жарык дүйнөгө келери менен ага ат коюлат. Бул азан чакыруу менен коштолот. Кыргызда ат коюу боюнча ар кандай ырымдар бар. Маселен, ымыркайдын аты өтө оор болбошу керек, антпесе, аны көтөрө албайт деп айтылат. Мисалы, Манас ысымы. Андан сырткары, үй-бүлөдө жалаң эркек же кыздар төрөлө берсе, Бурул, Жаңыл, Кайрылса, Токтобүбү деген аттарды коёт. Токтосун, Токтогон, Токтогул ысымдары жөн жерден берилбейт. Аны көптөн бери бала токтобой, эненин боюнан түшүп же төрөлгөндөн кийин чарчап кала берген бүлөдө төрөлгөн ымыркайга беришет. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)