WeChat      Избранное

Каныбек Иманалиев: «Кытай Кыргызстан үчүн чексиз океан»

19/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Каныбек Иманалиев: «Кытай Кыргызстан үчүн чексиз океан»

КР ЖК депутаты Каныбек Иманалиев.

Фото WWW

Кыргыз-Кытай алакасы, дүйнөнү сестенткен COVID-19 коронавирусуна каршы КЭРдин күрөшү жана жеңиши тууралуу КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев биздин гезитке кызыктуу маек куруп берди. Муну менен эле катар, Каныбек Капашович «Бир алкак-бир жол» демилгесинин Кыргызстан үчүн ачкан мүмкүнчүлүктөрү, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорунун мааниси жөнүндө дагы өз ою менен бөлүштү. 

-Каныбек Капашович, Кытайдын учурдагы абалы, коронавируска каршы жүргүзгөн күрөшүнө кандай баа бересиз?

-Мындан бир канча жыл мурун дүйнөнү коркутуп, ойго салган эбол илдети, куш тумоосу болгондугун барбыгыбыз билебиз. Бирок, бүгүнкү күнү чыгып жаткан COVID-19 коронавирусу алардан айырмаланып өтө тез жайылып, оорунун белгилери кеч билине тургандыгы менен коркунуч туудурууда. Ал дүйнөнүн кайсы гана өлкөсү болбосун, пайда болуусу толук ыктымал.

Кытай Эл Республикасы аны менен болгон күрөштү алгачкылардан болуп баштады. Анткени, КЭРдин Хубэй провинциясынын Ухань шаарынын тургундары биринчи болуп бул жугуштуу илдет менен каршылашышты. Учурда, коронавирустун келип чыккан теги кайсы аймак экендиги дагы тастыктала электиги айтылууда. Жакынкы мезгилде бардыгы ачыкка чыгат деп ойлойм. 

Бул өпкө илдети бүткүл адамзаттын ден соолугуна, дүйнөнүн экономикасына эбегейсиз чоң таасирин тийгизди. Ошондуктан, ортодо доллардын курсу кескин өсүп кеткендиги дагы  белгилүү бир көйгөйлөрдү жаратууда. Европанын бир катар мамлекеттеринде көптөгөн компаниялар банкротко учурады. Мисалы, Италияда кыймыл, жашоо токтоп калды. 

Бул дүйнө бүгүн бир-бири менен тыгыз байланышта болуп, бир үй-бүлө экендигин дагы көрсөтө алды. Чындыгында, дүйнө бир эле айыл экен. Кээде чоң мамлекет, кичинекей өлкө, батыш-чыгыш болуп атаандаштык жаратып, жарышып турабыз. Бирок, жогоруда аталгандай коркунуч алдында адамзаттын тагдыры бир кайыктын ичинде экендиги билинди. 

Мына, ушул илдет менен күрөшүүнүн үлгүсүн Кытай Эл Республикасы көрсөтө алды. Жакында эле КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин өзү Ухань шаарына барып, кыдырды. Ал жактан: «Кытай коронавирустун жайылуусун дээрлик токтотту»,-деп жарыя кылды. Бул чоң жеңиш. Анткени, ал жакта коронавирус менен ооругандар абдан көп эле. КЭР бийлиги эң алгач эле, Ухань шаарын карантинге алып, бейтаптар үчүн атайын адистешкен ооруканаларды куруп, ар бир адамдын жашоосу үчүн акырына чейин күрөшүп, көзөмөлдөп, болгон күч-аракеттерин көрүштү. Азыркы тапта, коңшу элде жашоо кадимкидей эле өз нугунда кете баштады. 

Тескерисинче, учурда оорулуулар Италия менен Иранда көбөйүүдө. Аталган мамлекеттер Кытай сыяктуу өз мезгилинде чара көрүп калганда, учурдагыдай кырдаалга туш келбей, мүмкүн токтоп калмак. Эми, азыр күн жылыса бул ысык мамлекеттерде токтойт. Себеби, бардыгыбызга белгилүү болгондой вирус ысык температурага туруксуз келип, жашай албайт. Бирок баары бир, бардыгыбыз сак болуубуз зарыл. 

Жугуштуу илдеттин айынан бүткүл дүйнөдөгү өлкөлөрдүн бюджети жапа чекти. Бизде мына, бир айдан бери коңшу мамлекет менен чек ара жабылып, товар өтө элек. Бажы алымы төмөндөдү. Биздин негизинен сырткы соода катышыбыздын 30%дан ашуунун Кытай Эл Республикасы ээлейт. Демек, биздин бюджеттин толушунун кандайдыр бир пайызы Кытай менен болгон экономикалык карым-катнашка байланыштуу. Учурда, ушул коронавирустун айынан ар кандай эсептер боюнча 5тен 7 миллиард сомго чейин биздин бюджет толбой калышы мүмкүн деген ойлор айтылууда. Ошондуктан, Өкмөт бул кырдаалдын паралелдүү булактарын издеп табуусу абзел. 

Мындан кийин дагы, биринчиден Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул илдет тууралуу жаңы бир чечимдерге келүүсү зарыл. Тактап айтканда, «оору бүттүбү, бүткөн жокбу? Анын көйгөйлөрүн чечүү жолдору, илдетти изилдөө» жаатында дагы бир катар чараларды көрүүлөрү керек. Экинчиден болсо, ар бир мамлекет аталган уюмдун чыгарган чечимдерин так жана даана аткаруусу зарыл. Үчүнчүдөн, COVID-19дун вакцинасы ойлонулуп табылса, аны тез аранын ичинде дүйнө боюнча эмдөө иштерин жүргүзүү боюнча иштерди аткаруу. Мындан дүйнө эли Кытай Эл Республикасынын үлгүсүндө сабак алып, чечимдерди чыгаруусу керек. Чындыгында, бул кырдаалда Кытай мамлекеттин күчүн көрсөтүп, чекитти койду. 

-Сиз КР ЖКнын Кытай Эл Республикасы менен болгон достук тобунун мүчөсү катары, Кыргызстан Кытай менен кызматташууну кандай нукта өнүктүрүүсү зарыл деп ойлойсуз?

-Биз ВТОго 1996-жылы КМШ мамлекеттеринен алгачкылардан болуп өттүк. Ошол учурда, Кыргызстан КМШ менен Кытайдын ортосунда чоң базар болду. Дордой менен Кара-Суу базарларындай КМШ боюнча ири базарлар жок болчу. Биз коңшу мамлекеттин товарын алып, КМШ мамлекеттерине, Орто Азияга сатып күн көрдүк. Болбосо, ал кезде Советтер Союзунун жоюлушу менен өлкө кыйын кырдаалга учурап, жүздөгөн фабрикалар жабылган. Жумушсуздук көбөйгөн. Элибиз ошол соода-сатыкты үйрөнүп, жан сактай баштаган. Бул алака бизге жаңы жумуш орундарын түзүп, салыктын жаңы түрлөрүн үйрөттү. 

Тарых барактарына сереп салып көрсөк, эки элдин ортосундагы алака миңдеген жылдар бою улантылып келет. Кыргыздар жана кытайлар бардык тарыхый этаптарда ар качан маданий, экономикалык жана геополитикалык ж.б. тармактарда, эки тарапка тең пайдалуу мамилени курууга аракет кылып келишкен. 

«Кыргыз Ээлиги» -мамлекеттик биримдиги тууралуу эң алгачкы маалымат б.з.ч. 3-кылымдын акырында Хань доорунун жазма булактарында белгиленип калгандыгы дагы буга толук далил. Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилесинин гүлдөп турган учуру Тан династиясынын (618-907 жж.) мезгилине туура келген. Ал убакта, Кытай империясы менен өнөктөш болуу, кыргыздар үчүн кошумча коргоого ээ болууну гана түшүндүрбөстөн, сырткы дүйнөгө дагы чыгууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген. Енисей каганатынын статусунун жогорулашы, анын башка уруулар менен болгон байланышын бекемдеген. Ал мезгилде, Кыргызстан Кытай үчүн маанилүү шериктеш болгон. Себеби, Улуу Жибек жолу каганаттын аймагы аркылуу өтүп турган. 

Азыркы Орто Азиянын бир дагы элинде мындай тарых жок. Кыргыз-кытай алакасы ошол кезде эле достук, өнөктөштүк мамиледе экендигин көрүп турабыз. Эки тараптын бир-бирине жолдогон каттарында эч кандай жаман ой, жаман сөз жок. Тарыхта белгилүү болгондой Кыргыз каганаты Уйгур, Түрк каганаттары менен кээде курч мамиледе болгон. Бирок, ата-бабаларыбыз коңшу эл менен ар качан достук байланышын чыңдап, дипломатиялык мамилесин өнүктүрүп келген. 

Ал эми, эки элдин алакасынын жаңы доору, 1991-жылы, Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныгандан башталды. Ошол мезгилден бери, эки мамлекеттин кызматташтыгынын өнүгүү жолу жаңы баскычка көтөрүлдү.

Бардыгыбыз билгендей, Кытай жергесинде 200миңден ашуун кыргыздар жашайт. Алар кыргыз тилин бизден жакшы сүйлөп, каада-салтыбызды ыйык тутуп, комуз менен «Манасты» даңктап келишет. Демек, ал жакта улуттук саясат туура жүргүзүлүп, туура нукта өнүгүүдө. Башка мамлекеттерде жашап калган кыргыздарыбыздын тилине, улуттук баалуулуктарына ушунчалык деңгээлде көңүл буруп, урмат-сыйга бөлөгөнүн, чындыгында көрө элекпиз. 

Биз учурда, коңшу мамлекеттен товар гана эмес, тажрыйба алуу доору келди. Кытай бүгүнкү күнү дүйнөдө IT технология, текстиль боюнча лидер. Ал алдыңкы беш жыл аралыгында дүйнөдөгү биринчи экономикага ээ болот. Демек, биз Кытайдан коркунуч издебей, ал жактан мамлекетке пайда издөөбүз керек. Биздин балдар Кытайдан окуп, билим алып, алардын инженериясын, IT тармагын, жаңы продукциясын Кыргызстанга алып келүүсү абзел. 

Дүйнөдө океанга жакын мамлекеттер өнүгөт, анткени жол акысы арзан. Кыргызстан мындай мүмкүнчүлүктөн алыс. Бирок, биз үчүн чоң океан Кытай. Ошондуктан, Кытай Эл Республикасынын рыногуна Кыргызстандын товарын киргизүү жолдорун издеп, ушул багытта иш алып баруубуз керек. КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан демилгеленген «Бир алкак-бир жол» долбоорун жүзөгө ашырууга 3 триллион доллардын тегерегинде сумма бөлүнүүдө. Бул канчалаган мүмкүнчүлүктөрдү ачып, канчалаган иш-аракеттерди аткарууга мыкты шарттарды түзүп берүүдө. Биз бул мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдонуп калуубуз абзел. 

Бул долбоорго кирип, өндүрүштү, сооданы, логистиканы өнүктүрүп, темир жолду салуубуз зарыл. «Бир алкак-бир жол» жеке гана Кытайдын келечеги үчүн маанилүү болбостон, жалпы Борбордук Азия үчүн дагы баалуу. Америкалык социолог, окумуштуу, философ Фрэнсис Фукуяма өз сөзүндө: « «Бир алкак-бир жол»  долбоорунун иш жүзүндө аткарылуусунун негизинде, Борбордук Азия глобалдуу экономиканын перифериясы гана болбостон, анын борборуна айланмакчы», - деген оюн билдирген. Аны менен макул болууга толук шарттар бар. Чындыгында, аталган долбоордун Индонезиядан Польшага чейинки аралыктагы мамлекеттерди ичине камтыганы, анын масштабдуулугунан кабар берет. Бул болсо, Борбордук Азияны «экономикалык артерияга» айлантмакчы.

-Темир жол куруу демекчи, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоору бүгүнкү күнгө чейин жүзөгө ашырылбай келет. Ушул жаатта өз оюңузду билдире кетсеңиз?

-Биринчиден бул багытта биз убакытты уттуруп койдук. Аны 1997-98-жж. баштоо керек болчу. Себеби, ал кезде Пакистан ШКУга мүчө эмес эле. Азыр Пакистан аркылуу кеткен жол арзан жана бир канча километрге жакын болуп калды. Экинчиден, Казакстан өзүнүн жолунун багытын куруп алды. Үчүнчүдөн болсо, азыркы мезгилде ал жаңы жолду куруубуз көп өлкөлөргө атаандаштыкты жаратат. Төртүнчүдөн, биз эл аралык мамилелерде чоң державалардын кызыкчылыгын эске алуу менен бул маселени чечүүгө туура келип калып жатат. 

Менин жеке пикиримде, Кыргызстанды келечекте өнүктүрө турган 3 гана жол бар. Алгач, реформа жүргүзүү, коррупцияны жоюу жана ушул темир жолду жүзөгө ашыруу. Ошондо, биз алдыга ишенимдүү кадам таштап, жакшы өнүгүү деңгээлине жете алабыз. Бул жерде темир жолду Кыргызстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, балким Россиянын кызыкчылыгын эске алуу менен ишке ашыруу керек. Анын акцияларын көзөмөлдөө пакети бир мамлекетке таандык болбоосу зарыл. Чындыгында, бул темир жол келечекте өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтмекчи. Муну менен эле катар, Кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рынокторду ачууга зор салымын кошмокчу. 

Кытайда эпидемиологиялык абал турукташууда

Үстүбүздөгү жылдын 10-март күнү Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Хубэй провинциясынын административдик борбору болгон Ухань шаарында болуп кайтты. Бул күнү ал коронавирус менен күрөшүү үчүн, он күндө өзгөчө кырдаалдар шартында курулган инфекциондук ооруканада болду. Ал жактан, видео байланыш аркылуу дарыгерлер жана бейтаптар менен баарлашты. Муну менен эле катар, шаардын райондорунун биринин тургундары менен жолугушту.

КЭР лидери өз сөзүндө: «Кытай коронавирустун жайылуусун дээрлик токтотту», -деп белгиледи. Акыркы учурда, Кытайда өлүмгө алып келген дарттан айыккандардын саны азаюуда. Алсак, ооруканадан 77,7% адам чыгарылган. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдирди.

Соңку маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгенткен илдетти 80 миң 793 адам жуктурса, алардын 62 миң 793ү айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Кытайда коронавирус пайда болгондон тарта Хубэй провинциясын эске албаганда илдетти 13 миң 12 адам жуктурган, алардын 113ү көз жумган. Ал эми Хубэйде дартты жуктурган 67 миң 781 учур катталган. Эпидемия 3 миң 169 адамды өлүмү менен аяктады. Ал орто эсеп менен 3,9%ды түзөт.

Акыркы учурда Кытайда эпидемиологиялык абал турукташып келүүдө. Бир күндө коронавирусту жуктурган 15 учур гана катталган.

 КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Ухань шаарында.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)