WeChat      Избранное

Абдишарип Бекилов жана Кыргыз Гидрометеорология агенттигинин Кытайдагы сапары

07/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Абдишарип Бекилов жана Кыргыз Гидрометеорология агенттигинин Кытайдагы сапары

                                                                                                        Солдон бешинчи Абдишарип Бекилов

Фото маектештики 

Демейде “жеңил барып, оор келди” деп маектешибиз. Буга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин мүдүрү Абдишарип Бекиловдун жакында Кытай жерине болгон сапарын айтсак туура болчудай. Көпчүлүктүн катарынан чыкпай кадырлуу конок болуп келсе деле жарашмак, бирок “Гидрометтин” жетекчиси андайлардан эмес. Эмесе кеп кезеги менен болсун.

Таң калтырганын койбогон Кытай 

-  Алгач, кайсы шаарга барганыңызга, сапардын максаты жөнүндө кыскача маалыматка токтолсок... 

- 2019-жылдын сентябрь айынын орто ченинде Кытайдын Ляньюньган (Цзянсу провинциясы) шаарында “Бир алкак– бир жол” демилгесинин алкагында Метеорологиялык камсыздоо боюнча эл аралык форум болуп өттү. Мындай илимий-практикалык жыйын КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси менен алты жылдан бери өткөрүлүп келет.  Окумуштууларды чогулткан калаа Кытайдын деңиз менен чектешкен провинциялар аймагынын борбордук тарабында орун алган. Сары деңиздин жээгинде жайгашып, аба-ырайы мелүүн шаар. “Бир алкак– бир жол” демилгесинин стратегиялык таяныч орду болуп, жаңы Евразиялык континенталдык көпүрөнүн чыгыш плацдармы болуп келүүдө. 

Метеорология  жагын карасак, Ляньюньган шаары жайгашкан Цзянсу провинциясында эле 13 муниципалдык метерологиялык жана 67 уезддик метерологиялык кызматтар иш алып барат экен. Ал уюмдарда кызмат кылгандардын жалпы саны 2 миң киши. 

Сандардын тили менен айтсак, провинцияда 1 миң 800 автоматташтырылган метеорологиялк станция жана 9 доплердик радар иштейт. Доплердик радар болсо, кадимки радардан айырмасы аба кыймылынын ылдамдыгын өлчөп берип, анын артынан метеорологиялык кырдаалдын кескин өзгөрүлүшүн тез жана тагыраак аныктап берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Чоң ишенич менен куюн, бороон-чапкындарды алдын ала айтууга болот. 

Үйрөнчү нерселер көп экен, бирок...

- Кытай жергесинен кандай таасир алдыңыз? 

- Кытай мамлекети метерологиянын өнүгүшү жагынан сап башында экенин тек гана угуп келсем, бул ирет өз көзүм менен көрүп, көп нерсеге күбө болдум. Ал жердеги метеостанцияларга бардык, презентацияларын тартуулашты, көргөзмөлөрдү уюштуруптур, өткөндө өнүгүп атканы тууралуу кеп кылсам, чындап эле өнүгүптүр, жерин көрүп келдик. Албетте үйрөнчү нерселер көп экен, бирок биз деле артта эмеспиз. 

Форум алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде кытай кесиптештер Агенттикке 3 автоматташтырылган заманбап метеостанция жана 2 гидрологиялык постторду бекер берүүгө макул болушту. Бир станция эле нечен миңдеген АКШ доллары тураарын айтсак, жардамдын көлөмү кыйла жогору экени айтпасак да белгилүү болчудай.   

Колдоо “Бир алкак– бир жол” демилгесинин алкагында болуп жаткандыктан, Агенттик жаңы станцияларды бир убакта айтылуу Жибек Жолу өткөн кан жолдорго жакын кылуу максатында, Торугарт, Эркештам жана Чоң-Алайдын Карамык айылынын жанына орноштурууну болжоодо. 

Ушу жылы 16-ноябрда Пекин шаарына барып, ошол жерден маселени дагы бир жолу такташып, келишимге кол коюп, берилчү метеостанция, гидропосттор боюнча акыркы чечим кабыл алынат деп күтүүдөбүз. 

Абдишарип Бекилов жана Кыргыз Гидрометеорология агенттигинин Кытайдагы сапары

                                                         Кытай кесиптештери менен метестанция имаратынын алдында 

- Сиз айткан Карамык айылындагы метеостанциянын эскилиги жеткенби? 

- Жок, ал жерде мурун метеостанция болгон эмес. Сары-Ташта бар, бирок кыш маалында ал жактын аба-ырайы катаал болуп маалымат алуу кыйынга турат. Ашууларда жол кээде 15-20 күнгө чейин жабылып калган учурлар көп. Торугартта да абал ошондой.  

- Жаңы келүүчү станциялардын өзгөчөлүгү кандай? Аларды иштетүү үчүн жаңы кызматкерлерди ишке аласыздарбы? 

- Негизи, адис болсо жакшы болмок, бирок азыр штат ачуу маселеси бизде тартыш. Ал эми станциялар өзү автоматтык түрдө туташтырылып, аба-ырайы боюнча  маалымат түз бизге келе берет. 

- Ал жер ээн талаа эрме чөл болсо, электр тогу кайдан келет? Тегерек чети тосулабы?

- Албетте тосулат. Бул боюнча Дүйнөлүк метеорология уюмунун талаптары бар. Токту күн батареясы менен алат, андан сырткары, зарыл учур үчүн жакын арадагы чек ара постторунан тартып келсек  болот. Станциялар чек ара постторуна жакын коюлат, себеби вандализмден да сактаныш керек. 

- Жалпы эле эл аралык форумдан кандай таасир алдыңыз? 

- Биз бул багытта өтө артка калган мамлекет эмеспиз. Кошуна мамлекеттерден бир топ алдыдабыз. Каерде болсо да  сыймыктанып айта алабыз. Бирок, кытай кесиптештерибиз менен салыштырганда, алдыга умтулууга кенен талаа бар экени талашсыз. Анткени, алардын атайын изилдөө институттары бар, окуу жайлары. Ал жакка биздин адистер барып илимин өркүндөтүп келишет, 2-3 жумалык курстарга барып келгендери бар.

Абдишарип Бекилов жана Кыргыз Гидрометеорология агенттигинин Кытайдагы сапары

                                                                                            Көргөзмөдөн бир ирмем 

- Алар технологиялык жактан алдыга кеткен, демек биздин адистер Кытайга барганда негизинен  жаңы аппараттар менен иштөөнү үйрөнөбү? 

- Баардыгын туура десем болот. Мисалы, советтик маалдан бери калган ыкмалар бар, ошон үчүн эски ыкма менен иштей бербей, жаңы ыкмаларга өтүү керек, жаңылануу болуп туруусу абзел. Мисалга айтсам, бир жылдан кийин кадимки эле күндөлүк турмушта колдонуп келинген, кесипкөйлөр колдонуп келген ичинде сымап бар термометрлерди колдонууга тыюу салынат. Бул Дүйнөлүк Метеорология кызматынын чечими. Ал уюмдун мүчөсү болгондон кийин чечимин аткарууга тийишбиз. Биз коомдон калбай, спутник болсо спутнике өтүп, автоматташтыруу керек болсо ыкчам түрдө ошого өтүшүбүз керек. Бүгүндөн калбай чуркоо зарыл. 

- Кытайдан билим алып келген адистер алып келген жаңы билимин бул жерде колдонуп жатабы?

- Алар өзү жөнөп жатканда, билимин Кыргызстан үчүн колдонобуз деген максат менен жөнөшкөн. Эми келип колдонуп атат. Жеке өзүм да маектешип көрүп, алар адис катары бир топ бийик дэңгээлге өскөнүн байкадым. Билимдери өтө күчтүү.

- Адистерди окууга, курстарга жыл сайын жөнөтүп турасыздарбы?  

- Биз Кытай менен кызматташууга өтө кызыкдарбыз. Метеорология боюнча КЭР дүйнөдө алдынкы орунда, ошон үчүн алдыңкы өлкөлөр менен иштешибиз керек. Жаш адистерди Финляндияда, Швейцарияда окутуп атабыз. Финдер менен тыгыз байланышта иштейбиз, мисалы кар көчкү боюнча. Кечээ да Кытайга барганда адистерди даярдоо боюнча сүйлөшүп келдик, ал тарап акысыз окутуп берүүгө даяр.  Эң негизгиси эки өлкө башчылары (Кытай менен Кыргызстан) кызматташтууга жол ачып берди, эми ошол жол менен алга жыла беришибиз керек. 

(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)