WeChat      Избранное

Кыргыз-кытай медиа кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү абалы жана аны өнүктүрүү жолдору

27/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз-кытай медиа кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү абалы жана аны өнүктүрүү жолдору

Темирбек Токтогазиев, тележурналист: 

“Мен кызматташып келген ССТВ телеканалынын кызматкерлерине эң жогорку бааны ыйгарат элем”

Темирбек Токтогазиев-журналист, манас таануучу, тарыхчы, “Манас жаңырыгы” ТРКсынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. 

- Сиз канча жылдан бери Кытай тарап менен кызматташып келе жатасыз, Кытайдын кайсы ММКсы менен иштешип калдыңыз?

- Алгач, мен кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамай менен 1989-жылы таанышкандан кийин, коңшу мамлекетте жашаган кыргыздар тууралуу кызыгуум пайда болгон. Алардын турмушу, маданияты, адабияты, менен жакындан таанышкам. Кийин жалпы эле, Кытай Эл Республикасында жашаган элүүдөн ашуун улуттун маданий баалуулуктарын үйрөнүп, изилдөөгө мүмкүнчүлүк алдым. 

Ал эми, менин бул багыттагы суроо-талаптарыма жооп берген Кытайдын ССТВ телеканалынын программалары болду. Өзгөчө акыркы бир нече жылдын ичинде, алар тарабынан даярдалган “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагындагы документалдуу телефильмдери менен таанышып, ал программаларды “Манас жаңырыгы” телеканалы аркылуу Кыргызстан элине тааныштыргам. Бул кытай журналисттери тарабынан даярдалган программалар көрөрмандардын табитин туура тарбиялоого түрткү берээрине ишенем. 

- Учурда, кыргыз-кытай медиа кызматташтыгын өнүктүрүүгө зарылчылык барбы, эгер бар болсо кайсы өңүттө иштөө керек, ушул багытта сиздин оюңуз жана сунуштарыңыз?

- Биз каалайбызбы, каалабайбызбы учурда, ааламдаштыруу процесси жүрүп жаткан кезде, медиа кызматташуу дагы четте калып калбайт. Андыктан, менин оюмча, кызматташуу зарыл деп ойлойм. Себеби, биз-медиакызматкерлер эл арасындагы мамилелердин туура багытта өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуубуз зарыл. Болбосо, ар кайсы ушак-айыңдардын кесепетинен идеологиялык душмандардын атайылап даярдаган туура эмес, жалган маалыматтары кучак жая таратыла берсе, эл аралык абал курчуп, мамлекеттер ортосундагы мамилелер сууп кетүүсү мүмкүн. Бул жаатта, журналисттер биргелешип, адамзатын жакшылыкка, достукка багыттаган маалыматтарды байма-бай берип туруубуз керек. КР менен КЭР ортосундагы достук мамилени чыңдоого эки өлкөнүн тең ММКлары өз салымын кошуусу абзел. Болбосо, батыштын, өзгөчө АКШнын биздин мамлекеттер ортосундагы мамиленин жакшырышын каалабасын, алардын жарыялап жаткан материалдарынан көрүүгө болот. 

Андыктан, кызматташуу заман талабы. Бул багытта биргелешкен фильмдерди, телеберүүлөрдү тартып таратып, макалаларды жарыялоо, Кыргызстанда да Кытай Эл Республикасында да бул багыттагы иштерди жүргүзүү зарыл деп ойлойм. 

- Учурда, Кыргызстанда кытай тилин билген жергиликтүү журналисттерге муктаждык барбы, сиздин оюңуз?

- Албетте, кытай тилинде эркин сүйлөп, бул улуу элдин маданиятын терең түшүнө алган журналист адистерге дайыма эле муктаждык болуп келген. Бул маселе, бүгүн деле байкалат. Өзгөчө, кытай фильмдерин которууда оорчулук болуп келет. Өзүбүздүн жаштар болсо, бул иштер бир кыйла жеңил бүтмөк.

- Сиз кытай кесиптештериңиздин аткарган жумушуна кандай баа берет элеңиз, биздин алардан үйрөнчү тараптарыбыз кандай, ошол эле мезгилде алар Кыргызстандын ММКларынан эмнени үйрөнө алышат?

- Эми, ар бир мамлекетте өз ишин мыкты билген адискөйлөр болот эмеспи. Мен кызматташып келген ССТВ телеканалынын кызматкерлерине эң жогорку бааны ыйгарат элем. Алардын тартып даярдаган, телеберүүлөрү дүйнөнүн кайсы гана өлкөсүндө болбосун ийгиликке жетээрине күмөн жок. Андыктан, бул телеберүүлөрдү көрүп гана тим болбостон, алардын даярдалышын талкуулап, үлгү катары дагы карайбыз. Өз берүүлөрүбүздү даярдоодо алардын ыкмаларын колдонууга аракеттенебиз. Биздин ишмердүүлүктө деле алардын үйрөнчү жактары жок эмес. Бул багытта биргелешип, кадрларыбызды бир-бирибизден тажрыйба алмашууга жиберип, окутуп турсак жакшы болот эле. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)