WeChat      Избранное

“АгроТехЭкспо-2019” Республикалык көргөзмөсү фермерлер үчүн ачылган мыкты мүмкүнчүлүк

07/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

“АгроТехЭкспо-2019” Республикалык көргөзмөсү фермерлер үчүн ачылган мыкты мүмкүнчүлүкСүрөт редакцияга таандык

2019-жылдын 25-27 сентябрында Бишкек шаарынын эски аянтында “АгроТехЭкспо-2019” Республикалык көргөзмөсү   өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын айыл товар өндүрүүчүлөрүн жана айыл чарба субъекттерин агроөнөр жай комплексиндеги жаңы техникалар жана заманбап технологиялар менен тааныштыруу жана маалымдоо, айыл чарба техникаларын сатуу рыногунда атаандаштык чөйрөсүн түзүү максатында уюштурулду. 

Көргөзмөнүн негизги максаты айыл товар өндүрүүчүлөрүн жана ар түрдүү формадагы айыл чарба субъекттерин өсүмдүк өстүрүүдө, мал чарбасында жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү үчүн ишканаларында заманбап үлгүдөгү айыл чарба техникалары, унаалары жана жабдуулары менен тааныштыруу болуп саналат. 

Муну менен катар эле, республиканын агро өнөр жай комплексин механизациялоо жаатында инновациялык технологиялар менен тааныштыруу, ошондой эле, айыл чарба техникасы, машина жана жабдуу рыногунда техникаларды жеткирип берүүчүлөр-импорттоочулар арасында атаандаштык чөйрөсүн түзүү дагы башкы максаттардын бири. 

“АгроТехЭкспо -2019” Республикалык көргөзмөсү - жер иштетүүдө колдонулуучу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрүнөн жасалып чыккан айыл чарба техникаларынын бардык түрүн камтыган тракторлор, комбайндар, жер иштетүүчү жана тоют жыйноочу техникалар, себүүчү машиналар, жер семирткич чачуучу машиналар жана жабдуулар, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча техникаларды көрсөтүү боюнча атайын экспозиция болуп эсептелет. 

Мындан сырткары, көргөзмөдө кайра иштетүү өнөр жайында колдонулуучу жабдуулар жана машиналар сунушталды. Бул көргөзмөдө туруктуу өнөктөштөр менен маанилүү маселелерди талкуулоо жана сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүп, керектүү техникаларды сатып алууга мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. 

Белгилей кетсек, “АгроТехЭкспо-2019” айыл чарба техникасынын көргөзмөсүндө 24 өлкөнүн 30дан ашуун компаниясы, ошондой эле республиканын ар башка аймактарынан дыйкандар жана фермерлер катышты.

Замирбек Аскаров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри: “Биз айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга жана анын өздүк наркын азайтууга жетишүүгө тийишпиз”

-Айыл чарбасын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу – тармактын алдындагы маанилүү милдеттердин бири. Айыл чарбасынын потенциалын күчөтүү, биздин дыйкандарыбыздын жана кайра иштетүүчүлөрдүн жаңы технологияларды колдонуусу заман талабы болуп саналат. Мында дүйнөлүк алдынкы өндүрүүчүлөрдүн агрардык өнөр жай комплекси үчүн техникаларынын жана технологияларынын толук спектри сунушталган.

Биз айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга жана анын өздүк наркын азайтууга жетишүүгө тийишпиз. Бул биздин продукциянын ЕАЭБ рыногунда жана үчүнчү өлкөлөрдө атаандаштыкка жөндөмдүү болушун шарттайт. Тартылган инвестицияларды эске алуу менен бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүгө “Айыл-банк” ААКга 2,5 млрд. сомго жакын каражат бөлүнгөн. 

Мындан тышкары өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөрдүн негизинде машина-трактордук станциялар техникалык кызмат көрсөткөндө жана айыл чарба техникасын алганда кошумча нарк салыгынан бошотулган. Бүгүнкү күнү республика боюнча 90 МТС иштейт, анын 37си – муниципалдык ишкана катары саналат.

Жыл сайын дыйкандар 1000 даанадан ашык атайын техника сатып алышат. Алсак, бул жылы жалпы суммасы 1 млрд. 890 млн. сомго дагы 1200 даана сатып алуу күтүлүүдө. Анын ичинен 400 даанасы лизингге берилген. Муну менен бирге бөлүнгөн каражаттар дыйкандардын айыл чарба техникасына болгон керектөөсүн толук канааттандыра албайт. Ошондуктан биз айыл чарбасын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу боюнча күч-аракеттерди көрүп жатабыз. Бул көргөзмөнүн потенциалдуу кардарлары аймактарда жана ал жактарда дагы мындай иш-чараларды өткөрүү зарыл. 

Чодуев Эркинбек, КРдин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри: “Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы айыл чарба тармагындагы соода-өндүрүш кызматташуу алакалары динамикалуу түрдө өнүгүүдө”

-Бүгүн Бишкек шаарында кезектеги Агро өнөр жай көргөзмөсү болуп жатат. Бул көргөзмөнүн негизги максаты биздин дыйкандарды, фермерлерди ушул айыл чарба тармагындагы жаңы технология, техникалар менен тааныштыруу болуп саналат. Негизи ушул жерде көптөгөн келишимдер түзүлүп, көргөзмө жыл сайын жогорулоонун үстүндө. Бул жаатта биздин банктар дагы жакшы кызматтарды көрсөтүп жатат. Банктар аркылуу, лизинг маселесин чечүү менен жаңы техника, технологияга фермерлерибиз ээ болууда. 

Ушул көргөзмө аркылуу дыйкандарыбыз дүйнөдөгү жаңы технологиялар менен дагы тааныша алышат. Жарманкенин жыйынтыгында алар өздөрү каалагандай техникасын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Бул жерге 24 мамлекеттен 30дан ашуун компания өздөрүнүн продукциялары менен келип катышып жатат. Чындыгында, бул эл аралык деңгээлдеги чоң көргөзмө. Учурда, Кыргызстанда айыл чарба техникалары боюнча жалгыз ушул гана көргөзмө өтөт. Быйыл алтынчы жыл өткөрүлүүдө. Өткөн жыл, 2018-жылдан баштап “АгроТехЭкспо” аталышында Өкмөттүн жана Айыл банктын колдоосу менен өткөрүп келүүдөбүз. 

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы айыл чарба тармагындагы соода-өндүрүш кызматташуу алакалары динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Кытай биздин экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыбыз үчүн чоң рынок деп ишенимдүү түрдө айта алышат. 

Мына, жакында эле мен коңшу мамлекетке жумушчу сапар менен болуп кайттым. КЭРдин башкы чек ара кызматынын жетекчилери менен жолуктум. Муну менен катар эле, Кытайдын айыл чарба иштери боюнча министри менен жолугушуп, ушул тармак жаатындагы кызматташууларды тереңдетүү боюнча дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Жана дагы “Экспо Пекин-2019” көргөзмөсүнө катыштым. 

Кытай Эл Респубикасы биздин жеке гана коңшу мамлекетибиз болбостон, мыкты өнөктөшүбүз экендигин дагы ишенимдүү түрдө айта алабыз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)