Кыргызстан-көз тайгылткан кооз жаратылыштын койнунан орун алган бактылуу өлкө
Акыркы эки жылдагы Кыргызстанга келген туристтердин агымы
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча Дүйнөлүк Туристик уюмунун (ЮНВТО) классификациясына туш болгон алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген жарандардын жалпы саны 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 5 млн 188,5 миң чет өлкөлүк жаранды түздү, ошол эле учурда 2017-жылда 12 ай ичинде 4.5 млн чет өлкөлүк атуулду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык ишмердиктин түрлөрү боюнча туризм чөйрөсүндө катталган чарба жүргүзүүчү мейманканалардын саны (1-январга карата) 3481 түздү.
Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташуу
-Кыргыз Республикасынын туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу кызматташуу иштери туруктуу жүргүзүлүп келүүдө.
Азыркы учурда өлкөдө туризмди өнүктүрүү маркетингтик стратегиясы жана аны ишке ашыруу үчүн бренд платформасы иштелүүдө. Бул стратегиялык документке ылайык Кыргыз Республикасына кытайлык туристтерди тартуу боюнча масштабдуу маркетингдик иш-чараларын өткөрүү каралууда, анын ичинде Кытай Эл Республикасында Road Show (роуд шоу) өткөрүү, Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы жөнүндө видеорепортаж тартуу үчүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу ж.б., туристтик бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу сымал иш-аракеттер жүзөгө ашырылып келүүдө.
Кыргыз Республикасы тарабынан Кытай Эл Республикасына өлкөдө болуп жаткан бардык туристтик иш-чараларга дайыма чакыруулар жөнөтүлүүдө. Мисалга алсак, жылда Ысык-Көлдө өткөрүлүп жаткан “Ысык-Көл ITF” эл аралык жарманкеси, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары ж.б.
Ошондой эле, бардык тармактагы кызматташууларды ичине камтыган “Бир алкак – бир жол” өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында дагы туризм тармагында кызматташуу боюнча жолугушуулар өткөрүлүп, эки мамлекеттин туризм тармагындагы алаканы бекемдөө иштери дагы аткарылып келүүдө.
Рекомендация
- 1Бакыт Дегенбаев: Кыргызстан теряет самый главный ресурс - людей
- 2Савитжан Турдуев: Вместе с горожанами изменяем облик Оша
- 3Мэрия Бишкека объявила тендер по электронному билетированию в общественном транспорте
- 4О продукции Кыргызстана узнает весь мир. Запущен проект "100 лучших товаров КР"
- 5Данияр Сыдыков: В Кыргызстане 2019 год пройдет под эгидой ШОС