WeChat      Избранное

Кыргыз-кытай медиа кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү абалы жана аны өнүктүрүү жолдору

27/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

   Биз кыргызстандык журналисттерден кыргыз-кытай медиа тармагындагы кызматташтык алакасынын бүгүнкү абалы жөнүндө ой-пикирлерин сурап, аны тереңдеп өнүктүрүү үчүн, кандай багытта иш алып баруу керектиги тууралуу дагы сунуштарын уктук.        

     

Кыргыз-кытай медиа кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү абалы жана аны өнүктүрүү жолдору

Курманбек Мамбетов, журналист:

“Кыргызстанда аудиториянын басымдуу бөлүгү социалдык тармактарга ооп кетти, кытай тарап өз ишинде ушул жагдайды эске алышы керек” 

     Курманбек Мамбетов-“Объектив” электрондук гезитинин башкы редактору, “Журналисттик изилдөө” агенттигинин негиздөөчүсү жана жетекчиси. 

- Сиздин оюңуз боюнча, Кыргызстан өз көз карандысыздыгын алгандан кийин, кыргыз-кытай медиа тармагынын кызматташтык алакасы канчалык деңгээлде өнүктү? 

- Чындыгында, Кыргызстандын көз карандысыздык алгандан кийинки жылдардагы, эки өлкөнүн медиа тармагындагы кызматташтыкка толугу менен баа бере албайм го. Ал үчүн бул маселеге атайлап,  дайыма көңүл бөлүп туруш керек эле. 

Бирок, менин жеке оюмда, бул кызматташтык акыркы жылдары гана бир аз жанданып келе жаткандай сезилет. Ошондо да, бул алака дээрлик баардык учурда кытай тараптын гана демилгесинин аткарылышы менен чектелүүдө.

- Эки өлкөнүн медиа кызматташтыгынын бекем болуусу, канчалык деңгээлде кыргыз-кытай алакасынын өнүгүүсүнө салым кошо алат? 

- Албетте, чоң салым кошо алат жана кошууга тийиш. Мисалы, экономика, бизнес жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы деңгээлге чыгаруу, кеңири жана объективдүү маалымат алуу, тажрыйба алмашуусуз азыр мүмкүн эмес. Ушул эле талап саясат, коопсуздук маселелерине да тийиштүү, бул тармактарда өз ара түшүнүшүү, кызматташуу болбосо экономиканын өнүгүүсүн ойлобой койсо да болот.

- Учурда, кыргыз-кытай медиа кызматташтыгын өнүктүрүүгө зарылчылык барбы, эгер бар болсо кайсы өңүттө иштөө керек?

- Зарылчылык, албетте, бар. Менин билишимче, азыркы убаккка чейин Кытай ММКлары Кыргызстандын мамлекеттик ММКлары менен гана иштешип келе жатат. Мунун себептерин мен түшүнүп турам, бизде ар түркүн ММКлар, анын ичинде оппозициялык ММКлар да көп, бул тармактагы абалды жакшылап талдап-билиш үчүн, потенциалдык өнөктөштөрдү тандоого убакыт, каражат керек. 

Ал эми, мамлекеттик ММКлар менен иштешүү жеңил. Бирок мамлекеттик ММКлар канчалык денгээлде кытай тараптын максаттарын аткарууга көмөк көрсөтүп жатат, алар кытай тарап даярдап берген материалдарды жарыялоо менен гана чектелип жаткан жокпу, канчалык деңгээлде кызматташтыкты өнүктүрүүдө пайда болуп жаткан маселелерди ачык, принципиалдуу көтөрүп, чагылдырып жатат?-маселе ушунда. 

    Кыргыз – кытай медиа кызматтыштыгын мындан ары өнүктүрүү, ачыгын айтканда, кытай тараптын демилгелерине байланыштуу. Анын себеби абдан эле жөнөкөй: маселе финансы каражаттарынан көз каранды. Кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүнү Кытайга, кытай тематикасына адистешкен журналисттердин топторун түзгөндөн баштоону сунуштаар элем. 

    Ошол эле журналисттер Кыргызстан, Кыргызстандагы болуп жаткан саясий, экономикалык ж.б. окуялар, процесстер туурасында кытай аудиториясы үчүн аналитикалык материалдарды даярдап турмак.Кызматташуунун дагы бир жогорку формасы катары  Кыргызстанда кытай – кыргыз биргелешкен ММК түзүүнү максатка ылайык деп эсептээр элем. Ушул жерден айтып кетчү дагы бир ой: Кыргызстанда аудиториянын басымдуу бөлүгү социалдык тармактарга (интернет айдыңына) ооп кетти, кытай тарап ушул жагдайды өз ишинде эске алышы керек. 

- Менин билишимче, сиз ар дайым Кытайда болуп жаткан жаңылыктарга көз салып турасыз, Кытай ММКларынын кызматына кандай баа берет элеңиз, биздин алардан үйрөнчү тараптарыбыз кандай, ошол эле мезгилде алар Кыргызстандын ММКларынан эмнени үйрөнө алышат?

- Кытайдын ири ММКларын (орусча варианттарын, албетте) мен дайыма карап турам.  Окуя, фактыларды, процесстерди терең талдап, ашыкча саясатташтырбай, объективдүү бергендерин, мына дал ушул ыкма менен өз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп жаткандарын үйрөнсө болот. А бизден эмнени үйрөнсө болот? Муну кытай достор айтканы оң го.

- Учурда, Кыргызстанда кытай тилин билген жергиликтүү журналисттерге муктаждык барбы?

- Албетте, муктаждык бар. Кытай тилин жогорку деңгээлде билүү менен катар, журналистика адистигин дагы терең өздөштүргөн жаштар биздин коомго керек.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)