Айнура Акматова: “Колго тигилген беткаптарды колдон келсе колдонбоо керек”
Сүрөт интернеттен алынды
Колго жасалган беткаптарды колдонууну Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуштаган эмес. Бул тууралуу Өкмөт үйүндө Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Учурда, коронавирус дарты дүйнөнүн 195 мамлекетинде бар экендиги айтылууда. Ошондуктан, чек аралар дагы жабылып, көптөгөн эл аралык ишмердүүлүккө өз кедергисин тийгизүүдө. Алардын катарын беткаптарды даярдоо маселеси дагы турат. Ошондуктан бул жаатта Өкмөт жигердүү иш-аракеттерди көрүүдө.
Чындыгында, биздин жарандар ар кандай беткаптарды колго жасап жатышат. Алар ар кандай өздөрү сатып алган, өздөрү билген материалдардан тигип жатышат. Бирок бул беткаптар ошол вирустан сактайт, аны колдонууга болот деп Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуштаган эмес. Ошондуктан, колдон келсе мында беткаптарды колонбоо керек.
Коңшу мамлекеттин өндүрүш ишканалары өз ишмердүүлүгүн улантып башташты. Ошондуктан, Кытай Эл Республикасы менен Экономика министрлиги, Өкмөт бул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”,-деп билдирди Айнура Акматова.
Эске сала кетсек, бүгүн белгилүү болгондой, учурда дагы коронавирус жуктурган 2 жаңы учур катталган. Алар эркек кишилер. Бирөө Дубайдан учуп келсе, экинчиси коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгон. Алар - бирөөсү Чүй облусунун, ал эми экинчиси Бишкек шаарынын тургундары.
Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 3, Чүй облусу - 1 адам.
2020-жылдын 25-мартынан тарта 15-апрелине чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.
последние
Рекомендация
- 1На КПП «Ак-Тилек» вновь километровая пробка
- 2Откройте дверь переписчику!
- 3Айнура Акматова: “25-мартка карата Кыргызстан боюнча жугуштуу илдетти жуктургандардын саны 44гө жетти”
- 4Китай помог Кыргызстану с экспресс-тестами на COVID-19
- 5Жогорку Кенеш КР утвердил Указы Президента КР о введении чрезвычайного положения