WeChat      Избранное

Жаңы үмүт, жаңы тилек менен коштолгон Жаңы жылдык жарманке

27/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

      Бишкек шаарында 20-24-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаңы жылдык жарманке болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү жана чет элдик ишкерлерди бир арага чогултту. 

     Бул күндөрү спорт ордосунда кичинекей балдардан баштап, чоң кишилерге чейин ылайыкталган жаңы жылдык белектердин түрлөрүн тандап алууга мүмкүн болду. Аялзаты үчүн көз жоосун алган кооздук буюмдары, иймек, шакек, билериктен баштап, кымбат баалуу ичик-тондор катар-катары менен тизилип турса, мырзаларга дагы белекке тартуулоого төп келе турган бир катар буюмдарды кездештирдик. Ал эми, жаңы жылды абдан күтүп, сагынган кичинекей бөбөктөр үчүн арналган таттуулар жана оюнчуктар өздөрүнүн майрамдык жасалгалары менен жарманкеге өзгөчө шаңга кошуп турду. 

    Биздин журналисттер да жаңы жылдык жарманкени кыдырып, ага катышып жаткан ишкерлер менен баарлашып кайтышты. Бул арада борборубуздун бир катар жашоочулары жана меймандары дагы Кыргыз жергесин кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, майрамдык каалоо-тилектерин арнап өтүштү. 

Жаңы үмүт, жаңы тилек менен коштолгон Жаңы жылдык жарманке

Гулнара Шепелева, ишкер айым: ““Даамдуу гүлдесте” майрамды дагы таттуу кылат” 

   -Биз бүгүн жарманкеге өзгөчө гүлдесте менен келип отурабыз. Өзүңүздөр көрүп тургандай, “даамдуу гүлдесте” ичи толугу менен кургатылган жемиштерге толтурулган. Мындай гүлдесте даярдап чыгаруу менин кызымдын сунушу менен болду. Ал өзүнүн курбусуна оригиналдуу белек издеп жатып, интернеттен ушундай идеяны таап чыккан эле. 

    Мына, ошондон бери ушундай ыкма менен белектерди даярдап, сатып келе жатабыз. Алгач, өз тааныштарыбызга сунуштап, андан соң интернет аркылуу сата баштадык. Албетте, азырынча анчалык деле көп кардарларыбыз жок, себеби бул ишти баштаганыбызга 3-4 айдын гана жүзү болду. 

    Бизде мырзаларга дагы ылайыктуу гүлдестелер бар. Ал жакка мырзалар сүйүп, жакшы көрүп жеген, ичкен даамдар салынат. Жарманкеге келип, катышып жаткан элдердин бардыгы биздин “гүлдөрдү” кызыгуу менен келип көрүп жатышат. Буйрутма кылгандар дагы бар. Чындыгында, менин жеке пикиримде бул гүлдестелер жаңы жылдык белек болууга толук татыктуу. 

    Эми, кирип келе жаткан жаңы жылы менен бардык кыргызстандыктарды чын жүрөктөн куттуктайм. 2019-жыл элибизге токчулук, молчулук алып келген жылдардан болсун. Эң негизгиси, жүзүбүздөн жылмаюу кетпей, бактылуу бололу. Өзүбүз гана бактылуу болбостон, колубуздан келсе жардамга муктаж болгондорго дагы кайрымдуулук кылып, боорукердикти, кечиримдүүлүктү, адамдын мыкты сапаттарын даңазалаган жылдардан кылып, тосуп алалы. Жашообузда жаркын, бактылуу көз ирмемдер көп болсун. 

Дагы бир жолу, элибизге мыкты маанай тартуулаган жаңы жыл майрамы менен бардыгыңыздарды куттуктайм. Жергебизде тынчтык болсун!

Ольга Терентьева, ишкер айым: “Таза экология-чың ден соолукта жашоонун башкы булагы” 

-Биз бүгүн жаңы жылдык жарманкеге өзүбүздүн фирманын экологиялык таза продукцияларын алып келип отурабыз. Бардыгыбыз билгендей таза экология-чың ден соолукта жашоонун башкы булагы болуп саналат. 

   Учурда, дүйнө жүзү экологиялык таза продукцияларга басым жасап, саламаттыкта жашоо үчүн кайра эле табияттын өзүнө кайрылып жатат. Мына, ошондуктан дагы биздин продукцияларыбыз мыкты жаңы жылдык белек болуп бере алат. Кардарларыбыз дагы көп болуп жатат. 

    Учурдан пайдаланып, бардык кыргызстандыктарды кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайм. Ден соолуктарын сактап, татыктуу жашоо үчүн кам көрүүлөрү керек деп эсептейм. Анткени, чың ден соолук адамдын башкы байлыгы. Муну менен катар, Кыргыз жеринде ар дайым тынчтык болсун. Кыргызстандын эл аралык мамилелери дагы өнүгүп, ушундай мыкты иш-чаралар көп өткөрүлүп турсун. Анткени, мындай иш-чаралар ишкерлер үчүн дагы жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берээри ачык. 

Жаңы үмүт, жаңы тилек менен коштолгон Жаңы жылдык жарманке

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)