WeChat      Избранное

Ак ийилет бирок, сынбайт

15/04/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Ак ийилет бирок, сынбайт

Сүрөт интернеттен алынды

“2019-жылдын 6-март күнү мен үчүн эң кубанычтуу күндөрдүн бири болуп калды. Себеби, дал ушул күнү мен Кыргыз Республикасынын сот системасынын таза жана ак иштээрине күбө болуп, КРдин Жогорку соту тарабынан акталып чыктым. Эми, Кыргызстандын аймагынан чыгууга толук укугум бар. Өз жергеме кайтып барып, үй-бүлөм, жакындарым менен көрүшө алам. Бул чоң бакыт”-деп, Шухрад мырза маекти өзгөчө толкундануу менен баштады. 

Ойго ашпаган жакшы тилек 

Шухрад Абилизи тууралуу кыскача маалымат бере турган болсок, ал Кытай Эл Республикасынын жараны. Кыргызстанга келип өз ишмердүүлүгүн баштоосуна анын аталаш тууганынын бул жакта иштөөсү себеп болгон. Тууганы көп жылдан бери Кыргызстанда жеке ишин ачып, ийгиликтүү иштеп келе жатат. Ошондуктан, Шухрад мырза да 2004-жылы  бул жакка келип, аны  менен бирге иштешүүнү чечет. 

Иш башында бир катар ийгиликтерди жаратып, кеңейип, өнүгөт. 2006-жылы август айында Шухрад мырза өзүнүн жеке компаниясын Үрүмчүдөн каттатып, ачат. Компанияны “Импорт жана экспорт Ули Кайер” ЖЧКсы деп атайт. Компания эл аралык соода-сатык иштери менен алектене баштайт. 

Андан соң, бир катар изилдөө иштерин жүргүзгөндөн кийин, 2008-жылдын апрель айында жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте жаңы компанияны негиздешет. Компания Кытай Эл Республикасынын Соода-сатык министрлиги тарабынан бекитилип, Кыргызстанда жайгашкан Кытай элчилигинин дагы каттоосунан өткөн. Ал Чүй облусунун Кант шаарында жайгашып, курулуш иштерине керектүү материалдарды чыгаруу жаатында иш алып бара баштайт. 2009-жылдын май айында кирпич заводу курулуп бүтүп, толук кандуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштайт. Тактап айтканда, алгачкы өндүрүш иштери башталат. Жергиликтүү калк дагы ондогон жумуш орундары менен камсыз болот. Бул заводдо заманбап, акыркы үлгүдөгү технологиялык жабдыктар колдонулуп, өндүрүлгөн товарларлардын сапаттуулугу жогорку деңгээлде чыга баштаган. Салык төлөөнүн көлөмү боюнча дагы Чүй облусунда экинчи орунду ээлеп келген. Өндүрүш иштери жакшы жолго салынып, заводдун продукцияларына кардарлар тарабынан суроо-талап көп болуп, компаниянын ишмердүүлүгү өнүгүп-өсө баштаган. Ал Кыргызстан ичинде кирпич чыгаруу боюнча эң алдыңкы завод болуп калат. 

Мына, ушундай завод жакшынакай иштеп жаткан кезде жергиликтүү ишкерлер арасында өз ара түшүнбөөчүлүктөр орун алып, алардын бири жалган жалаа менен сотко кайрылат. Ошентип, компанияда иликтеп-изилдөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу ал өз ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур болот. 

Шухрад мырза компаниянын башкы директору болгондуктан сот процесстерине жоопкер катары катышып, сот иштери бүткөнчө ага Кыргызстандан чыгууга тыюу салынат. Компаниянын ишмердүүлүгүнө, каржы иштерине байланыштуу бардык документтер укук коргоо органдарына тапшырылып берилет. Завод иштебей калгандыгына байланыштуу, бардык кызматкерлер өз жумуш орундарынан айрылып, башка жумуш издөөгө аргасыз болушат.  

Заводдун техникалык жабдыктардын бүгүнкү күндөгү абалы абдан начар, кайра оңдотуп ишке киргизүүгө жараксыз болуп калгандыгын сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Бир мезгилде Кыргызстан боюнча эң көп кирпич чыгарган завод, азыр чөп басып кеткен, эч нерсеге жараксыз темир-тезекке айланган. 

Ак ийилет бирок, сынбайт

Кирпич заводдун азыркы абалы.

“Мыйзам инвестор үчүн “кол чатыр” болуп берээрине ишендим”

2019-жылдын 6-март күнү Кыргызстандын Жогорку соту Шухрад Абилизини күнөөсүз деп таап, актап чыкты. Чындыгында, ал райондук, облусттук соттор тарабынан дагы өз убагында акталган. Мына, дал ушул күнү Шухрад мырза жогоруда өзү айткандай Кыргызстандын сот системасынын калыс жана адилет чечим чыгараарына күбө боло алды. Азыр ал үстүнөн оор жүктү алып салгансып, өзүн абдан жеңил сезип жаткан кези. Бирок, баары бир анын жүзүнөн чарчоонун, көзүнөн болсо үй-бүлөсүнө болгон кусалыкты көрүүгө болот. 

Шухрад мырза: “Мен үчүн бул жылдар абдан оор жылдардан болду. Ушул убакыт аралыгында, бардык сот процесстерине катышып, ар бир майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп, ар бир техникасына аярлап мамиле кылып курган заводдун көзүмдүн алдымда иштебей, бузулуп жатышы абдан оор тийди десем жаңылбайм. 

Канчадан бери тынч уктай элекмин. Үй-бүлөм менен көптөн бери байланыша албаганымдын себеби дагы дал ушул. Карыган апама, бир туугандарыма, балдарыма бул тууралуу айта алган жокмун. Ашыкча санаа тарттыргым келген жок. Бирок, аларга жолугушууга бара албай, убайымга салгандыгым үчүн өзүмдү абдан күнөөлүү сезүүдөмүн. Кайын атам кайтыш болгондо да Кытайга бара албадым. Ошондо гана жубайыма чындыкты айтууга туура келди. Улуу кызым да катуу ооруду. Ал кезде да жанында боло алган жокмун.  

Кандай болгон күндө да, чындык жеңди. Кыргызстандын мыйзамдары так иштейт экен. Бул мен үчүн чоң тажрыйба болуп калды десем жаңылышпайм. Мыйзамды сактап, туура жана ак иштөө ар бирибиздин милдетибиз. Ошондуктан, мыйзам инвестор үчүн “кол чатыр” болуп берээрине ишендим. Сырттан келип иштеп жаткан бардык ишкерлерге эң негизгиси өз ишиңерди так билип, мыйзам чегинде иш алып барсаңар бардыгы жакшы болот демекчимин. Мен ушул тажрыйбам аркылуу Кыргызстанда адилеттүү сот системасы иштейт экендигин бардыгыңыздарга айткым келди. 

Учурдан пайдаланып Кыргызстанга инвестиция кылууну көздоп жаткан ишкерлерге бир нече кеңеш берүүнү туура  көрүп жатам. Алгач, компания курулчу жергиликтүү аймакты ар тараптуу изилдеп чыгуу керек. Бардык жактарын ойлонуп, шашпай чечим кабыл алуу зарыл.  Эч шашпоо абзел. Алдын-ала кандай чыгашалар болоорун тактоо керек, тобокелдикке салып, иш баштап алуу коркунучтуу. Өнөктөштөрдү дагы туура тандап алуу абдан маанилүү. Анын ишмердүүлүгү, айланасындагы жакын адамдары менен дагы таанышып, билүү ашыктык кылбайт. Анан, албетте мыйзамдарын сыйлап, өз укугуңду дагы үйрөнүү зарыл. Бардык иштер мыйзам чегинде аткарылышы керек. Мына, ушундай кезде гана ишмердүүлүгүң ийгиликтүү ишке ашып, жакшы бир нукта өнүгө алат деп ишенем”.

Ак ийилет бирок, сынбайт

Техникалык жабдыктардын бардыгын дат басып, жарактан чыккан.

“Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин, досторумдун колдоосу мага кошумча дем-күч берип жатты”

-Мага ушундай оор учурда өз колдоосун көрсөткөн Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине, жакын санаалаш досторума чын дилимден ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Алардын жардамы, колдоосу аркылуу гана кошумча дем-күч алып жаттым десем болот. 

КЭРдин элчилиги менин жардам сурап кайрылган өтүнүч катымды алгандан кийин, алар соттун отурумуна жөн гана катышып, угуу үчүн атайын элчиликтин өкүлдөрүн жиберишти. Соттук отурумга алардын катышып отуруусу эле мага абдан чоң күч берип, өзүмө болгон ишенимимди көбөйттү. Кыргызстанда иштеп жүргөн кытай ишкерлери дагы мен жөнүндө уккандан кийин, чалып ал-абалымды сурап турушту. Бул дагы мен үчүн абдан маанилүү болду. 

Кыргызстандык досторум дагы ар дайым каралашып, жанымда болуп турушту. Бардыгына чын жүрөктөн ыраазымын. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)