Кыргызстан-көз тайгылткан кооз жаратылыштын койнунан орун алган бактылуу өлкө
“Кыргызстанда туризмди эң кирешелүү тармакка айландыруу зарыл. Ал үчүн өлкөнүн толук потенциалы бар. Жергебиз өзүнүн көк мелжиген тоолору, шаркырап аккан, туптунук суулары, кол менен жасап койгондой кооз жаратылышы менен ар дайым мактанып, сыймыктана алат. Ошондуктан, туристтерге туура мамилени чек арадан баштоо зарылдыгын, аэропортко чет тилдерин билген, сылык кызматкерлерди коюу керектигинен баштап, тейлөө кызматтарын дагы жөнгө салуу абзел”-деген ой-пикирлер коомдо, акыркы жылдары көп айтылып келет.
Чындыгында, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу эч кимди кайдыгер калтырбастыгы бардыгыбызга маалым. Биз дагы ушул теманы улай, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментине кайрылып, Кыргызстандын туризм тармагына байланыштуу бизди кызыктырган суроолорубузга жооп алдык.
Учурда, туристтик тармакты өнүктүрүү концепциясы толук иштелип жатканы белгилүү болду. Анын алкагында бардык туристтик долбоорлор эсепке алынып, тиешелүү мыйзам актыларын жакшыртууга да басым жасала тургандыгы айтылды.
Рекомендация
- 1Бакыт Дегенбаев: Кыргызстан теряет самый главный ресурс - людей
- 2Савитжан Турдуев: Вместе с горожанами изменяем облик Оша
- 3Мэрия Бишкека объявила тендер по электронному билетированию в общественном транспорте
- 4О продукции Кыргызстана узнает весь мир. Запущен проект "100 лучших товаров КР"
- 5Данияр Сыдыков: В Кыргызстане 2019 год пройдет под эгидой ШОС