WeChat      Избранное

Таалайбек Сарыбашев: “Ош шаарынын өнүгүүсүнө Кытай Эл Республикасы дагы өз салымын кошуп келүүдө”

08/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Таалайбек Сарыбашев: “Ош шаарынын өнүгүүсүнө Кытай Эл Республикасы дагы өз салымын кошуп келүүдө”

Бардыгыбызга белгилүү болгондой 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Мына, ушул жарлыктын негизинде, “аймактарда кандай иштер аткарылып жатат, кандай өнүгүүлөр бар?”-деген суроонун тегерегинде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев менен маек курдук.

Таалайбек Насирбекович, аймактарды өнүктүрүү үчүн сырттан инвестиция тартуу маселеси дагы маанилүү экендигине токтолуп, Ош шаарынын Кытай Эл Республикасынын провинциялары менен болгон кызматташтык алакалары тууралуу дагы кеп салып берди. 

-2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Ушул багытта Ош шаарында кандай иштер аткарылып жатат?

-Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 18-майындагы №118 токтому менен бекитилген “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана “2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Ош шаарынын мэриясынын иш-чаралар планы бекитилип аткарууга алынган.

Негизги багыт жаңы ишканаларды ишке киргизүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, таза суу жана саркынды суу системаларын жакшыртуу, билим берүү тармагын өнүктүрүү, социалдык муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү, адистерди даярдоо жана башка көйгөйлүү маселелерди чечүү болуп саналат. Мына, ушул пландардын негизинде иш алып баруудабыз. 

-Жакында эле Ош шаарында “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык көргөзмө-жарманкеси болуп өттү, жарманкенин Ош шаары үчүн мааниси канчалык деңгээлде, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

-“Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкеси Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулуп, Ош шаарынын мэриясынын салымы менен биргеликте 15-17-августтарында өткөрүлдү. Бул жарманкеде 36 чет өлкөлүк жана 22 Ата Мекендик өндүрүүчүлөр катышкан.

Чындыгында, бул жарманкенин жеке гана Ош шаары үчүн эмес, бардык Кыргызстандын аймактары үчүн мааниси зор деп айтмакчымын. “Түштүк ЭКСПО-2018” эл аралык жарманкеси ишкерлер ортосунда кызматташтык алака түзүүгө, кандайдыр бир эки тараптуу келишимдерге кол коюуга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген мыкты аянтча десек жаңылышпайбыз. Биз дагы өз тарабыбыздан ишкерликти колдоого, жардам көрсөтүүгө болгон аракетибизди кылуудабыз. 

Убакыттын өтүшү менен, Бишкек шаары гана эмес, Ош шаары дагы потенциалдуу инвесторлордун, жакынкы жана алыскы чет өлкөлдөрдөн келген ишкерлердин көңүл борборунун обьектисине айланууда. Алар негизинен, соода-сатык, кайра иштетүү, курулуш жана энергетика тармактарына кызыктар. Мындан сырткары, бул жактан ишканаларды ачууга, өндүрүш иштери менен алектенүүгө бардык шарттар каралган. Биз дагы жаңы кызматташууларга, чет мамлекеттер менен алакаларды бекемдөөгө ар дайым кызыкдарбыз. Ошондуктан, мындай иш-чараларды ар тараптуу колдоого дайым даярбыз. 

Ушундай иш-чаралар жыл сайын Ош шаарында өткөрүлүп, ар тармактуу жарманкелерди дагы ичине камтыйт. Бул жарманкелердин өткөрүлүшү шаардын потенциалын жогорулатууга, ишкерлердин өнүгүп, сыртка чыгуусуна, инвестицияларды тартууга мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.

-Ош шаарынын инвестициондук климаты тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Бүгүнкү күндө эл аралык бей өкмөт уюмдары менен биргеликте таза суу, коомдук транспорт, социалдык обьекттерди куруу жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана башка тармактардагы долбоорлор ишке ашып келүүдө. Акыркы жылдары Ош шаарында турак жай, кызмат көрсөтүү, өнөр жай, туризм чөйрөсүндө инвестициялык салымдар басымдуулук кылат. Жыл башынан бери шаарда бир топ өнөр жай ишканалары, мейманканалар, кызмат көрсөтүү ишканалары ачылып, социалдык, коммуналдык обьекттер курулуп пайдаланууга берилген. Өнөр жай тармагында “Фумал”, Шун Де Ли”, “Фортресс”, “Жин-Мей” жана башка ишканалары иштеп, шаардын өнүгүүсүнө салым кошуп келүүдө. 

Ош шаарынын инвестициондук климатын дагы да болсо жакшыртып, сырттан келген ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө аракет кылуудабыз. Бардыгыбыз билгендей, инвестиция тартып, ички жана сырткы ишкердикти өнүктүрүү заман талабы. 

“Кыргыз Республикасы өлкөгө ири инвестицияларды тартууга, алып келүүгө бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө” 

-Мэрия тарабынан Ош шаарына сырттан инвестицияларды тартуу иштери кандай жүрүп жатат, инвесторлор үчүн кандай жеңилдиктер каралган?

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулуктун негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы түзөт, анын негизинде инвестициялык ишмердүүлүктү жөнгө салуу боюнча түз же кыйыр таасирин тийгизген укуктук ченемдик актылар кабыл алынган. Аларды атай кетсем, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Жер казынасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдары, салык, жер, бажы Кодекстери жана башка укуктук ченемдик актылары.

Кыргыз Республикасы либералдуу принциптерди калыптандыруу менен өлкөдө ишкердикти өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп жатат. Мисалы, чет өлкөлүк жана жергиликтүү компаниялар үчүн ишмердүүлүктүн бирдей шарттары; инвестордун эл аралык арбитражга кайрылуу укугу; Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары инвестицияларды, мүлк жана маалыматты чыгарып кетүүгө же репатриациялоого кепилдиктер; инвестицияларды экспроприациялоодон коргоого жана инвесторлордун чыгымдарын төлөп берүүгө кепилдиктер; акча операцияларынын эркиндиги; “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар тууралуу” мыйзамы менен чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын кеңири коргоо; экономиканын бардык секторлоруна кирүү; менчиктештирүүгө, кыргыз компанияларынын акцияларын жана баалуу кагаздарын сатып алууга катышуу; мамлекет менен “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу” мыйзамдын алкагында кеңири кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик обьектилерди түзүүдө жана пайдаланууда киреше алууга жана фискалдык преференцияларды берүүгө кепилдиктер; инвестициялардын формасын жана обьектилерин тандоодогу эркиндик ж.б.

Мына, жогоруда айтылып кеткен бардык кадамдар аркылуу Кыргыз Республикасы өлкөгө ири инвестицияларды тартууга, алып келүүгө шарттарды түзүп берүүдө. Өлкө дүйнө жүзүнүн 21 өлкөсү менен кош салык салуу коркунучунан коргоо боюнча эл аралык макулдашууга жана дүйнө жүзүнүн  27 өлкөсү менен чет өлкөлүк инвестицияларды коргоо жана колдоо тууралуу макулдашууларга кол койгон.

Мамлекеттик салык преференциялар каралган: айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана айыл чарба чийки заттар жана тейлөө бирикмелери киреше салыгынан бошотулат; өз өндүрүү жана кайра иштетүү азыктарынын айыл чарба азык-чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөрдүн жеткирүү, беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат; айыл чарба өндүрүүчүлөр сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

Андан сырткары, бизнес ачкандан кийин фискалдык текшерүүлөргө үч жылга чейин мораторий киргизилген.

Жогоруда аталган мыйзам актыларын жетекчиликке алуу менен Ош шаарынын мэриясы инвестицияларды тартуу үчүн ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп жана аны ишке ашыруу үчүн өз көмөгүн көрсөтүп келүүдө. Бул багытта ар түрдүү семинарлар, форумдар, тегерек столдор, жарманкелер өткөрүлөт, инвестициялык долбоорлордун каталогдору түзүлүп инвесторлорго сунушталат, боордош шаарлар жана эл аралык уюмдар менен байланыштар жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясы тарабынан өнүгүү программасынын алкагында ар тараптарга ыңгайлуу шарттар түзүлүп келүүдө – бул инфраструктуралык долбоорлорун аткаруу, коммуналдык системасын модернизациялоо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, системалык коррупциянын таасир этүүсүн азайтуу ж.б.

-Жакында эле, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан келген өкүлдөр менен жолугушуу өткөрдүңүз, кандай маселелер талкууланды?

-Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан келген өкүлдөр Ош шаарына сылыктык визити менен келип, шаардык жетекчилиги менен таанышып кетишкен. Бул жолугушууда кызматташуу маселелери каралып, талкууланды. Ош шаарынын мэриясы да ар дайым эл аралык кызматташууга даяр экендигин билдирди. 

-Ош шаарынын борбордук аянтынын оңдоп-түздөө иштери жакында эле бүткөрүлдү, ушул тууралуу дагы айтып берсеңиз?

-Ош шаарынын өнүгүүсүнө Кытай Эл Республикасы өз салымын кошуп келүүдө. Кытай Эл Республикасы бир эле борбордук аянт эмес башка тармактарда дагы жардам көрсөтүп, колдоп келет. Мисал катары, Ак-Тилек кичи районундагы 150 койкалуу жаңы типтеги оорукананын курулушун белгилеп кетсек болот. 

Албетте, ушундай иш-чаралардын аткарылып жаткандыгы үчүн Ош шаарынын жетекчилиги жана шаардын тургундары коңшу өлкөгө өз ыраазычылыктарын билдирип, эки тараптуу кызматташтык алакасын өнүктүрүүгө дагы өз салымдарын кошуп келишет. 

-Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан көтөрүлгөн демилге “Бир алкак-бир жол” долбоорунда Ош шаарынын стратегиялык орду кандай?

-Бул демилгенин негизги максаты эл аралык кызматташуунун жаңы түрүн түзүү жана аны өнүктүрүү, көп тараптуу аймактар аралык байланышты бекемдөө жана өөрчүтүү болгонуна байланыштуу, Ош шаары өзүнүн салымын кошо тургандыгына ишенебиз. Ош шаары республикалык маанидеги шаар болуп эсептелет жана региондогу транспорт системасында ыңгайлуу жайгашкан, ошондуктан келечекте шаарыбыздын деңгээли терең өсөт деген ишеним бар. 

“Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизиндеги кызматташтык алакаларда Ош шаарынын дагы өз орду бар. Учурда, аткарылып жаткан эки тараптуу иш-чаралардын негизги бөлүгү дагы дал ушул демилгенин алкагында ишке ашууда. 

-Учурда, Кытай экономикасынын ушунчалык тездик менен өнүгүүсүнүн негизинде, дүйнөгө кытай туристтеринин агымы башталды. Ош шаарына кытай туристтерин тартуу боюнча кандайдыр бир иш-чаралар пландалуудабы?

-Ош шаары географилык жактан алып караганда ыңгайлуу жерде жайгашкандыгы үчүн туризм чөйрөсү бизде жакшы өнүгүп келүүдө. Шаарда мейманканалар курулуп (алардын ичинен “Пекин”, “Шанхай Сити” аттуу мейманканалары), эс алуу жайлар түзүлүп, белгилүү туристтик маршруттар сурам болууда. “Алтын ажыдаар” аттуу эс алуу борбору да кытайлык жарандар тарабынан жакшы кабыл алынып, келген кардарлар көп. Муну менен катар, шаарда кытай ашканалары дагы көп кездешет. 

2009-жылдын 24-июлунда Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк табигый жана маданий мурастарынын тизмесине кириши, Ош шаарынын туристтик потенциалын көтөрүүгө чоң түрткү болду. Ошондон улам, азыркы күндө Сулайман-Тоо дүйнөлүк маанидеги туристтик обьект катары Эл аралык белгилүү жол көрсөткүчтөргө кирип жатат.

Шаардын бай тарыхы жана тарыхый-маданий эстеликтердин көп болушу, башкача айтканда, шаарыбызда 40тан ашык тарыхый эстеликтер жайгашкан. Мына, ушундан улам, Ош шаарынын туристтик потенциалы абдан жогору.

Дагы бир артыкчылык бул - шаардын Улуу Жибек жолундагы тарыхый орду. Табигый-климаттык абалынын өтө жагымдуулугу, Ак-Буура дарыясынын шаарды аралап агып өтүшү, дарыя бойлорунун эс алууга ыңгайлуулугу туристтердин агымынын өсүшүнө шарт түзөт. Ушул жагдайлардан улам, жылдан-жылга шаарда туристтик инфраструктуранын өнүгүү деңгээли боюнча бир топ жакшы жылыштар бар.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан дайыма Ош шаарынын туристтик потенциалын түзгөн ишканалардын, мекемелердин, мейманканалардын жана кафе-ресторандардын базалык көрсөткүчү жаңыланып турат. Шаардын туристтик потенциалын көтөрүү үчүн туристтик фирмалардын иштөөсүнө толук шарттарды түзүү жана келген туристтерге жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү шаар мэриясынын негизги приоритеттеринин бири катары эсептелинет.

-Ош шаары Кытайдын кайсы шаарлары менен кызматташтык алакасын өнүктүрүп келет, Кытай рыногуна Ош шаарынын кандайдыр бир продукциялары экспортко чыгабы, ушул багытта кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-Бүгүнкү күндө Ош шаары Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу, Сиань, Синин, Урумчи, Фошань шаарлары менен кызматташып келет. 2018-жылдын 7 айынын ичинде шаардын Кытай Эл Республикасы менен тышкы соода жүгүртүүсү 30,6 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинен экспорт 0,8 млн.АКШ долларын түзөт. 

Жакынкы арада Ош шаарында мөмө жемиш сактоочу логистикалык борбордун, эт комбинаттардын ачылыштары пландаштырылган, ошого байланыштуу мөмө жемиштерди, эт азыктарын, балды жана башка айыл чарба продукциясын экспортко жөнөтүүгө шарттар түзүлмөкчү.

Бардыгыбыз билгендей, Кытай Эл Республикасы абдан чоң рынокко ээ. Ал жакта, биздин экологиялык таза жер-жемиш, тамак-аш азыктарыбызга кызыгуу бар. Ошондуктан, алдыда биздин айыл-чарба продукцияларын кытай рыногуна киргизип алсак, анда бул кадам дагы эки өлкөнүн кызматташуу алакасын бекемдеп, бардык тараптарга тең өз пайдасын алып келмекчи. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)