WeChat      Избранное

Айнура Акматова: “25-мартка карата Кыргызстан боюнча жугуштуу илдетти жуктургандардын саны 44гө жетти”

25/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Айнура Акматова: “25-мартка карата Кыргызстан боюнча жугуштуу илдетти жуктургандардын саны 44гө жетти”

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүнкү күнү 2020-жылдын 25-мартында саат 14:00го Кыргызстан боюнча жугуштуу илдетти жуктургандардын саны 44гө жетти. Бул тууралуу Өкмөт үйүндө болуп жаткан маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бирөөсү – 1960-жылкы эркек киши Бишкек шаарында (байланышта болгон), бирөөсү – 1985-жылкы эркек киши Чүй облусун Москва районунда (Дубайдан келген). Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен: Ош облусунда – 20 учур, Жалал-Абад облусунда – 19 учур, Бишкек шаары – 3 учур, Чүй облусунда – 1 учур, Баткен облусунда – 1 учур.

Муну менен эле катар, Айнура Акматова жалпы кыргызстандыктарды өздүк гигиенаны сактоого чакырды.

Көчөдөн үйгө кайткандан кийин сактала турчу эрежелер: Бут кийимди кире бериште чечүү жана калтыруу. Кир колдор менен эч нерсени кармабоо. Сырткы кийимди кире бериште калтыруу. Эгерде сиз үй жаныбарыӊыз менен сейилдеп келсеӊиз, анын тамандарын да тазалаӊыз. Ачкыч жана капчыкты өзүнчө текчеге же кутуга коюӊуз. Душка түшүп же денеӊиздин ачык бөлүктөрүн жууӊуз. Уюлдук телефонуӊузду жана көз айнегиӊизди курамында спирт бар каражат менен тазалап сүртүӊүз. Кол каптар менен беткаптарды кескилеп, капкагы менен жабыла турган кутуга ыргытыӊыз.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)