WeChat      Избранное

Кыргызстанга импорттун 35%ы Кытай Эл Республикасынан келет

12/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстанга импорттун 35%ы Кытай Эл Республикасынан келет

КР Экономика министри Санжар Муканбетов пресс-конференция учурунда.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Учурда, дүйнөдө COVID-19 коронавирус илдетине байланыштуу чек аралардын жабылуусу көптөгөн мамлекеттердин экономикалык абалын кыйынчылыкка учуратууда. Кыргызстан дагы алардын катарында. Өзгөчө, биздин мамлекеттин жакын коңшусу, ар тараптуу стратегиялык өнөктөшү жана досу болгон Кытай Эл Республикасы менен болгон чек аранын жабылуусу дагы өлкөбүздүн экономикалык абалын солгундатып турган чагы. 

Мына, ушул багытты жана жалпы эле 2019-жыл үчүн республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн алдын-ала жыйынтыктары жана 2020-жылга карата милдеттери тууралуу КРдин Экономика министри Муканбетов Санжар Турдукожоевичтин пресс-конференцияда берген маалыматы менен биздин окурмандарды жакындан тааныштырмакчыбыз.

Муну менен катар эле, Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкы башкармалыгынын жетекчиси Жумалиев Зайнидин Калидинович менен дагы ушул теманы улай маек курдук. 

Санжар Муканбетов, КРдин Экономика министри: «Ишкерлерди колдоону жүзөгө ашыруу үчүн Ишкерлерди тейлөө борборлору түзүлдү»

- Учурда, түзүлгөн тенденцияга карабастан 2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыз кыла алды. Улуттук статистика комитетинин алдын-ала маалыматы боюнча, 2019 - жылдын жыйынтыктары боюнча ИДПнын көлөмү 590,0 млрд.сом суммасында түзүлдү жана өсүштүн реалдуу темпи 4,5% ды түздү (2018-жылы-3,8%).

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору менен камсыздалды: айыл чарбасында көлөмдөр 2,6% га, курулушта - 10,6% га, өнөр жайда - 6,9% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 2,9% га реалдуу өстү.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча КРдин Тышкы соода жүгүртүүсү 3,6% га кыскарган жана 6,9 млрд АКШ долларын түзгөн. Ошону менен бирге экспорт 7,0% га өскөн, 2,0 млрд. доллар көлөмүндө импорт 7,3%га 4,9 млрд. доллар көлөмүндө кыскарган. 

Маалымат катары айта кетсек, республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмү 2019-жылы 2,6 млрд. ошондой эле 5,9% га кыскарган, мында импорт 6,7% га, ал эми экспорт 3,1% га кыскарган.

Орточо айлык номиналдуу эмгек акы бир кызматкерге, 2019-жылы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17166 сомду түзсө, анын реалдуу өсүшү менен эсептелген керектөө бааларынын индексин эске алуу 4,7 %ды түздү.

Экономикадагы мындай кырдаал Өкмөттүн экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздоо жана Өкмөттүн «Биримдик, Ишеним, Жаратмандык» Программасын аткарууну камсыздоо боюнча күч-аракетинен улам пайда болгон.

Мамлекеттик Ипотекалык компаниянын программасынын катышуучуларынын жалпы суммасы 5 335,46 млн сомду түзгөн. Алар 4566 ипотекалык кредиттерди алышкан, анын ичинен 2019-жылы жалпы суммасы 1 млрд. сом болгон 694 кредит берилген, ал эми «Социалдык ипотека» программасынын алкагында 1,054 млрд. суммасында 723 кредит берилген. 

Азыркы мезгилде 4 миңден ашык үй-бүлө кезекте турат. «Кепилдик фонд»  ААК чакан жана орто бизнести кредиттөөгө көмөктөшүү максатында 2019-жылдын 1-декабрынын абалы боюнча 1 512 млн. сом суммасында 1348 гарантия берилген, ал эми чакан жана орто бизнес кредиттеринин суммасы 5 162 млн. сомду түздү жана 2 эсе көбөйгөн. 

Муну менен катар эле, курулушка уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү. «Бирдиктүү терезе» жаңы форматта иштей баштады, бардык экспертизаларды алуу жана документтерди алуу мөөнөтү 170 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылды.

Ишкерлерди колдоону жүзөгө ашыруу үчүн Ишкерлерди тейлөө борборлору түзүлдү. Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы ишкерлерди колдоо боюнча алгачкы борборлор иштеп баштады.

Коррупциялык жосундарды жана же ишкердик субъекттеринин укуктарын жана же башка мыйзамдуу кызыкчылыктарды бузууларды алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугуна көмөк көрсөтүү үчүн Бизнес-омбудсмендин иши башталды.

Мораторий жарыялоонун натыйжасында текшерүүлөрдүн саны 8 эсе кыскарган, 2018-жылга салыштырганда 2019-жылы 3435 текшерүү, ал эми 2018-жылы 28209 текшерүү өткөрүлгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына (РФ жана Казакстанга) жеткирүүлөрдү ишке ашыра турган 102 кыргыз ишканасы ишканалар реестрине кирди. ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын бирдиктүү реестрине 37 аккредитацияланган сыноо лабораториялары ишке киргизилген. 

Региондордо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында 20 калкты тейлөө борбору (КТБ) иштөөдө. Бардык айыл аймактарында 387 маалыматтык күркөлөр элге кызмат көрсөтүүдө. 

Мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бир катар салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо процессинде жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мөөнөттөрдү кыскартуу максатында «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды. 

2020-жылга карата негизги маселелер тууралуу маалымат бере кетсем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш программасын жүзөгө ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга карата Өкмөттүн планын ишке ашыруу максатында 2020-жылга Өкмөттүн иш-аракеттер планынын долбоору иштелип чыккан. Ага ылайык, экономикалык жагымдуу чөйрө, региондук өнүгүү, адамдык өнүгүү, экологиялык өнүгүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багыттарына басым жасалмакчы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга иш планы Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармактарында экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган 227 иш-чараларды камтыйт.

Ал эми, учурда дүйнөдө жайылып жаткан коронавирус өлкө экономикасына дагы өз таасирин тийгизмекчи. Коронавируска байланыштуу Кытай менен чек ара жабылгандыктан биздин министрлик импорт алмаштыруу боюнча иш алып барып, жаңы рынокторду издөөдөбүз. Жыл башындагы Кытай жаңы жылына байланыштуу жылдын биринчи чейреги экономикалык пландан алганда көрсөткүчтөрү төмөн болот.

Божомолдор боюнча, эгер бул көрүнүш уланса апрель айынан тарта жоготуулар айына 0,2%ды түзүшү мүмкүн. Эгер жалпы тышкы соода жүгүртүү 7 млрд доллар болсо, анын 5 млрд долларын импорт түзөт. Ал импорттун 35%ы Кытайдан келет. Ал сан менен алганда 1,7-1,8 млрд доллар болот. Мындай алганда биз Кытайдан ай сайын 140-150 млн долларга (болжол менен 10 млрд сом) импорт жасайбыз. Алардын 5 млрд сомуна келген импорт ички керектөөгө кетсе, 5 млрд сомго келген продукцияга кошумча нарк салыгы салынып экспортко кетет. 

Кыргызстанга импорттун 35%ы Кытай Эл Республикасынан келет

Зайнидин Жумалиев, Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкы башкармалыктын жетекчиси: «Кыргыз-кытай мамилеси ар дайым достук нукта өнүгүп, чыңдалып келген»

-Чындыгында, Кытай Эл Республикасындагы кырдаал бизди коңшу мамлекет, өнөктөш катары дагы ойлондурат. Бул коронавирус оорусу биздин гана экономиканы гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн экономикасын дагы ойлонтуп турган мезгили. Ошондуктан, акыркы мезгилде бул маселе бизде абдан орчундуу болуп турат. Анткени, Кытай Эл Республикасынын дүйнө экономикасына тийгизген таасири абдан чоң экендигин бардыгыбыз билебиз. 

Кыргыздар айткандай, оору айттырып келбейт эмеспи. Бул дагы күтүлбөгөн жерден чыккан оору, илдет болду. Ошондуктан, көптөгөн мамлекеттерге дагы тарап, бардыгыбызды тынчсыздандырууда. Бул кырдаал качан жөнгө салынат, канчага чейин созулат. Мунун бардыгы белгисиз болууда. Андыктан, Кыргыз Республикасы дагы  бул жаатта өз аракеттерин көрүүдө.

Кытай жергесиндеги кырдаал албетте, бизге дагы өз таасирин тийгизүүдө. Анткени, Кытай менен биздин экономикалык жагдай дагы тыгыз байланышта. Мисалы, КР менен КЭРдин ортосундагы соода жүгүртүү 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард 800 миллион долларды түзгөн болсо, ошонун 1 миллиард 700 миллиондон долларга ашуун товардын көлөмү дал ушул Кытай Эл Республикасынан келген. Кыргызстандан болсо 80 миллион доллардан ашык товар Кытайга чыккан. 

Мына, учурда болуп жаткан коронавирус кырдаалына байланыштуу чек аралар жабык, соода жүгүртүү иштери убактылуу токтоду. Учурда, ички рынокто Кытайдын товарларын жок дегенге болбойт, анткени, жыл сайын январь-февраль айларында кытай жаңы жылына байланыштуу кыргызстандык ишкерлер ал жактан товарларды көп көлөмдө алып алышат. Ошондуктан, азыркы тапта ири базарларыбызда товарлар жетиштүү деңгээлде бар. 

Бирок, учурда бул абал дагы да созула турган болсо, анда «Кытайдан келген товарларды кайсы жактан, кайсы мамлекеттин рыногунан алып, толуктап, кайсы өлкөлөр менен алака түзүү зарыл» деген боюнча дагы иштерди тереңдеп жүргүзүү абзел. Биз Кытайдан башка дагы Турциядан, Россиядан, Индиядан, Пакистандан жана башка мамлекеттерден деле соода-сатык алакаларын жүргүзүп кызматташып келебиз. Бирок, ал жактардан кытай товарларынын ордун толуктоо үчүн кошумча шарттарды түзүү керек болот. 

Анткени, кээ бир товарлар Кытайдан башка жактардан чыккан күндө да биз үчүн жолдун алыстыгы, ташып келүү жагынан дагы маселелер жаралышы мүмкүн. Ошого карабастан, биз башка рынокторду дагы изилдеп, издеп жатабыз. Ишкерлер менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. 

Кытайдын товарларын биздин рынокко алып келүү жолу жеңил.  Биз мына 28 жылдан бери коңшу мамлекет менен соода жүргүзүү жаатына басым жасап, иштеп келгенбиз. Ошондуктан, Кыргызстан дагы бул кырдаал тез арада чечилип, кытай рыногунун ачылышын күтүүдө. 

Мындан тышкары, кыргыз-кытай мамилеси ар дайым достук нукта өнүгүп, чыңдалып келген. Бул жерде жеке гана соода-экономикалык эмес, жалпы бардык тармактарда кызматташуу алакаларыбыз өөрчүп, бекемделип келет. Буга саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык ж.б. тармактарды мисал катары айтып кетсек болот. 

КЭРдин ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салуу багытында дагы алдыңкы орунду ээлеп келишет. Мисалы, алар тарабынан жылына 200-300 миллион доллардын тегерегиндеги инвестиция салынат. Биздеги ири өндүрүш, соода-сатык жаатында дагы көп кытай инвесторлору бар. Жыл сайын КЭР жарандарына жалпысынан 9000дин тегерегинде квота бөлүнөт. Ошондо, биз жалпы квотанын 60%ын Кытай Эл Республикасына беребиз. 

Мындан сырткары, коңшу мамлекеттен бир катар ири гуманитардык жардамдарды алып жүрөбүз. Мисалы, борбор калаабыздагы курулуп жаткан жолдордун көпчүлүк бөлүгү ушул КЭРден келген жардамдын негизинде жүзөгө ашырылууда. Мына, ушул иштердин бардыгы биз үчүн абдан чоң жардам десем жаңылышпайм. 

Сөзүмдүн соңунда айтаарым, Кытай элине, өлкөсүнө ушул илдет менен болгон күрөштө жеңишти каалайм. Ооругандар тез айыгып, бул кырдаал ийгиликтүү жөнгө салынышына тилектешмин.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)