WeChat      Избранное

Кыргызстан-көз тайгылткан кооз жаратылыштын койнунан орун алган бактылуу өлкө

17/01/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстан-көз тайгылткан кооз жаратылыштын койнунан орун алган бактылуу өлкө

Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы абдан жогору 

-Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашып, Тянь-Шань тоо системасынын батыш бөлүгүн жана Памир-Алайдын түндүк тоолуу райондорун ээлейт. Республиканын аймагынын 80%дан ашууну деңиз деңгээлинен 1500 метрден жогору бийиктикте жайгашкан. Өлкө жогорку туристтик потенциалга ээ болуп, ар кандай 22 экосистеманы; 160 ар кандай түрдөгү тоо жана талаа-түз ландшафттарын; аймактын 94 %ын тоолор, алардын 70 %ы бийик тоолор ээлеген жерлерди камтыйт. Жеңиш чокусу (7439 м), Ленин чокусу (7134 м), Хан-Тенгри чокусу (6995 м) сыяктуу белгилүү тоо кыркалары бар. Эң узун “Эңилчек” мөңгүсү дүйнөлүк масштабдагы ажайып жай.

Кыргыз Республикасында 1923 кереметтүү көл бар, алардын эң башкысы Ысык-Көл дүйнөнүн эң чоң жана эң терең бийик тоолуу көлдөрүнүн бири; 40 миңден ашык дарыялар бар, алардын башкы суу булактары тоо мөңгүлөрүнүн эриген суулары.

Кыргыз Республикасы планетанын 200 артыкчылыктуу экологиялык региондорунун санына кирет. Республикада өлкөнүн аянтынын 6%ын ээлеген өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, анын ичинде 1 биосфералык аймак, 10 мамлекеттик корук, 9 улуттук жаратылыш паркы, 68 жаратылыш коруктары бар.

Кыргыз Республикасы Байыркы Улуу Жибек жолунун боюнан орун алып, анын жолдорунда 583 тарыхый-маданий эстеликтер жана археологиялык объекттер жайгашкан, алардын айрым бөлүктөрү (Невакет, Суяб, Баласагын, Сулайман-Тоо) дүйнөлүк мааниге ээ болуп, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилгендиги бардыгыбызга маалым.

Өлкөнүн аймагы адам цивилизациясынын эң байыркы очокторунун бири болуп эсептелет. Кыргыздар – Борбордук Азияда биздин эрага чейинки биринчи миң жылдыкта эле белгилүү болгон эл, биздин күндөргө чейин көптөгөн кылымдарга карабастан өзүнүн өзгөчөлүгүн жана маданиятын сактап келген. Материалдык эмес маданий мурастын “Манас” үчилтиги, көчмөн элдердин салттуу “Боз үйү”, “Шырдак” жана “Ала кийиз” сыяктуу айрым объекттери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Кыргызстандын аймагында  өлкө келечекте эл аралык туристтик борбор болуп кала тургандай ар кандай туристтик ресурстар бар. Дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматтары боюнча Улуу Жибек жолунун турларына кызыкдар болгон чет өлкөлүк туристтердин жалпы саны 27% түзөт.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)