WeChat      Избранное

Чжунъюань маданий алмашуу борбору балдарга кубаныч тартуулады

08/04/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Чжунъюань маданий алмашуу борбору балдарга кубаныч тартуулады

Сүрөттөр редакцияга таандык

25-март күнү Чжунъюань маданий алмашуу борборунун кызматкерлери жер-жемиш, таттуу тамак-аш-азыктарын, окууга жана күнүмдүк колдонууга керектүү буюм-тайымдарын алып алып Бишкек шаарында орун алган SOS-Балдар айылына барып келишти. 

Алар менен бирге биздин гезиттин журналисттери дагы барып, балдар айылынын жашоосу менен жакындан таанышып кайтышты. 

SOS-Балдар айылына кире бергенде эле тыпырайып салынган эки кабат үйлөр көзгө учурайт. Ушундай үйлөрдүн ар биринде бирден үй-бүлө жашайт. Тактап айтканда бир SOS-апа жана анын балдары жашашат.  Бул күнү биз Зейнеп Аралбаеванын үйүндө болуп, балдары менен таанышып, алардын талантына дагы күбө болдук. 

Зейнеп Аралбаева, SOS-апа: ““Менин жүрөгүмдө баарыңар үчүн орун бар””  

-Мен SOS-Балдар айылында 2015-жылдан бери эмгектенип келе жатам. Чындыгында, өзүмдө болгон сүйүүнү жеке гана өз балдарыма эмес, ушундай ата-эненин мээримине, сүйүүсүнө, камкордугуна муктаж болгон уул-кыздарга берүүнү туура көрдүм. Ошондуктан, ушул жакка келип иштей баштадым. Албетте, башында иштөө оңой болгон жок. Бирок убакыттын өтүшү менен көнүштүк, учурда балдарымдын ар бир жетишкендигине кубанып жаткан кезим. Менин үй-бүлөмдө азыр алты балам бар. Экөөсү өзүмдүкү, төртөөсү бул балдар айылынын балдары. 

Негизинен, SOS – апанын башкы милдети ага ишенип берилген ар бир бала менен жакын мамиле түзүп, ар бир балага керек болгон сүйүү, туруктуулук жана анын корголуусун камсыз кылуу болуп саналат. Бизди дагы абдан текшерип кабыл алышат, албетте, профессионалдык тарбиячы болуу керек. Анан эң негизгиси, балдарга болгон сүйүү күчтүү болуусу зарыл. Биз балдар менен чогуу жашап, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн иш алып барабыз.  Ар кандай иш- чараларды өткөрүп, өз алдынча үй чарбачылыгын жүргүзөбүз. Чогулуп үй жыйнайбыз, тамак даярдайбыз. Кадимкидей бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүндөй эле ынтымак ичинде жашап келебиз. Сабактарын дагы чогуу окуйбуз. Кээ бир убактарда 2-3 сааттан сабак окуган күндөрүбүз болот. 

Балдарыбызды келечекте татыктуу инсан кылып тарбиялап чыгаруу биздин изги тилегибиз. Ошол үчүн кам көрүп, иштеп, тарбия бергенге аракет кылып келүүдөбүз. Мени балдарым башынан эле “мама” деп кабыл алышты. Кээде менин сүйүүмдү талашып урушкан күндөрү болот. Анда, мен “менин жүрөгүмдө баарыңар үчүн орун бар”-деп айтып калам. Чындыгында, алар сүйүүгө, энелик мээримге өзгөчө муктаж болушат. Колдон келишинче, ошол сүйүүнү бергенге аракет кылабыз.  

Учурдан пайдаланып, Акимге, Чжунъюань маданий алмашуу борборунун жетекчилигине өз ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Бизди көңүлгө алып, балдарыбыз үчүн алып келип берген тартууларына, окууга керектүү буюмдарына чоң рахмат. Акимдей балдарыбыз көп болсун. Чындыгында, бизде абдан билимдүү, тарбиялуу, боорукер мыкты бир жаштардын мууну өсүп келе жатат деп ойлойм. Бардыгына ден соолук, иштерине ийгилик каалайм. 

Аким Алымбеков, котормочу: ““Балдар-биздин келечегибиз””

-Мен Зейнеп эже менен кокусунан эле таанышып калдым. Бул жакта иштей тургандыгын уккандан кийин балдарга аз да болсо жардам берүүнү чечтим. Өзүмдүн иштеп жаткан кеңсеме кайрылып, жетекчилик менен сүйлөштүм. Алар сунушумду дароо колдошуп, мына бүгүн балдар айылына келдик. 

“Балдар-биздин келечегибиз” деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан, аларга кам көрүп, жардамга муктаж кичинекей бөбөктөрүбүзгө аз да болсо сүйүнүч тартуулоо мен үчүн кубанычтуу көз ирмем. Ар бир бала балалыгын бактылуу өткөрүүгө акылуу. Биз улуулар буга бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Бүгүнкү күн абдан жакшы өттү. Балдар менен тааныштык, алардын өзүн эркин алып жүрүүсү, өз оюн тартынбай айтуусу, тарбиялуулугу мага абдан жакты. Бул жерде Зейнеп эженин эмгеги зор деп эсептейм. 

SOS-Балдар айылдары – балдардын бактылуу жашоосу үчүн кызмат көрсөтүп келет 

Биринчи SOS-Балдар айылдары – Герман Гмайнер тарабынан 1949-жылы Австрияда Имст шаарында түзүлгөн. Ал өз жашоосун жардамга муктаж болгон, үй- жайы жок калган, өзүнүн коргоо сезимин жоготкон балдарга, Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда ата-энесинен айрылган балдарга арнаган. Ошол мезгилден баштап, бул уюм өсүп-өнүгүп, дүйнө жүзүндөгү балдарга жардам берип келүүдө. Ал өкмөттүк эмес коомдук уюм катары, тарбия жаатында балдардын бактылуу жашоосу үчүн кызмат көрсөтүп келет. Бул жакта бардык дин жана маданияттарга урмат-сый менен каралат. 

Бул жак БУУнун балдардын укугу боюнча Конвенциясынын негизинде иштейт жана бул укуктардын дүйнө жүзү боюнча бекемделишине көмөк көрсөтөт.

SOS – Балдар айылдары концепциясына негизделип, биздин уюм биринчилерден болуп үй-жайы жок калган, жетим балдар жөнүндө кам көрүп, аларды багуу боюнча узак убакытка созулган программаны колдонуп, ийгиликтүү иштеп келүүдө. 

Чжунъюань маданий алмашуу борбору балдарга кубаныч тартуулады

Чжунъюань маданий алмашуу борбору-кытай тилин үйрөнүп жаткандарга мыкты мүмкүнчүлүк 

Чжунъюань маданий алмашуу борборунда Синьхуа китеп дүкөнү жайгашкан. Бул жай 2017-жылдын октябрь айында ачылган. Ошол мезгилден бери кытай тилин үйрөнүп жаткан окуучуларга, студенттерге тилди дагы тереңдеп өздөштүрүү ийгиликтүү иштеп келет. Китептердин басымдуу бөлүгү кытай тилинде жазылган. Англис тилинде да китептер кездешет. 

Бул жактан китеп сүйүүчүлөр кытай таануу багытындагы бардык эмгектерди алып окуй алышат. Коңшу элдин маданиятынын көрүнүктүү багыттарынын бири чай маданияты, каллиграфия жана тайжичуан өнөрү боюнча дагы китептер бар. Мындан сырткары, көркөм адабий китептерди дагы табууга болот. Эң негизгиси, кытай тилин үйрөнүүнү каалаган окуучулар, үйрөнүп жаткандар да бул дүкөндөн өзүнө керектүү, пайдалуу окуу куралдары менен камсыз боло алышат. 

Ар ишемби күнү кытай тили мугалимдеринин жардамы менен окуучуларга тил үйрөтүү багытында сүйлөшүү, баарлашуу сабактары өткөрүлүп турат. Сабактардын темалары жума сайын алмашып, окуучулар кызыккан багыттарга дагы арналат. Мисалы, каллиграфия күнү. Бул күнү кытай иероглифтерин сулуу жана туура жазуу чеберчилигинен сабак алышса, кино күнү  кытай тилиндеги тасмаларды көрүшөт. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)