WeChat      Избранное

Карыларды кубантып, майрамдык маанай тартуулаган жаңы жылдык белек

20/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Карыларды кубантып, майрамдык маанай тартуулаган жаңы жылдык белек

Кайрымдуулук иш-чарасынан бир көз ирмем.

Сүрөттөр редакцияга таандык

Учурда, бардыгыбыз чыдамсыздык менен жаңы жылды күтүп жаткан мезгилибиз. Ар бирибиз бул майрамга карата кандайдыр бир пландарды коюп, жаңы үмүт, жаңы тилек менен кирип келе жаткан жылды тосуп алууга даярданып жатабыз. Муну менен катар эле, майрам алдында кайрымдуулук иш-чаралары дагы көп уюштурулуп, элге жакшы маанай тартууланып жаткан учур. 

Мына, ушундай кайрымдуулук иш-чарасын уюштургандардын бири “Орто Азия достугу” Кытай ассосациациясы болду. Бул Кытай бирикмесинин өкүлдөрү 19-декабрь күнү Бишкек шаарында жайгашкан карылар үйүндө болуп, өз белектерин тартуулашты. Алар 208 адамга белек берип, карылар үйүнүн ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып кайтышты. Иш-чаранын соңунда, карылар дагы өз ыраазычылыктарын билдиришип, “Орто Азия достугу” бирикмесинин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалашты. 

Ху Юмей, “Орто Азия достугу” Кытай ассосациациясынын өкүлү:

 “Улуу муундун өкүлдөрүнө, сүйүктүү ата-апаларга өзүбүздүн сүйүүбүздү, урматыбызды билдиргибиз келет” 

-Биз ушул 2019-жаңы жылдын алдын утурлай карылардын, ата-апаларыбыздын көңүлүн алып, “бир аз да болсо майрамдык маанай тартуулап коелу”-деп бүгүн бул жакка келип отурабыз. Ушундай жол менен улуу муундун өкүлдөрүнө, сүйүктүү ата-апаларга өзүбүздүн сүйүүбүздү, урматыбызды билдиргибиз келет. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы жөн гана коңшу мамлекеттерден эмес, бул эки өлкө достук, ынтымак, биримдик ичинде кызматташтык алакасын түзүп, бекемдеп, өнүктүргөн мамлекеттерден болуп саналат. 

2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” эл аралык долбоорунун алкагында дагы эки коңшу мамлекеттин ынтымагы бекемделип, бардык тармактарда кызматташуусу өнүгүүдө. Бул ынтымак үчүн эки тарап тең аракет кылып, жигердүү иштеп келе жатат. 

Мына, ошондуктан биз дагы өз сыйыбызды кыргыз элине көргөзгүбүз келет. 31-декабрь жаңы жылды Кыргызстанда көп киши күтүп, майрамдаган мыкты күн экендигин билебиз. Ушул майрам алдында, кайрымдуулук иштерин уюштуруп, карыларга көңүл буруп, майрамдык маанай тартуулоону чечкенбиз. 

Учурдан пайдаланып, жалпы Кыргызстан элин босогодо турган 2019-жаңы жылы менен куттуктайбыз. Ар дайым тынчтык, ынтымак Кыргыз жергесин байырлап, элиңиздерде жакшылык көп болсун. Кыргыз-кытай достук алакасы бекемделе берсин. Келе жаткан жаңы жылыңыздар кут болсун! Бардыгыңыздарга ден соолук, бакыт, узун өмүр каалайбыз. 

Карыларды кубантып, майрамдык маанай тартуулаган жаңы жылдык белек

Карылар менен бирге. 

Эркингүл Абдылдаева, карылар үйүнүн директору: 

“Кытай ассоциациясынын өкүлдөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирмекчимин” 

-Биздин карылар үйү мүмкүнчүлүктөрү чектелген карылардын Бишкек шаардык социалдык-стационардык мекемеси болуп саналат. Бүгүнкү күнү бизде 200дөн ашуун адам жашайт. Бул жакта ден соолугунан жабыркаган, балдары, жакындары таштап кеткен же багаар-көрөөрү жок, турмуштун оор кырдаалына туш келген карылар көп. Тилекке каршы, жылдан-жылга кыргыз ата-апаларыбыздын саны дагы карылар үйүндө көбөйүүдө. Мына, ушул эки жүздөн ашуун карыларыбыздын ичинен жетимиши кыргыздар. 

Карылар үйү толугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланып, жабдылат. Бирок, ошентсе дагы бизге ушундай майрам күндөрү келип кубаныч тартуулап, белек-бечкектерин көтөрүнүп келип, карылардын батасын алып кеткен демөөрчүлөрүбүз аз эмес. Алардын арасында карапайым адамдардан баштап, ишкерлер, коомдук уюмдар, эл аралык мекемелердин өкүлдөрү бар десем жаңылышпайм. 

Биздин максат дагы карыларыбыздын жеке эле курсагын тойгузуп, кийимин кийгизип, бүтүн кылып багуу эмес, алардын көңүлүн көтөрүп, ар кандай майрамдык иш-чараларга дагы катыштырып туруу. Мисалы, бүгүн эле жетимиш кишини Бишкектин соода борборлорунун биринде өткөрүлүп жаткан жаңы жылдык кечеге алып кетишти. Өзүбүз дагы ар кандай майрамдык иш-чараларды уюштуруп, карылардын көңүлүн көтөрүп, маанайын жакшыртууга аракет кылып келебиз. 

Бүгүн дагы “Орто Азия достугу” Кытай ассосациациясынын кызматкерлери келип, биздин карыларыбызга жаңы жылдык маанай тартуулап жатышат. Бул биз үчүн дагы абдан кубанычтуу күн. Бизди атайын эске алып, 200дөн ашуун кишиге өз белектерин тартуулап келген Кытай ассоциациясынын өкүлдөрүнө өзүмдүн атымдан, эмгек жамааттын, жалпы эле карыларыбыздын атынан чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Ар дайым иштери ийгиликтүү болуп, эки элдин достугу, ынтымагы үчүн кызмат кылып жүрө беришсин. 

Бардыгыбыз билгендей, Кытай Эл Республикасы биздин жакынкы коңшубуз, дос өлкөбүз. Кыргызстан менен мурунтан бери эле кызматташтык, достук алакада жашап келген мамлекет. Негизи эле, коңшу элдин Кыргызстандагы өкүлдөрү ушундай майрамдарда бизди дайыма келип куттуктап турушат. Былтыр да жаңы жылдын алдында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы башка бир уюму келип куттуктап кеткен эле. 

Быйыл болсо, “Орто Азия достугу” Кытай ассосациациясы келип отурат. Улууларды сыйлоо, урматтоо коңшу элде өтө баалана тургандыгын, кытай элинин ушул кадамдарынан эле билсек болгудай. Дагы айта кетчү нерсе, биздин карылар үйүндө кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мугалим эжейи дагы жашайт. Жакында эле, биз улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесин белгиледик. Ал эми, мугалим апа келе жаткан жылдын 28-майында 100 жашка чыкмакчы. Бул дагы биз үчүн абдан маанилүү күн десек болот. Ошондуктан, Кытай тарап дагы буюрса, апабыздын 100 жылдык мааракеси менен келип куттуктап кетүү тилегин билдиришти.

Дагы бир жолу, ушул жаңы жыл майрамынын алдында биздин карыларды эске алып, “көңүлдөрүн көтөрүп коелу, майрамы менен куттуктайлы”-деп келген меймандарыбызга ыраазычылык билдирмекчимин. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)