WeChat      Избранное

Кыргызстан-көз тайгылткан кооз жаратылыштын койнунан орун алган бактылуу өлкө

17/01/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Жергебиздин туризм тармагын жакшыртуу багытында аткарылган иш-чаралар

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним, биримдик, жаратмандык” программасынын алкагында туризм тармагын өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берилип, туризм тармагын өнүктүрүүнүн 2022-жылга чейинки программасы иштелип чыкты.

Программада туризм чөйрөсү аны өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багыттары, мамлекеттик саясаттын стратегиялык максаттары, милдеттери жана чаралары аныкталып, максаттар, милдеттер, иш-чаралар, конкреттүү мөөнөттөр, жооптуу аткаруучулар жана финансылык ресурстар туризм чөйрөсүндөгү маанилүү натыйжаларга жетүүнүн бирдей процессине системалык негизде өз ара байланышкан.

2017-жылдын 1-сентябрынан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн дүйнөнүн каалаган жеринен электрондук виза алуу системасы киргизилди. Бул система чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза алуу үчүн убакыт жана бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга натыйжалуу кадам болуу менен бирге чет элдик жарандардын эсебин алуу жана контролдоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Азыркы учурда, Ачык асман саясатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү оң корутундусун берип, 2018-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Ачык асман саясаты долбоору ишке ашса, бардык учактарга, чет элдик авиакомпанияларга Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого жол ачылат, транзиттик жана түз каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга жол ачылып, авиация боюнча профилдик органдар иштешип, түз учак каттамдарын түзүүгө, аны менен бирге туристтик агымды көбөйтүүгө өбөлгө болмокчу.

Ошондой эле, өткөн жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Туризм жөнүндө” Мыйзамынын долбоору жактырылды. Азыркы учурда аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда.

Кыргызстандын туристтик тармагынын негизги түрлөрү 

-Кыргызстандын туристтик сектору азыркы учурда туризмдин төмөнкү негизги түрлөрү менен белгилүү:

- дарылоо-ден соолукту чыңдоочу (курорттук-рекреациялык, чөптөр менен дарылоо, баткак менен дарылоо, жайлоо-туризм, кымыз менен дарылоо жана башкалар);

- активдүү жана окуялуу (тоо, жөө туризми, ат туризми, велотуризм, экотуризм, фотоаңчылык, альпинизм, рафтинг, автотуризм, айыл туризми, дайвинг, дельтапланеризм);

- маданий-таанып билүү (маданий, үрп-адат, мурастар жана кыргыз салттары, Улуу Жибек жолу боюнча туризм, гастрономиялык туризм);

- кышкы туризм (тоо лыжа туризми, фрирайдинг, сноубординг, кышкы турлар жана башкалар);

- ишкердик туризм (эл аралык саммиттер, форумдар, симпозиумдар, конференциялар);

- окуялуу туризм (салттуу этностук оюндар, улуттук майрамдар, чыгармачылык фестивалдары, конкурстар, көргөзмөлөр, спорт окуялары).

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)