WeChat      Избранное

Кыргызстан-көз тайгылткан кооз жаратылыштын койнунан орун алган бактылуу өлкө

17/01/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстан-көз тайгылткан кооз жаратылыштын койнунан орун алган бактылуу өлкө

Кыргызстан дүйнөнүн басма сөз каражаттарында 

-2018-жылдын сентябрь айында Ысык Көлдө III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өтүп, ал 60тан ашык массалык маалымат каражаттары тарабынан дүйнө элине көрсөтүлдү. Көчмөндөр оыюндары жогорку деңгээлде өтүп, жайкы туристтик сезонду узартууга барандуу салым кошту. Муну менен катар элибиздин кол өнөрчүлүк өнөр жайын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, жергебизге туристтердин санынын жогорулашына өбөлгө болгонун белгилеп кетүү зарыл.

Саякатчылар үчүн жол көрсөткүч чыгарууда адистешкен Lonely Planet (Лонли планет) басма үйү, милдеттүү түрдө зыярат кылуу үчүн 10 мыкты өлкөнүн рейтингин жарыялады. Рейтингдин жыйынтыгына ылайык, Кыргызстан 5-орунда турат.

Бул жыйынтык Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүүсүнөн улам, 2017-жылдан тартып электрондук визаларды берүү боюнча долбоор иштей баштаганын жана ошондой эле өлкөнү алдыга жылдырууга, таанытууга багытталган маркетингтик иш-чараларга байланыштуу, өлкөдө пайда болгон жаңы, ар тараптуу туризм продукцияларынын иштелип чыгуусунун натыйжасынан улам болууда.

Ошондой эле, дүйнө жүзүндө белгилүү Forbes (Форбс) журналы, New York Times (Нью Йорк Таймс) гезитинин басылмаларында Кыргызстан Улуу Жибек жолундагы жеткиликтүү, тарыхы жана маданияты бай, тоолуу өлкө катары сүрөттөлүп, III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган макала жарыяланды. Макалада америкалыктар үчүн адаттан тыш оюндарга басым жасоо менен, көчмөн элдердин маданияты, улуттук оюндары тууралуу айтылган.

Ал эми, Улуу Британиянын The Guardian (Гардиан) гезитинде Кыргызстандагы кышкы туризм жөнүндө, тоолуу, өзгөчө, чыныгы туризм өлкөсү экендиги жазылып, “Суусамыр” тоо лыжа базасынын потенциалы жөнүндө макала жарыяланды.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)