WeChat      Избранное

Катардын дарыгерлери Кыргызстанга келип акысыз операция жасашы мүмкүн

03/10/2019  Источник:Sputnik   шрифта:

Катардын дарыгерлери Кыргызстанга келип акысыз операция жасашы мүмкүн

Фото WWW

Катар өлкөсүнүн кайрымдуулук уюму Кыргызстандын аймактарына медициналык мекемелерди куруп берүү ниетин билдирген.

Катардын дарыгерлеринин кыргызстандыктарга акысыз операция жасоо маселеси каралып жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министр Космосбек Чолпонбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолуккан. Анда элчи кайрымдуулук уюму медициналык мекемелерди курууга каражат берүүгө даяр экенин айткан. Ошондой эле ал Кызыл-Кыядагы оорукана жакын арада курулуп бүтөрүн маалымдаган.

"Биз өлкөнүн аймактарына ооруканаларды куруу жана материалдык-техникалык базаларды жаңылоо боюнча саламаттык сактоо секторуна жардам берүүгө ынтызарбыз", — деп айткан Катардын элчиси.

Кийинчерээк кошумча дагы жолугушуу өткөрүп, оорукананын айрым маселелери жана катарлык дарыгерлердин жергиликтүү адистер менен биргеликте акысыз операция жасоо маселесин талкуулашат. Операциянын жол-жобосу тууралуу азырынча айтыла элек.

(Автор:Аноним / Редактор:GL)