WeChat      Избранное

Кыргызстан-көз тайгылткан кооз жаратылыштын койнунан орун алган бактылуу өлкө

17/01/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Жыл башында КРдин Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өлкөнүн туризм коомчулуктарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү 

КРдин Тышкы иштер министрлигинин Басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын 9-январь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин имаратында Кыргызстандын туризм тармагынын өкүлдөрү менен министр Чыңгыз Айдарбековдун ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага КРдин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары-Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу, Президенттик Аппараттын, КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана ТИМдин өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда сырттан келген туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү, виза менен камсыз кылуу темалары талкууланып, “Электрондук виза” тутуму тууралуу дагы сөз болду. Муну менен катар эле, аталган тармакта орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору каралып, туризм чөйрөсүнүн бизнес өкүлдөрү, өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иш системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү үчүн сунуштар жана ой-пикирлер айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Электрондук виза” тууралуу тармактын өкүлдөрүнө маалымат берилип, жыйынтыгы дагы айтылды. Министр Чыңгыз Айдарбеков белгилеп кеткендей, бул системанын иштөөсүнүн натыйжасында чет элдик туристтердин жана ишкерлердин Кыргызстанга келүүсү бир кыйла жеңилдетилди. Виза жасоо үчүн кеткен убакыт жана чыгымдарын кыскартууга, үнөмдөөгө өбөлгө болуп бере алды.

Системанын ишмердүүлүгүнүн негизинде учурда, жалпысынан 32,5 миңден ашуун ар түрдүү категориядагы визалар берилген. Алардын арасынан 25 миңден ашуун туристтик виза жүзөгө ашырылган. Бул дагы да болсо, системанын ийгиликтүү иштеп жаткандыгынан кабар берет. Азыркы тапта, берилген статистиканын негизинде “Электрондук визага” болгон суроо-талап жеке гана сырттан келгендер арасында көп болбостон, жергиликтүү ишкерлер арасында дагы өз ордун таап, чет өлкөлүк өнөктөштөрүн Кыргызстанга чакырууда жакшы жардамчы болуп жаткандыгын көрүүгө болот.

Иш-чаранын катышуучулары тарабынан дагы, “Электрондук виза” заман талабы экендиги белгиленип, аны өнүктүрүү боюнча да ойлор, сунуштар айтылды. Жыйынтыгында, тараптар мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүү боюнча макулдашышты.

Лыжа, сноуборд спорт түрлөрү-кышкы туризмдин өзөгүн түзөт 

Кыргызстандын 90 пайызга жакын аймагын тоолор ээлейт. Буга байланыштуу өлкөнүн кышкы туризмге болгон дараметин толугу менен пайдаланып, бул мезгилде дүйнө жүзүнөн туристтерди тартуу заман талабы. Кыргызстанда кышкы туризмдеги лыжа тебүү мезгили декабрь айында башталып, апрелге чейин уланат. Өлкөдө кышкы эс алуу кеңири жайылгандыктан, акыркы жылдары чет өлкөдөн келген туристтердин саны дагы күндөн-күнгө өсүүдө. Алсак, алар негизинен Европа, Азия, КМШ мамлекеттеринен келишет. Бирок туристтердин басымдуу бөлүгү коңшу мамлекеттердин жарандары.

Кыргызстанда, бүгүнкү күнү 23 тоо-лыжа базасы иштейт. Мисалы, “Каракол”, “ЗИЛ”, "Нооруз”, “Төө Ашуу”, “Чуңкурчак”, “Политех”, “Кашка-Суу”, “Орловка”, “Чоң Таш” жана башкалар. Жуманын аягы, майрамдарда эс алуучулардын саны көп болот, муну менен катар эле башка күндөргө салыштырмалуу кызмат баалары дагы жогору.

Базаларда эс алуунун наркы лыжа базаларынын шартына, кызмат көрсөтүүсүнө жараша эсептелет. Биз күнүнө бир адам үчүн, орто эсеп менен алганда, болжол менен канча акча-каражаты керектелээрин санап чыктык. Жол кире-300 сом, лыжа комплексинин ижарасы-800, сноуборд ижарасы-800, тоого алып чыгуучу асма жолдун бир күндүк баасы 500, инструктордун бир сааттык кызматы-700, бир күндүк кызматы-4000 сом. Бир күндүк жашоонун акысы, мейманканалар-3000 сомду түзөт.

“Каракол” лыжа базасы-сырттан келген туристтердин сүйүктүү эс алуу жайы 

Былтыр Каракол КМШ өлкөлөрү арасында алдыңкы 10 тоо-лыжасы эс алуу жайынын катарына кирген. Бул тууралуу Россиянын "ТурСтат" аналитикалык агенттиги кабарлаган. Аталган агенттик быйыл дагы КМШ аймагында кышкы эс алууга ыңгайлуу тоо лыжа базаларын аныктаган. Анда Каракол лыжа базасы 6-орунду ээлеген.

Туристтик агенттиктин маалыматына ылайык, ондуктун ичинде Казакстандын "Шымбулак" курорту, Грузиядагы "Гудаури", Азербайжандагы "Шахдаг", "Туфандаг", "Алтай Альпысы", Беларустагы "Силичи" жана "Логойск", Армениядагы "Цахкадзор", Өзбекстандагы "Чимган", Кыргыз өлкөсүнөн болсо "Каракол" тоо-лыжа базасы жайгашкан.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)