WeChat      Избранное

Кыргыз-кытай медиа кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү абалы жана аны өнүктүрүү жолдору

27/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз-кытай медиа кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү абалы жана аны өнүктүрүү жолдору


Бүбүкан Досалиева, журналист: 

“Кытай жөнүндө кыргыз тилинде макалаларды жаза ала турган адистерди даярдоого көңүл буруу зарыл деген ойдомун”

Бүбүкан Досалиева-белгилүү журналист, саясий илимдердин кандидаты, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик кызматтын 3-даражадагы кеңешчиси. 

- Журналист — коомдун күзгүсү. Ал коомдо эмне болуп жатканын так, таамай чагылдырып, күзгүнүн сыртында калган нерселерди да байкап, болгон окуяларды гана эмес, боло турган, жарала турган жагдайларды да коомго кабарлап турууга милдеттүү. Ошондуктан, бул жааттагы эл аралык кызматташуу дагы абдан маанилүү. 

Массалык маалымат каражатында иштеген жана ММКны иликтеген адам катары мага Кытай менен Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги карым-катнашы абдан кызыктырат. Ошон үчүн Кыргызстан менен Кытайдын маалымат мейкиндигиндеги окуяларды, айрыкча жаңы ачылган интернет сайттарды, гезиттерди, журналдарды карап, кандай материалдар жарыяланарына көз салганга аракет кылам. Ушул жагдайдан алып караганда, Кыргызстандын коңшусу Кытай тууралуу маалыматка зарылдыкты толук камсыздайт деп айта албайм. Албетте, ушул тапта көптөгөн түстүү журналдар чыгат, бирок аны жалпы журтка, айрыкча айыл жерлериндеги тургундарга жетпейт. 

Ал эми, интернет аркылуу телевизор көргөндөр CCTVни көрүшөт. Кыргыз журту КТРК аркылуу көрсөтүлгөн “Жуңгого сапар” телепрограммасы жана “Биринчи радио” аркылуу күн сайын уктуруулуучу радиопрограммадан кеңири маалымат алышат. Кытай тууралуу маалыматтарга салыштырмалуу калың журт Кытайдан Кыргызстанга ташылып келип жаткан турмуш-тиричилик товарлары, кийим-кече жана дары-дармектер аркылуу жакшы билишет. 

Тилекке каршы, кытай тилин билбегендик коңшу мамлекеттердин маалымат мейкиндигиндеги карым-катнаштын жакшырышына терс таасирин тийгизип жатат деген ойдомун. Ушундан улам Кытай жөнүндө кыргыз тилинде макалаларды жаза ала турган адистерди даярдоого көңүл буруу зарыл деген ойдомун. Бир гана кытай тилин билгенден тышкары журналисттик адистик менен маалыматтарды тандап, түрдүү жанрдагы материалдарга айландырып жазуу үчүн кыргыз тилин абдан жакшы билген, Кыргызстандагы түрдүү курактагы, көз караштагы, улуттагы жарандардын толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн адистерди даярдоого мезгил жетти деген ойдомун. 

Нуржан Касмалиева, журналист: 

“Кытайда “Синьхуа” маалымат агенттигинин кадыр-баркы абдан жогору” 

Нуржан Касмалиева-“Кабар” маалымат агенттигинин кызматкери.

- “Кабар” маалымат агенттиги көптөгөн чет мамлекеттик медиа тармактары менен кызматташып келет. Алардын катарына, КЭРдин “Синьхуа” маалымат агенттиги да кирет. Ушул аркылуу сиз кытай кесиптештериңиздин ишине дагы күбө болуп жүрөсүз, жеке оюңуз боюнча, эки мамлекеттин медиа тармагында кандай айырмачылыктар бар?

- Чындыгында, журналисттик кесип өзү эле тактыкты жана ар тараптуу изденүүнү талап кылган жумуш. Ошондуктан, менин байкоомдо, жергиликтүү медиа тармагында болобу, кытай ММКсында болобу иштөө жоопкерчилиги бирдей.  

   Бардыгыбыз билгендей, Кытайда мыйзам өтө катуу каралат. Андыктан, талапка жооп берүү жана маалыматтын тактыгы биринчи орунда турат. Эң негизгиси, өзү ишиңди туура жана так аткаруу, ар бир маалыматты текшерип, чын-бышыгын далилдеп иштөө зарыл деп ойлойм. Ал жакта, талап өтө күчтүү десем да болот. 

Эки мамлекеттин медиа тармагындагы айырмачылык катары, бул коңшу өлкөдө мамлекеттик медиа тармактарына болгон мамиле абдан өнүккөн, алардын мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири десем жаңылышпайм. Кытайда “Синьхуа” маалымат агенттигинин кадыр-баркы абдан жогору. 

    Былтыр, 2017-жылдын 18-24-октябрь күндөрү Кытай Эл Республикасында Кытай Коммунисттик партиясынын 19-съезди болуп өткөн. Ал жакка дагы өзүбүздүн агенттиктин атынан барып катышып келгем. Мына, ошол жыйында жогоруда айткандай, “Синьхуанын” кадыр-баркына күбө болдум. 

   “Кабарда” “Кытай терезеси” (Окно в Китай) аттуу рубрикада “Синьхуанын” орусча жана англисче жаңылыктары кетип турат. Бул жааттан алганда, кытай медиасы менен тыгыз кызматташтык алакадабыз десем да болот. 

- Учурда, кыргыз-кытай кызматташтык алакасын өнүктүрүүгө зарылчылык барбы, эгер бар болсо, кайсы өңүттө иштөө керек, сиздин пикириңиз жана сунуштарыңыз?

- Албетте, бар. Жеке гана Кытай менен эмес, бардык башка мамлекеттер менен жакындан алака куруу заман талабы. Ал эми, медиа тармактардын кызматташуусу эл аралык мамилелерди чыңдоодо зор роль ойной алат. Кыргыз-кытай алакасын бекемдөөдө дагы ММК кызматташуусунун мааниси зор. 

   Бул багытты өнүктүрүү үчүн биздин журналисттерди Кытай жерине тажрыйба топтоо максатында көп жиберип, мамлекеттик деңгээлде колдоо болуусу керек деп ойлойм. Канчалык кытай кесиптештерибиздин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, алар дагы өз учурунда биздин ишибиз менен таанышышса, эки мамлекеттин медиа кызматташтык алакасын өнүктүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөр ачылмак. 

   Мен өз убагында Пекиндеги “Синьхуанын” баш кеңсесине тажрыйба алмашуу максатында барып келгем . Эми, аны “Синьхуа” шаарчасы десек болот. Шаарчанын ичинде журналисттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ресторандарынан бери бар. Журналисттердин иш жери дагы абдан чоң аймакты ичине камтыйт экен. Ошол учурда, эң эле таң калтырган жаңылык бул-агенттиктин күнү-түнү, тынымсыз иштөөсү болгон. Ал мезгилде башкы кеңседе 600 журналист иштечү. Мына, ушундай маалыматтарды угуп, абдан чоң таасирлер менен Кыргызстанга кайткан элем. 

   Ошондуктан, коңшу мамлекеттин медиа тармагы менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып келүү, бул багытты өнүктүрүүгө дагы зор салымын кошот деп ишенем.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)