WeChat      Избранное

Жаңы үмүт, жаңы тилек менен коштолгон Жаңы жылдык жарманке

27/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Жаңы үмүт, жаңы тилек менен коштолгон Жаңы жылдык жарманке

Ван Лунлун, студент: “Кытайда дагы кытай жаңы жылы бул үй-бүлөлүк башкы майрам болуп саналат” 

   - Учурда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде билим алып жатам. Кытайдан Кыргызстанга окууга келгениме 3 жылдын жүзү болуп калды. Бишкек шаары мага абдан жагат, ушул жылдар аралыгы кыргыз элинин меймандостугуна дагы абдан көп күбө болдум. Кыргыз досторум дагы көбөйдү. 

   Эми, Кыргызстанда 31-декабрь жаңы жыл майрамы өзгөчө маанай, өзгөчө шаң менен өткөрүлөт экен. Кытай жаңы жылындай эле, бул майрамда дагы үй-бүлөгө басым жасалып, эң жакын адамдары менен тосушат экен. Жаңы жылды бул жактагы досторум менен бирге тосуп жүрөм. Бардыгыбыз бир үйгө чогулуп, жакшы тамак жасап, бирге отуруп, мыкты маанайда майрамды тосуп алып жүрөбүз. Быйыл дагы 2019-жылды ошондой өзгөчө шаң менен тосуп алабыз деп даярдануудабыз. Жаңы жыл келе элек болсо дагы, эл арасында майрамдык маанай орун алган. Анткени, бардыгы эле өз жакындарына майрамдык белек тандап, жагымдуу иштер менен алектенип жаткандыгын көрүүгө болот. 

   Кытайда дагы кытай жаңы жылы бул үй-бүлөлүк башкы майрам болуп саналат. Бардыгыбыз ата-эне, бир туугандарыбыз менен биргеликте өткөрөбүз. Чоң ата-чоң энелерибизге барабыз. Алар бизге кызыл конверт (кытайдын салты боюнча майрамдарда ичине акча салынып берилген тартуу) белекке беришет. Атайын дасторкон даярдап, эң мыкты даамдар менен майрамды тосуп алабыз. Албетте, Кытайда жаңы жылды тосуу салты кылымдарды карыткан каада-салт болуп эсептелет. Ошондуктан, анын мааниси биздин жашообузда абдан зор. 

   Мен эми, босогодо турган 2019-жаңы жыл менен бардык Кыргызстан элин куттуктамакчымын. Бардыгына бакыт, чың ден соолук жана ийгилик каалайм. Алдыга койгон максаттары ишке ашсын. Биз ар жыл сайын өзүбүзгө план түзүп, жыл бою ошону жүзөгө ашырууга аракет кылабыз. Мына, ошондой пландарыбыз жаңы жылда толугу менен аткарылсын. Өткөн жылда аткарылбай калган ой-тилектерибиз ушул жылы ишке ашсын демекчимин. Кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар кут болсун!

Жи Юэлян, Кытай компанияларынын биринин кызматкери: “Эң негизгиси, кирип келе жаткан жаңы жыл эки коңшу мамлекетке тең ийгилик алып келген жылдардан болсун” 

   -Мен Кыргызстанга келип иштей баштаганыма аз гана убакыт болду. Бул жылы биринчи жолу 31-декабрда жаңы жылды тосмокчумун. Бирок, бул майрамдын кыргызстандыктар үчүн мааниси абдан зор экендигин билем. Ошондуктан, жалпы кыргыз элин ушул майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз жергесинде тынчтык болуп, элинин жашоосунда ар дайым ынтымак жана ийгилик көп болсун. 

    Жогоруда айткандай, Кыргызстанга келгениме аз гана убакыт болсо дагы, кыргыз элинин меймандостугун көрүүгө жетиштим, алардын адамгерчилик сапаттарына жогору баа бердим. Кыргызстандыктар абдан жөнөкөй, жардам сурасаң ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр эл болот экен. Эң негизгиси, кирип келе жаткан жаңы жыл эки коңшу мамлекетке тең ийгилик алып келген жылдардан болсун. Бардыгыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)