WeChat      Избранное

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин өнүктүрүү-кыргыз-кытай алакасын чыңдоого өбөлгө болуу

11/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин өнүктүрүү-кыргыз-кытай алакасын чыңдоого өбөлгө болуу

1-октябрь күнү “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” (Шелковый путь. Культурное развитие) гезитинин негиздөөчүсү, мурунку башкы директору Ли Дэхуа мырза Бишкек шаарына жумушчу иш сапары менен келди. Ал Кыргызстандын алдыңкы медиа тармактарынын жетекчилери менен жолугушуп, бир катар билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен дагы пикир алмашты. 

Иш сапардын алкагында 2-октябрь күнү биздин гезиттин редакциясында тегерек стол уюштурулуп, кыргыз-кытай кызматташтык алакасын өнүктүрүү, эки элдин маданиятын, салт-санаасын бир-бирине таанытуу жана редакциянын ишмердүүлүгүн өөрчүтүү багытындагы маселелер талкууланып, ой-пикирлер айтылды. 

Тегерек стол Ли Дэхуа мырзанын, Кыргызстандагы кытай компаниясы “Дидар групп” ЖЧКсынын жетекчилигинин, өнөктөштөрүнүн, тележурналист, манас изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиевдин, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин башкы директору Чэн Юндун жана журналисттердин катышуусунда өткөрүлдү. 

Иш-чаранын башында, катышуучуларга гезитти жакындан таанытуу максатында, редакциянын ишмердүүлүгү, аткарган иштери тууралуу даярдалган атайын кыскача видеотасма көрсөтүлдү. Андан соң, тараптар гезитти Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий байланыш көпүрөсү катары баалап, жылуу пикирлерин билдиришип, аны дагы да жакшыртып, өнүктүрүү үчүн кандай багытта иш алып баруу керектиги тууралуу өз сунуштарын айтып өтүштү. 

Ли Дэхуа, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин экс-башкы директору: 

“Иш-чарага катышкан бардык ЖМК өкүлдөрү Кытайдын медиа тармагы менен жакындан таанышып, кызматташуу алакаларын түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту” 

-Алгач, бүгүнкү иш-чарага келип берген бардык катышуучуларга өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Бардыгыбыз билгендей, 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин “Бир алкак-бир жол” демилгесин көтөрүп чыккан. Бул долбоор эл аралык ынтымакты чыңдап, Жибек жолун бойлой жайгашкан мамлекеттер арасындагы кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө дагы өбөлгө болуп келүүдө. Быйыл бул демилгеге 5 жыл толуп отурат. Ушул жылдар аралыгы, анын алкагында бараандуу иш-чаралар аткарылып, кыргыз-кытай достук алакасы өнүгүүнүн үстүндө. 

Үстүбүздөгү жылдын май айында, Пекин шаарында Шанхай Кызматташтык уюмунун жыйынынын алкагында, эл аралык деңгээлдеги медиа өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул саамалык ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа тармактарынын алдыңкы өкүлдөрүн бир арага чогултту. Медиасаммит эл аралык маалымат алмашуу, жайылтуу иштерин өөрчүтүү максатында өткөрүлдү. Иш-чарага катышкан бардык ЖМК өкүлдөрү Кытайдын медиа тармагы менен жакындан таанышып, кызматташуу алакаларын түзүү мүмкүнчүлүгүнө дагы ээ болушту. 

Бул жааттан алып караганда, биз башкаларга салыштырмалуу, бир нече кадам алдыда иш алып баруудабыз десек болот. Анткени, биздин редакция Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткандыгына мына, 3 жылдын жүзү болуп калды. Ушул жылдар аралыгы окурмандарыбыз көбөйүп, эл арасында өз ордубузду таба алдык десем болот. Албетте, бул жетишкендик, биринчи кезекте Кыргызстандын жана Кытай Эл Республикасынын жетекчиликтеринин көрсөткөн колдоосунун, жардамынын арты менен болду. 

Гезиттен сырткары, сайт жана социалдык баракчаларыбыз дагы ачылып, элге маалымат жеткирүүнүн бардык заманбап талаптарына жооп берүүгө аракет кылып келүүдөбүз. Гезиттин кытайча вариантында Кыргызстан тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып, орус тилдүү гезитке салыштырмалуу көптүк кылгандыгын байкадык. Ушундай жол менен, кытай эли, бул жакта иштеп жаткан кытай жарандары Кыргызстанды жакындан таанып, ал тууралуу толук кандуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. 

Биз дагы да болсо, ушул багытты тереңдетип өнүктүрүп, эки элдин тарыхын, маданиятын, салт-санаасын жана улуттук баалуулуктарын жакындан таанытып, бекемдөөнүн үстүнөн иштей бермекчибиз. 

Темирбек Токтогазиев, тележурналист, манас изилдөөчү: 

“Менин пикиримде, кагаз гезити бүгүнкү күнү деле өз актуалдуулугун жогото элек, ага муктаждык бар” 

-КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан көтөрүлүп, ишке кирген “Бир алкак-бир жол” долбоору-байыркы замандардагы Улуу жибек жолунун боюнда жашаган элдердин биримдигин, ынтымагын, соода-сатыктагы карым-катнашын калыбына келтирүү маселесин, тарыхын тереңдеп үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн дагы ичине камтыйт. Анын эң негизги максаты-коопсуздукту, тынчтыкты сактоо жана чыңдоо. Бул жагынан эки ортодо эң жакшы кадамдар ташталып жатат. 

Эки элдин маданиятын бир-бирине жакындан таанытуу максатында дагы мамлекеттик деңгээлде бир канча иш-чаралар аткарылууда. Биз дагы ушундай жакшы саамалыктарды улай биздин “Манас жаңырыгы” телерадиокомпаниясы дагы КЭРдеги Иле-Казак автоном облусундагы телефильмдерди которуу компаниясы жана Хайнин кинокомпаниясынын ортосунда келишим түздүк. Келишимдин негизинде, кытай фильмдерин Кыргызстанга жеткизүү, ошондой эле кыргыз фильмдерин кытай элине тааныштыруу максаты алдыга коюлган. 

Ушул иш-чаранын натыйжасында, былтыр биз кытай элинин “Бактылуу үй-бүлө”деген киносун кыргыз тилине котордук. Бул тасма 48 сериядан турат. Тасмада Кытай Эл Республикасынын 1950-жылдарынан баштап, бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын бир үй-бүлөнүн окуясы, жашоосу аркылуу берилген. Башкача айтканда, үч муундун ортосундагы мамилени, айрым учурларда улуу-кичүү ортосундагы ич ара түшүнбөөчүлүктү чагылдырган. Эң башкысы бул тасмадан, социалисттик Кытайдын жараны кандай тарбия алып, кандай жашагандыгы тууралуу толук маалымат алууга болот. Абдан так жана таамай тартылган фильм, актерлор дагы жогорку чеберчилик менен ойноп, тасманын көркүн ачышкан. Актерлор дагы мыкты үн коштоп беришти, жөн гана үн коштобостон өздөрү ойноп чыккандай деңгээлде берилүү менен, образга кирип мыкты эмгек жаратышты. Булар, негизинен Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык драм театрынын чыгармачыл чөйрөсү болду. Көптөгөн биздин окурмандар, “кыргыздар тарткан кытай сериалы”-деп калышат. 

Учурда болсо, экинчи тасманы которуунун үстүнөн иштеп жатабыз. Ал отуз сериядан турат, элдик табып тууралуу фильм, сюжети дагы абдан кызыктуу. Буюрса, көрөрмандарыбыздын арасында татыктуу баага арзыйт деп ишенем. Телесериалдын аталышын “Улукман табып” деп койдук. 

Чындыгын айтуу керек, “Манасты” изилдөөдө Кытай бийлигинин дагы салымы зор. Акыркы жылдарда Кытай бийлигинин саясатынын негизинде, кытай архивдерине жол ачылды. Архивге кирип, аны изилдөөгө уруксат берилди. КЭРдин жетекчилиги “Манасты” изилдөөгө терең көңүл буруп, атайын “Манас” изилдөө борборун дагы кургандыгы көпчүлүккө маалым. Бул кадамдар эки элдин ынтымагын гана бекемдебестен, кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө дагы мыкты табылга болууда. 

Ал эми, гезиттин ишмердүүлүгү тууралуу айта турган болсом, эки мамлекеттин достук кызматташытыгын арттырууда жакшы иштерди аткарып келүүдө. Жаңы медиага өтүү, санарип форматына, социалдык баракчаларды өнүктүрүүнүн үстүнөн иш баштайбыз деп жатасыздар. Бул дагы жакшы кадам. Бирок, менин пикиримде кагаз гезити дагы бүгүнкү күнү деле өз актуалдуулугун жогото элек, ага муктаждык бар. Өзгөчө, алыскы айыл жерлерине керек. Анткени, ал жактарда интернет өтө жогорку деңгээлде өнүккөн эмес. 

Гезитти дагы жакшыртуу, өнүктүрүү багытында сунушумду айта турган болсом, окурмандар үчүн кызыктуу болгон материалдарды дагы көбүрөөк чыгаруу керек деп ойлойм. Мисалы, Кытайдын белгилүү адамдары, улуу инсандары көпчүлүктү абдан кызыктырат. Ошол адамдардын басып өткөн жолу, багынткан бийиктиктери, ийгиликке жетүүсү сыяктуу материалдар эл арасында өзгөчө кызыгууну жаратмак. Мен билгенден, Кытайда жөнөкөй эле айылды үлгүлүү, заманбап шаарга айлантып салган ишкер бар. Мына, ушул сыяктуу окуяларды элге жеткирүү жакшы бир кадам болмок деп ойлойм. Ошондо дагы, гезиттин эл арасындагы кадыр-баркы жогорулап, суроо-талап көп болмок. 

Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору, профессор: 

“Мен үчүн Кытай Эл Республикасында болуп жаткан бардык жаңылыктар ар дайым кызыгууну жаратат” 

-Бүгүн кыргыз-кытай кызматташтык алакасын бекемдөө, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин өөрчүтүү темасынын тегерегиндеги маселелерге карата атайын уюштурулган тегерек столдо катышып жаткандыгым үчүн өтө кубанычтамын. 

Чындыгында, гезит чыгаруу абдан көп күчтү жана мээнетти талап кылган иш экендигин жакшы билем. Өзүм дагы ушул жаатта иштеп жүрөм. Ошондуктан, жума сайын толук кандуу, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ичине камтыган, үч тилде: кыргыз, орус жана кытай тилдеринде гезит чыгаруу оңой иш эмес. Мен үчүн биздин кошуна мамлекетте, Кытай Эл Республикасында болуп жаткан бардык жаңылыктар ар дайым кызыгууну жаратат. Сиздердин гезит ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп, кошуна мамлекет тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз берип келүүдө десем жаңылышпайм. 

Учурда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде иштеп жатам. Биз дагы кыргыз-кытай мамилесинин, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун тегерегиндеги маселелерди талкуулаган тегерек столдорду өткөрүп турабыз. Ошондуктан, сиздер менен иштешип, жакындан кызматташууга ар дайым даярбыз. 

Гезит тууралуу айта турган болсом, сиздердин ишмердүүлүгүңүздөрдү жакшы билем. Бул жакка 1-2 жолу интервью дагы бергем. Чындыгында, башка гезиттерден абдан эле айырмаланат. Ушак сүйлөгөн, жеңил-желпи темаларга качырган гезиттердин катмарына кирбейт. Ушунусу менен мени абдан кубандырат. Окурмандар арасында дагы дал ушундай, маданият, салт-санаа, эл аралык карым-катнаштарды сүйүп окуган адамдар көп. 

Ал эми, гезитти өөрчүтүү боюнча, менин оюмча окурмандардын табитине, жаш курагына жараша дагы материалдарды изилдеп, сунуу жакшы иштердин башаты болот го деп ойлойм. Мисалы, улуу муундун өкүлдөрү негизинен ден соолугуна байланыштуу маалыматтарга көп кызыкса керек. Бардыгыбыз билгендей, салттуу кытай медицинасы дүйнөгө белгилүү эмеспи. Мүмкүн узак жашоонун сырларын, ден соолукка кам көрүүнүн ыкмаларын, салттуу кытай медицинасын жакындан тааныткан материалдарды окуу элге кызыктуу болоор. Гезиттин өзүнүн статусу, кадыр-баркы болгондугу үчүн ишенимдүү булактардан маалыматтар болуп, эл арасында жакшы кабыл алынмак. 

Же болбосо, кытай ашканасынын сырлары. Кытай ашканасы өзүнүн ар түрдүүлүгү жана өзгөчө даамдуулугу менен таанымал. Ар бир провинциянын өзүнө гана тиешелүү ашкана сырлары бар. Ушулар тууралуу дагы маалыматтар өзүнүн окурмандарын сөзсүз түрдө тапмак. Ал эми, жаштарга чындыгында эле, ийгиликтүү иш баштоонун алгачкы кадамдары, белгилүү инсандардын басып өткөн жолу, кандайдыр бир мотивация, үлгү боло турган адамдардын жашоосу жөнүндөгү макалалар кызыктырса керек. Кээ бирлерди улуу адамдардын айткан цитаталары кызыктыруусу мүмкүн. Мисалы, мен социалдык тармактарда ар качан Конфуцийдин цитаталарына жазылып, окуп турам. Ошондуктан, интернет айдыңында кызыгууну жараткан темаларды дагы кошумчалап турсаңар, гезит дагы өнүгүп-өсөт деп ишенем. 

Ар бир теманын окурмандары бар. Ошол окурмандын табитине жаккан макалаларды таба алсаңар, анда гезит эч качан өз актуалдуулугун жоготпойт. 

Люй Мань, “Дидар Групп” кытай компаниясынын өкүлү:

 “Бир алкак-бир жол” демилгеси, кыргыз-кытай байланышын дагы да чыңдоого, өнүктүрүүгө өбөлгө болду” 

-Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы 1992-жылдан бери ийгиликтүү кызматташып, дипломаттык мамилелерин бекемдеп келүүдө. Ушул жылдар аралыгы биз эки өлкөнүн ортосундагы достук, кызматташтык алакаларды бекемдеп, өөрчүтүп, аны дагы да жакшыртуунун үстүнөн иштеп келе жатабыз. Бардык маселелер жаатында бир-бирибизди колдоп, ортобузда эч кандай түшүнбөөчүлүктөр жок. 

Ал эми, 2013-жылы КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын көтөрүп чыккан “Бир алкак-бир жол” демилгеси, кыргыз-кытай байланышын дагы да чыңдоого, өнүктүрүүгө өбөлгө болду. Жакында эле, ар тараптуу стратегиялык өнөктөш статусуна ээ болдук. Бул дагы эки мамлекеттин ортосундагы алаканы ар тараптуу өнүктүрүүгө карай ташталган мыкты кадамдардын бири болуп калды. 

Биз Кыргыз жеринде он жылдан ашуун өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп келүүдөбүз. “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити Кыргызстанда басылып чыга баштагандан баштап, мурунку жылдар менен азыркы мезгилдин айырмасы кадимкидей билинүүдө. Анткени, сиздердин гезиттин жардамы менен көптөгөн кыргызстандыктар Кытай тууралуу, анын маданияты, тарыхы, эли жөнүндө жакшы маалымат ала башташты. 

Ал гана эмес, сиздер бизге, кытай ишкерлерине дагы өзүбүздү кыргыз элине таанытууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатасыздар. Ошондуктан, сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм. Эки тараптуу кызматташууларга дагы өбөлгө болуп берип жаткандыгыңыздар үчүн дагы өз ыраазычылыгымды билдирем. 

Биз дагы өзүбүздүн ишмердүүлүгүбуз аркылуу кыргыз балын дүйнөгө таанытып, Кыргызстандын бренди катары белгилүү кылууга даярбыз. Биргеликте кызматташып, достук, ынтымак ичинде алака түзүү жакшы ийгиликтерге алып келет. Андыктан, бир-бирибизди колдоп, эки мамлекеттин байланышын чыңдоого өз салымыбызды кошуп, өнүктүрүүгө жардамчы бололу. 

Люй Тин “Дидар Групп” кытай компаниясынын кызматкери: 

“Кыргыз балы дүйнө жүзүнө өзүнүн сапаттуулугу жана мыктылыгы аркылуу таанылып, кадыр-баркка ээ болууда” 

-Учурда, биздин корпорацияда үч бренд бар. Алардын бир Демид болуп эсептелет. Биздин башкы кеңсебиз Кытайда жайгашкан. Канада жана Америка Кошмо штаттарында дагы өзүбүздүн филиалдарыбыз бар. Бирок алардын ишмердүүлүк масштабы Кытайга салыштырмалуу төмөн. Ал эми, Кыргызстанда 10 жылдан ашуун иштеп келе жатабыз. 

Былтыркы жыл жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын 69 % балы биздин компания аркылуу экспорттолгон. Шанхай шаарында дагы Кыргызстандын балын сатылган жайды ачып, иштетип жатабыз. Муну менен катар, Шаньси провинциясында дагы кыргыз балын бүтүндөй Кытайга тараткан атайын пункт ачканбыз. Бардыгыбыз билгендей, кытай эли дагы балга абдан маани берет. Балдын таңгагы Кытайда дизайнерлер тарабынан атайын даярдалып, бизге жиберилет. Аларды ушул жактан таңгактап, андан соң экспортко чыгарабыз. Бал өзү кандай таттуу болсо, сырткы көрүнүшү дагы ошончолук жагымдуу болуусу абзел. 

Биз Кыргызстандын балын дүйнөгө жайылтуу менен катар эле, кыргыздын укмуштуудай кооз жерин, маданиятын, тарыхын дагы башка мамлекеттерге таратып, тааныштырып келебиз. “Кичинекей бал челеги аркылуу бүтүндөй бир өлкөнү таанытуу” деген, ураан сөзүбүз дагы бар. Кардарлардын ыраазычылыгы биз үчүн абдан маанилүү. Чындыгында, кыргыз балы дүйнө жүзүнө өзүнүн сапаттуулугу жана мыктылыгы аркылуу таанылып, кадыр-баркка ээ болууда. 

Гезиттин башкы максаты, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык алаканы бекемдөө жана аны өнүктүрүүгө жардам берүү 

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити Кыргызстандын маалымат айдыңында 2015-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Биздин гезит ар жума сайын кыргыз, орус жана кытай тилинде чыгып, Кыргызстандын бүтүндөй аймактарына бекер таратылат. Кыргызча жана орусча варианты биригип 16 бетти түзсө, кытайча варианты 8 беттен турган маалыматтарды ичине камтыйт.

Гезит “Бир алкак- бир жол” экономикалык аймагында жайгашкан мамлекеттер менен бирге Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын социалдык-маданий алмашуу багытын жана мамлекеттер аралык кызматташуунун алкагын чагылдыруу максатын көздөйт. Ал жарыкка чыга баштагандан бери, Борбордук Азиядагы беш мамлекет, Кыргызстан жана Кытай элдеринин арасынан өз окурмандарын таап, тынымсыз эмгектин арты менен аларды багынта алды.

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити гуманитардык өнөктөштүк, экономика, каржы, илим жана техника багытында маалыматтарды берүү менен бирге маданият, тарых, туризм, салт-санаа жана эки элдин улуттук баалуулуктарын дагы бир-бирине тааныштырып келет. Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан мамлекеттер тууралуу, аларда болуп жаткан жаңылыктар, жетишкендиктер, өз ара байланыш тарыхын, маданият, фольклор, экономика багытында дагы кызыктуу темаларды окурмандарына сунуштоодо.

Редакциянын башкы максаты, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык алаканы бекемдөө жана аны өнүктүрүүгө жардам берүү болуп саналат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)